Адеп-ахлак бардык адамдардын ортосунда сүйүүнү көбөйтөт.
Аллах Таала айтты: «Жакшылык менен жамандык тең эмес. Жамандыкты жакшылык аркылуу жойгун. Ошонтсең сени менен анын ортосунда душмандык болгон адам да өтө жакын достой болуп кетет». (Фуссилат: 34).
Сахл ибну Саьд Ас-садий риваят кылган хадисте, Аллахтын элчиси (ﷺ) айтты:
– “...Адамдагы нерселерге көз артпасаң, адамдар сени жакшы көрөт”. (Тирмизий).
Жакшы кулк– мүнөз, жеңил ырыскынын жолу.
Аллах Таала айтты: « Биз үчүн умтулуп аракеттенгендерди, Биз туура жолдо алып барабыз. Акыйкатта, Аллах жакшылык кылуучулар менен бирге». (Анкабут: 69).
Абу Саьид Альхудрийдин риваят кылган хадисте, Ансарлардын кээ бирлери Аллахтын элчисинен (ﷺ) бир нерсе сурашканда ал аларга берди, кийин дагы сурашты эле дагы
берди, ушинтип Пайгамбар (ﷺ) колундагысы түгөнүп
калганга чейин бере берди. Андан кийин Пайгамбар ﷺ айтты:
– “Мен колумда бар нерсени силерден эч качан аябаймын. Ким өзүн сактаса (тыйса) Аллах аны сактайт, эч кимден сурабаса Аллах аны байытат, ким сабыр кылса Аллах аны жубатат. Сабырдан баалуу жана жакшы нерсе эч кимге
берилген эмес”.
Жакшы кулк-мүнөз ээси бардык адамдарга үлгү болот.
Мусулман мусулман эмесине, үй-бүлөсүнө, жалпы элге, кедей-байга, чоң кичинеге жана ден соолугу чың жана ооруларга үлгү болот. Анткени, ал ушуну менен жаратуучуга ибадат кылат.
Жакшы кулк мүнөз, жашоодо кайгы
капасыз ырахат алуучу жол.
Жакшы кулк– мүнөздүн ээси адамдар менен достошот жана адамдар да аны менен достошушат.Кыйынчылыктарга моюн сунбайт, кубанычка бөлөнгөндө Аллахка мактоо айтууга, жамандыкка туш болгондо Аллахка сабыр кылууга өзүн даярдап, Анын ыраазылыгына жетүүгө шашат. Кураан-
ды жана сүйүктүү Пайгамбардын (ﷺ) куттуу сүннөтүн бекем кармап, аны өз жашоосунда негизги көрсөтмө курал
кылат. Анткени, Аллах Таала айткан: «Эркекпи же аялбы ыйман келтирип, жакшы иштерди жасаса, ага мыкты жашоо беребиз. Ошентип, аларга кылган иштеринен жакшыраак сыйлык беребиз». (Нахл: 97).
Акылмандар айтышат:
Ибну Мубарактан жакшы адеп-ахлак деген кандай деп сурашканда:
– “Жакшы адеп-ахлак бул жылмаюу, жакшылык кылуу,жамандыкты кетирүү” – деп жооп бериптир.
Имам Ахмад:
– “Эң жакшы кулк-мүнөз бул ачууланбоо, бирөөнү жек көрбөө” – деген. Дагы бир сөзүндө мындай дейт:
– “Жакшы кулк-мүнөз, адамдар көрсөткөн зыянга чыдоо”.
Умар ибну Хаттоб (р.а.) :
– “Адамдын асылдыгы анын акылында, өзүнү эсеп-кысап кылуусунда, дининде, марттыгында жана адеп-ахлагында” – деген экен.
Аиша (р.а.) энебиз айтты:
– “Жакшы кулк мүнөз дүйнөдө да, акыретте да жакшылыкты гана алып келет”.
Бирөө айтат:
– “Диндин бардыгы кулк мүнөз. Ким сенден кулк мүнөзү жагынан озуп кетсе, демек ал дин жагынан да озуп кетиптир.
– “Жакшы адеп-ахлактар менен кулк-мүнөздү өзгөртүү,дүйнөдөгү бакытка жана акыреттеги Аллах Тааланын ыраа-
зылыгына жетүү болуп эсептелет”.
– “Дүйнөдө жана акыретте адамдардын эң илимдүүсү,Мээримдүү Аллах үчүн ак ниеттүү болгондор, пайгамбар-
дын (ﷺ) сүннөтүн ээрчигендер жана жакшы адеп-ахлака ээ болгондор”.
Адеп-ахлак эч нерсеге муктаж болбой бай болуп жашоо эмес. Тескерисинче, ал Ислам ыраазы болгон жашоонун негизги эрежеси. Ислам буйруган ибаадаттар бийик адеп-ахлак жана туура жолду көрсөтүү үчүн жардам берсе гана толук болот жана милдети аткарылат.
Кулк-мүнөз.Жакшыкулк
-мүнөздүн пайдалары
→
Адамдарды Аллахтын динине багыттайт.
→ Рухту ырахат алдырат.
→ Амалдарды эң мыкты деңгээлде аткарууга жеткирет.
→ Кыямат күнү пайгамбарыбызга (ﷺ) жакын кылат.
→ Аллахка моюн сунууда бекем болууга шарт түзөт.
→ Орозо тутуучу жана намаз окуучунун даражасына
жеткирет.
→ Өмүрү берекелүү болот.
→ Денеси тозок отуна арам болот.
→ Бейиштин эң бийик даражасына жетүүгө себеп
болот.
Адамдарды Аллахтын динине багыттайт:
Соодагер жана саякатчы мусулмандардын жакшы
кулк-мүнөзүнүн таасири менен Ислам дини дүйнөнүн 4/1бөлүгүнө таралды. Ар бир мусулман Улуу Аллахтын динине
чакыруучу. Ошондуктан, өзүбүз динге чакырып жаткан мусулман жана мусулман эместерге эң жакшы үлгү болуу баа-
рыбыздын милдетибиз.
Рух ырахаттанып, бактылуу болот.
Жакшы кулк мүнөздүү адамда жек көрүү жана
көралбастык болбойт. Адамдардын ортосундагы байланыш бекем болот жана жакшылыка жеткирет. Амр ибну Абдулла риваят кылган хадисте:
– “Пайгамбарыбыз (ﷺ) орой жана адепсиз болгон эмес” – деп айтылган. Ал эми Пайгамбарыбыз:
– “Силердин эң жакшыңар, кулк мүнөзүңөр жакшыңар”
– деп айтчу.Ошондой эле жакшы кулк-мүнөздүү адам, дүйнөдө жетпей калган нерсесине кайгырбайт жана бейпилдикте жашайт. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
– “Эгерде дүйнөдөгү төрт сыпат сенде болсо, башка жетпей калган нерселерге кайгырба! Алар: сөзүндө чынчыл болуу, аманатка бек болуу, жакшы кулк– мүнөздүү болуу жана
адал тамактануу”.Амалдарды мыкты деңгээлде
аткарууга себеп болот:
Жакшы кулк мүнөздүн ээси, Аллах Таала ар бир ишти чеберчилик менен жасагандарды жакшы көрөөрүн билет. Аиша (р.а.) энебиз риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбызﷺ айткан:
– “Чындыгында Аллах Таала ар бир ишти чеберчилик менен жасагандарды жакшы көрөт.” Ар бир ишти чеберчилик менен аткаруунун натыйжасында, коом өнүгөт жана экономикалык өсүү болот. Тагыраак айтканда мусулмандардын ырыскысы кенен болот.
Өмүрү узун болот:
Аиша (р.а.) энебиз риваят кылган хадисте,Пайгамбарыбыз (ﷺ) айтты:
– “Бир туугандар менен байланышуу, жакшы кулк-
мүнөздүү болуу жана кошуна менен жакшы мамиледе болуу
өмүрдү узартып, иштерге ийгилик берет”. (Имам Ахмад).
Пайгамбарга (ﷺ) кошуна болот.
Жаабир (р.а.) риваят кылган хадисте, Пайгамбар ﷺ айтты:
– «Кыямат күнү мага жакыныраагыңар кулк-мүнөзү жакшыраагыңар. Ал эми, мага жек көрүнгөндөр жана менден алыс болуучулар, пайдасыз сөздөрдү көп сүйлөгөндөр».
Сахабалар сурашты:
– “Оо Аллахтын элчиси (ﷺ) ! Пайдасыз, маанисиз сүйлөгөндөр кимдер”? Пайгамбар ﷺ айтты:
– «Текеберлер». (Тирмизи).
Канткенде кулк мүнөздү жакшыртабыз?
Аллах Таала айтат: «Кимде-ким аны (нафсисин) тазаласа ал ийгиликке жетишет. Ал эми, кимде-ким аны булгаса зыян тартат». (Шамс: 9-10).
Кулк мүнөздү оңдоочу жолдор көп. Алардын кээ бирлери төмөндөгүлөр:
• Өзүбүздүн жаман мүнөздөрүбүздү билип, аны жоёбуз.
• Жакшы кулк-мүнөзгө ээ болууга аракет кылабыз.
• Пайгамбардын (ﷺ) өмүр баянын окуп, жолун жолдойбуз.
• Сахабалардын өмүр баянын билип, алардын жакшы сыпаттарынан үлгү алабыз.
• Жаман кулк-мүнөздүн дүйнөдө жана акыретте коркунучтуу зыян экенин эсибизден чыгарбайбыз.
• Жакшы адеп-ахлактын дүйнөдө жана акыретте пайда берээрин жана артыкчылыгын сезип жүрөбүз.
• Жакшылар жана үлгүлүү адеп-ахлактуулар менен достошобуз. Пайгамбар (ﷺ) айткан:
– «Ар бириңер достошкон адамыңардын динине карагыла». (Абу Дауд). Ошондой эле:
– «Момундар менен дос болгун, тамагыңды такыбалар гана жесин» – деп айткан. (Абу Дауд).
• Жаман мүнөздү жакшы мүнөзгө алмаштыруу үчүн
тооба кылабыз. Чынчыл момундардын насыятын кабыл кы-
лабыз. Умар Ал-Фарук айткан: «Менин кемчиликтеримди
айткан адамды Аллах ырайым кылсын».
• Кичи пейил, кедей кембагалдарга кам көрүүчү жана динчил адамдар менен бирге болобуз.
Эмне үчүн кулк мүнөздү оңдоого чакырабыз?
Абу Хурайра (р.а.) риваят кылган хадисте, Пайгамбар (ﷺ) айтты:
– «Ар бир дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү амалдар Аллахтын алдына көтөрүлөт. Аллах Таала Өзүнө шерик кошпогон баардык адамдардын күнөөлөрүн кечирет. Бирок, бири-бирине таарынышкан эки адамдын күнөөсүн кечирбейт. Аллах Таала: “
Ал экөөнү жарашканга чейин таштап койгула” – деп айтат.
Көрдүңбү, сүйүктүү мусулман бир тууганым! Көптөгөн жакшы иштерди жаман кулк-мүнөз жана жаман мамиле менен бузуп алуу коркунучтуу. Күндүзү орозо кармап, түндөсү намаз окуп бирок, тили менен кошуналарына зыян жет-
кирген аялдын окуясын эсте. Анын туткан орозосу жана окуган намазы аны куткара алган жок. Ал аялдын тозокко кирүүсү жөнүндө Пайгамбар ﷺ кабар берди. Бул
окуя жогоруда айтылган сөздү бекемдейт. Биз кайсы бир инсанга жүрүм-турумубуз менен туура эмес мамиле жасап
коюп, аны унутуп коёбуз. Бирок, бул Аллахтын алдында унутулбайт. Көңүлүн оорутуп койгон адамдарыбыздан кечи-
рим сурап, өлүм келгенге чейин аларды ыраазы кылуу биз үчүн зарыл. Анткени, жасаган амалдарыбыздын акыбетин өлгөндөн кийин көрөбүз.
Амалдардын кабыл болуу ачкычы
Аллах Таалага болгон ыкластуулукта жана Пайгамбардын (ﷺ) сүннөтүн ээрчүүдө. Ошондуктан, жакшы кулк-мүнөз менен мүнөзүбүздү өзгөртөбүз. Амалдарыбыз кабыл болуп Аллахтын ыраазылыгына жетүүбүз үчүн, мамилебизге жана
жүрүм-турумубузга кылдаттык менен көңүл бурабыз. Коом менен жакшы мамиледе болуу бир туугандыкты арттырат.Адамзат Бейиштин эң жогорку даражасында жыргап жашоого татыктуу болот. Аллах Таала Кураанда айтат: «Эркекпи же аялбы ыйман келтирип, жакшы иштерди жасаса, ага
мыкты жашоо беребиз. Ошентип, аларга кылган иштеринен жакшыраак сыйлык беребиз». (Нахл: 97).
Бүгүнкү күндөгү адамдардын абалына көз жүгүрткөн адам, адеп-ахлакты оңдоого, Пайгамбардын (ﷺ) жана сахабалардын адеп-ахлагына чакыруучу мезгилдин келгендигин
көрө алат.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев