Абу Ханифанын (Алла аны рахмат кылсын) осуят китебин окуу зарыл. Аны ал Юнус ибн Халид Самтиге (Алла аны рахмат кылсын) арнап жазган эле. Халид окууну бүтүп журтуна кайткан учурда. Биздин устазыбыз азиз жанын Алла тазалаган Шайхул Ислам Бурханул А-имма Али ибн Аби Бакр (Алла аны рахмат кылсын) мага да ошол китепти жазып алууну, шаарыма кайтып жакткан мезгилде буйрук кылды Мен аны жазып алдым. Мударистерге жана фатва берүүчүлөргө ал китеп өтө зарыл. Абу Ханифанын (Алла аны рахмат кылсын) Юнус Самтиге (Алла аны рахмат кылсын) жазган осуяттарынан үзүндү: 🔹"Падышаны урматта, андан оттон сак болгондой сак бол.
🔹 Сага бир жумуш сунуш кылса, ал жумуш сен ыраазы боло тургандай болсо кабыл кыл.
🔹Жалпы элдин ортосунда сүйлөбө
🔹Суралган нерсеңе жооп бер.
🔹Үн чыгарып күлбө жана жылмайба.
🔹Базарга көп барба.
🔹Адамдардын ката иштерине ээрчибе, алардын тура амалдарына ээрчи. 🔹Жолдун жээгинде олтурба.
🔹Базарларда жана мечиттерде тамак жебе. 🔹Илим албастан үйлөнбө, үйдөнүү илим алууга тоскоолдук кылат. 🔹Жумуштарыңда шашылба.
🔹Адамдар менен чогуу болгон учурда алар сенден үйрөсүн үчүн Алланы көп зикир кыл. 🔹Намаздардын артынан Куран окуп, таасирлүү дубаларды кылууну адат кыл.
🔹Ар айда бир нече күн орозо кармоого өзүндү көндүр, башкалар сенден үлгү алышсын.
🔹Өзүн соода сатык кылба, алды-саттыга кызматчы алып, ага бардык жумушуңда ишен.
🔹Нафси каалоосунан чыга албаган, жаман жолдо жүргөндүн бирөөсү менен да бирге олтурба, эгер олтурсаң даават кылуу максатында олтур. 🔹Алланын китебинен, пайгамбар алайхис саламдын хадисинен айтып эскерт, кабыл кылса жакшы, кабыл кылбаса андай адамдан Алла менен сактангын.
🔹Үмүткөр болбо, жалган айтпа, кийимдердин агын кийин.
🔹Кедей болсоң да бардык мезгилде өзүндү байдай сез.
🔹Адамдык сапатты жогору карма.
🔹Жолдо жүрүп баратып оңго солго кылчактаба. 🔹Алтын күмүштү таразага тартпа, башкаларга ишенгин.
🔹Аалымдардын астында дүнүйөнү кордогун. Албетте Алланын астындагы нерсе жакшы жана түбөлүк.
🔹 Жамаат топтолгон жерде сени имамдыкка өткөрмөйүнчө өзүн өтпө. 🔹Нике, жаназа, жума жана айт намаздарын имам хатибке тапшыр.
🔹Дуба кыл! деп осуят кылууну эстен чыгарба. Кылган насааттарымды кабыл кыл. Бул насааттар сага жана мусулмандарга пайда".
فصل في اختيار العلم واالستاذ والشريك والثبات
Илим алууда устазды, шерикти жана туруктуулукту тандоо
Бардык илимдин жакшысын тандоо жана Илму Халды (учурдагы илимди), андан кийин келечекте керек боло турган илимди үйрөнүү илим алуучунун милдети. Эң биринчи тавхид (Алланы жалгыздоо) жана маьрифат (Алланы таануу) илимин алуу зарыл, Алла Тааланы далилдер менен таануу керек. Ээрчименин ыйманы канчалык дурус болсо да Алланын жалгыздыгына далил келтирбегендиктен күнөөкөр болот. Жаңы илимди эмес эски илимдерди тандоо керек.
قالوا: عليكم بالعتيق واياكم والمحدثات
Айтышты: "Эски илимди өзүнөргө милдет кылгыла жаны пайда болгон илимдерден сактангыла". Чоң аалымдар бул дүйнө менен кош айтышкандан кийин, пайда болгон чыр-чатактан алыс болуу керек. Чындыгында бул нерсе илим алуучуну илимден алыстатат, өмүрүн текке кетирет, душмандыкты жана коркунучту пайда кылат. Мындай чыр-чатак менен алек болуу кыяматтын белгиси, жана илим алуучунун илимден, фыктан алыстаганы. Бул боюнча хадис бар. Устаздын такыбаасын, жашы улуусун, илимдүүсүн тандоо милдет. Абу Ханифа (Алла аны рахмат кылсын) пикир кылып ойлонуп, Хамад ибн Сулайманды (Алла аны рахмат кылсын) тандагандан кийин айткан: "Устазды картайган, токтоо, жумшак жана сабырдуу абалында таптым жана туруктуу болуп сабак алып, илимге жетиштим" деген. Абу Ханифа (Алла аны рахмат кылсын) айткан: "Самарканд акимдеринин бири минтип айтканын уктум: "Илим алуучулардын бирөөсү мени менен кеңешти, анын максаты Бухарага барып илим алуу болгон эле". Ошол сыяктуу ар бир жумушта кеңешүү зарыл, чындыгында Алла Таала өзүнүн элчиси Мухаммад алайхис саламды бардык жумушта кеңешүүгө буюрган. Пайгамбар алайхис саламдан акылдуу эч ким болгон эмес, ошондой болсо да кенешүүгө буйрулган, дин иши болсун үй иши болсун сахабалар менен кеңешип турган. Азрети Али (Алла андан ыраазы болсун) мындай деген: "Кеңешүүдөн адам зыян тапкан эмес" Айтылган кеп бар: "Толук киши, жарым киши жана жок киши". Толук киши дегенибиз акылдуу, бирок башкалар менен кеңешет. Жарым киши акылдуу бирок башкалар менен кеңешпейт. Жок киши акылы да жок башка менен да кеңешпейт. Жафари Саадык андан (Алла Таала андан ыраазы болсун) ал Суфяни Сурийге минтип айткан: "Жумуштарыңда Алладан корккондор менен кеңеш".
Илим алуу жумуштардын ыйыгы жана кыйыны. Кеңешүү бул жумушта зарыл жана милдет. Жогорудагы кеңеш суралган Аким айткан экен: "Бухарага барсаң устаз тандоодо шашылбагын. Жакшы устаз тандаганча ойлонуп эки ай тур. Эгер бир аалымдан сабак баштасаң анын сабагы сага жакпаса аны таштап, экинчи аалымга барсаң илим алууда сен үчүн береке болбой калат. Эки ай ойлон. Устаз тандоодо кеңеш, устазды таштабай турган деңгээлде , туруктуу болуп сабак алсаң илимиңде береке болот илимиң көп пайда берет". Билгин! Сабырдуулук жана туруктуулук бардык жумушта чоң негиз.
رجال ثبات ال ُعال حركات ولكن عزي ٌز في ال ِّ ِ و ْ لكل ا ْمر ٍئ إلى شأ
Бийиктике ар ким кылат аракет
Туруктуулук бийиктике жеткирет
Сабырдуулуктун артыкчылыгы тууралуу мындай сөз бар:
الشجاعة صبر ساعة
"Кайраттуулук күч менен эмес, бир аз убакыт болсо да сабыр кылуу менен". Илим алуучунун милдети устазга да китепке да туруктуу, чыдамдуу болуу. Китепти жалкоолук кылып бүтүрбөстөн таштап, илимдин бир бөлүгүн бүтүрбөстөн экинчи бөлүгүнө өтпөө керек. Зарыл жумуш болбосо бир шаардан экинчи башка шаарга баруунун кереги жок. Жогоруда аталгандардын баары жумуштарды бөлөт, жүрөктү алаксытат, убакытты текке кетирет, мугалимди капа кылат. Илим алуучуга дагы эң зарыл болгон нерсе нафсисинин кызыкчылыгына берилбестен сабырдуу болуу, ошондой эле мээнетке, балээлерге сабырдуу болуу. Мына ушул негизде айтылган мындай сөз бар: "Максаттардын казыналары эмгектердин көптүгүндө". Азрети Алиге (Алла андан ыраазы болсун) төмөндө айтылган ыр бар:
َبيان ِ نبي َك عن َمج ُمو ِعها ب ُ ٍة سأ َم إال بستَّ أال ال تنا ُل العل ِن وإ ْرشاُد أستاٍذ، و ُطو ُل َزما ذكا ٌء، وحر ٌص، واصطبا ٌر، وُبل َغةٌ
Илим үчүн алты нерсе керек эң.
Бири кемсиз баян кылып берем мен
Акылдуулук жана илимге кызыгуу Сабырдуулук, жетиштүү мал дүнүйөн Жана талап убакыттын узуну
Түз багыт жол, устаз өзү кийирген.
Илим алуучу өзүнө шерик тандоодо тырышчаак, такыбаа жана табияты түз шерик тандашы керек.
Жалкоо, бекерчи жана көп сүйлөгөн, бузук, фитначы (азгыруучу) шакирттерден алыс болсун. Ырчы айтат:
ِ ن َيقَتدي ٍن بال َمَقار عن المر ِء ال تسأ ْل وأب ِصر قريَن ُه فك ُّل قري ر َفجاِنْب ُه ُسر َعة ُه َتهَتدي ً فإ ْن كان ذا َش ِّ ٍر فقارنْ وإن كان ذا َخي بفساد آ َخ َر يف ُسُد ِ ٍ ال َتصحب الكسال َن في حاالته كم صالح يعة ِ كالجمر يو َض ُع في ال َّرماد فيخمُد َعدَوى البليد إلى ال َجليِد سر
Кандайлыгын сен кишиден сураба Кара! Жүрөт кандай менен ким менен
Жаман болсо алыста тез арада
Жакшы болсо, жол табасың түз кенен Жолдош болбо жалкоого бул сага шарт
Бузулду жаман менен жүргөн канча
Жамандын жамандыгы жугуштуу дарт
Чок деле өчөт күлгө түшүп калса
قال صلى هللا عليه وسلم:
" كل مولود يولد على فطرة االسالم إال ا َّن ابويه جسانه" ِّ صرانه او يم يهَّودانه او ين
ِّПайгамбар алайхис салам айтты: "Туулгандардын баары мусулман болуп туулат, бирок ата-энесинин еврейче тарбиясы эврей, християнча тарбиясы християн, бутпарасча тарбиясы бутпарас кылат".
َبْد ِ ْز مار ق ذات ياك هللا الصمد ْد َبْدَترُبَود ا ِّ يا ْرَب ب َح يا ربد آ َرد ت ى جحيم ُر ِ ا ُسو يارنيكو گير تايابى نعيم
Жаман жолдош заар жылаандан жаман эң Муктажы жок Алла атынан ант берем
Жаман жолдош тартса тозок кейишке
Жакшы жолдош багыт берет бейишке
فصل في تعظيم العلم واهله
Илимди жана илим ээлерин урматтоо.
Билгин! Илим алуучу илимге жетип пайдалана албайт бирок, ошол пайдалуу илимге илимдүүлөрдү, устазды урматтоо менен гана жетет. "Илимге жеткендер урмат кылуу менен жетишти. Ал эми жетпегендер урмат кылбагандан жетпей калышты" деп айтылган. Урматы важип болгондорду (м: Ата-энелерди, устазды) урматтоо ибадаттан (намаз, орозодон). жакшыраак (сообу көбүрөөк).
ُر بال َمع ِصي ِة وانما يكفر باستخفافها وبترك أال ترى أن االنسان ال َي ال ُحر َمِة ْكفُ
Көңүл бөлүп байка, инсан жалкоолонуп, күнөө кылса каапыр болбойт. Алланын буйруктарын же тыйган нерселерин жеңил саноо менен жана урматы важип болгондорду (устаз, ата- энелерди) урмат кылбоо менен каапыр болот. Алланын буйругун жеңил саноо дегенге мисал: "Атасы менен бир тууган агасынын кызын никеге алууга Алла буйруса да, болбойт!" деп айтуу менен каапыр болот. Устазды урматтоо да илимдин урматынан. Али (Алла андан ыраазы болсун) минтип айткан: "Ким мага бир тамга үйрөтсө мен анын кулумун, кааласа мени сатсын, кааласа эркиндикке чыгарсын, кааласа кул кылып иштетсин". Устазды урматоонун негизинде Азрети Алиге (Алла андан ыраазы болсун) төмөндө ырдалган:
م وأو َجَبه حفظا على كل ُمسلم ِّ ُّق ال ُمعل ق ح ِّ رأيت أح َّق الح لِت ْعلي ْم حر ٍف واحٍد أل ُف ِدرهم لقْد ح َّق أن ُيهَدى إليه كرامةً
Урматтоодо урматка устаз татыйт
Ар момунга урмат кылуу аны важып
Урматынан белек берүү чоң жумуш
Бир тамганы үйрөнгөнгө миң күмүш.
Ким сизге дин ишинде муктаж болгон бир тамганы үйрөсө, ал сиздин диндеги атаңыз.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев