🌺
19-ХАДИС АЛЛАНЫ ЭСТЕСЕҢ АЛЛА СЕНИ ЭСТЕЙТ
Аббас уулу Абу Аббас Абдулланын (ал экөөнө тең Алланын ыраазчылыгы болсун) айтымында: «Бир жолу мен Алланын Элчисинин арка жагында олтурдум эле, бир маалда Ал: «Жаш жигит! Мен сага айрым сөздөрдү үйрөтөйүн: Алланы ар дайым көңүлдөн чыгарба, (ошентсең) Алла сени коргойт. Алланы эсиңен эч чыгарба ошентсең Ал сага аброй, кадыр – барк бергенин көрөсүң. Эгер сен сурасаң Алладан гана сура. Эгер сен жардам издесең Алладан изде жардамды. Билгиниң: Эгер эл чогулуп сенин мартабаңды (даражаңды) көтөргөнү жатышса алар сенин мартаба-даражаңды Алла сенин тагдырыңа жазгандай гана (көтөрө алышат), билгин: Эгер эл чогулуп сага бир залал (зыян) келтиргени жатышса да алар сага тагдырыңа Алла жазган залалды гана келтирет.
Осуят- бекем дайындалган осуят деген мааниде. алышат. Калем (кагаздан) ажыраган жана барактар кургаган »- деди. (Тирмизиден) Ал бул хадис тууралуу: Мыкты, туура хадис- деген. Ал эми Тирмизиникинен башка да бир хадисте мындайча айтылган: «Алла жөнүндө эсте ошондо сен Аны бет алдыңан табасың. Алланы сен жаштык күчүң бар кезинде таанып бил ошондо Ал сени кыйынчылыкта (карылык, оору-сыркоо жана башка дагы ар кандай кыйынчылыктарда) таанып билет (камкордук көрөт, коргойт, сактайт). Билгиниң жеңиш чыдамкайлык (сабыр) менен (болот), рахат кайгыдан кийин, жеңилденүү кыйынчылыктан кийин болот.
📚КЫРК ХАДИС китебинен алынды.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев