Акыйда (ишеним) жана намаз илимдери булар тамак-аш сыяктуу эле бардык учурда зарыл. Ал эми жаназа намазы, оорулуудан кабар алуу илимдери дары сыяктууш кээ бир учурларда (ооруганда) гана зарыл. Жылдыздар илимин алуу оору сыяктуу аны алуу арам. Анткени ал зыяндан башка пайда бербейт. Алла Тааланын буйругунан жана тагдырынан качуу мүмкүн эмес. Ар бир мусулман бардык учурда Алла Тааланы зикир кылуу менен алек болуу, дуба кылуу, Алла Таалага жалынуу, Куран окуу жана балээлерди токтотуучу садагаларды берүү жана башка ушул сыяктуу нерселер менен алек болуусу керек. Ошондой эле Алла Тааладан бул дүйнөдө жана акыретте апаат-балээлерден оолак кылуусун жана күнөөлөрдүн кечирилүүсүн сурап туруу менен ар бир мусулман алек болуусу керек. Дуба менен алек болсо албетте кабыл болуудан куру калбайт. Эгер балээ тагдырда жазылган болсо ал болбой койбойт, бирок Алла Таала дубасынын берекесинен ага ал балээни жеңил кылат жана ал балээге чыдамдуу кылат. Жылдыз илиминен кыбыланы аныктоо жана намаз убактыларын билгидей деңгээлде үйрөнсө болот. Дарыгерлик илими бул жакшы. Бул илим ооруган адамга себептерден бир себеп болот. Пайгамбар алайхис салам да дарыланган. Имам Шафийнин (Алла аны рахмат кылсын) төмөндө мындай деп айткан сөзүн аалымдар айтышат. "Илим экиге бөлүнөт: Фыкх (укук таануу) илими жана тыбб (медицина илими)
Фикх (укук тануу илими) бул илим диндер үчүн.
Ал эми тыбб (медицина) илими денелер үчүн болгон илим. Бул экөөнөн башка илимдер жыйындарды гана жыйынтыктайт".
Илимдин тафсири (аныктамасы) - ал деген бир сыпат, аны менен заттагы нерсе ачылат. Фыкх илимдин зарылдарын билүү, өзүн жөндөө менен биргеликте. Абу Ханифа (Алла аны рахмат кылсын) айткан: "Фыкх илими киши өзү үчүн пайда жана зыян бере турган нерселерди билүү". Жана айтты: "Илимге амал кылуу менен гана максатка жетет". Амал деген бул накты (дүнүйөнү) коюп, насыяга (акыретке) иштөө. Инсандин акылы менен илими анын зыянына далил болуп, азабы артпас үчүн дүйнө жана акыретте ёзщнё пайдалуу жана зыяндуу нерселерден кабарсыз болбостон, пайдалуусун өзүнө тартып, зыян боло турганынан алыс болуусу зарыл. Анын зыянынан жана азабынан Алла менен сактанабыз. Илимдин пазилети, улуулугу боюнча бир нече аяттар жана кабарлар бар, анын баарын китеп узарып кетпестиги үчүн жазбадык, кээ бирине көнүл бөлсөк:
قال هللا تعالى: ﴿قل هل يستوي الذين يعلمون والذين ال يعلمون﴾
Алла Таала айтты: " Айт (О, Мухаммад) билгендер менен билбегендер барабарбы". قال هللا تعالى: ﴿يرفع هللا الذين آمنوا منكم والذين اوتوا العلم درجات﴾ Алла Таала айтты: "Алла силерден ыйман келтирген жана илим тартуу этилген заттарды даража-мартабаларга көтөрөт". (Мужадала сүрөөсү, 11-аят) قال هللا تعالى: ﴿يؤتى الحكمة من يشاء ومن يؤت الحكمة فقد اوتي خيرا كثيرا﴾ Алла Таала айтты: "Ал өзү каалаган адамдарга хикмат даанышмандык тартуулайт, кимге хикмат-пайдалуу илим бериле турган болсо, демек ага көп жакшылык берилиптир". (Бакара сүрөөсү, 269-аят) وجاء في البخاري ان النبي صلى هللا عليه وسلم قال: "من يرد هللا به خيرا يفقه في الدين - خير الدنيا واآلخرة مع العلم، شر الدنيا واالخرة مع الجهل". Расулуллох Соллоллоху алайхи васаллам айтты: "Кимге Алла Таала жакшылыкты кааласа, динде илимге ээ кылат, дүйнө жана акыреттин жакшылыгы (артыкчылыгы) илим менен, дүйнө жана акыреттин жамандыгы илимсиздик менен". (Бухарийнин риваяты) من كانت ِه ّمته طلب العلم يصافحه جبرائيل عليه السالم يوم وقال عليه السالم: " القيامة وان جبرائيل وميكائيل واسرافيل يستغفرون لطالب العلم". Пайгамбар алейхис салам айтты: "Кимдин максаты илим алуу болсо, кыямат күнү Жабраил алайхис салам кол алышып көрүшөт жана Жабраил, Микаил, Исрафил (периштелер) илим алуучуга истигфар (Алла Тааладан кечирим тилешет) айтышат". قال عليه السالم: " لو مر عالم من قرية من قرى المسلمين او بلد من بالد المسلمين او متعلم ولم يمكث ساعة ولم ياكل طعاما ولم يشرب شرابا دخل من جانب وخرج من جانب آخر رفع هللا تعالى عذاب قبورهم اربعين يوما". 7 Пайгамбар алайхис салам айтты: "Аалым киши же илим алуучу мусулмандардын айылдарынын биринен же шаарынан өтүп калса, бир аз убакыт турбаса да, ичип жебесе да, ал жердин бир тарабынан кирип, экинчи тарабынан чыгып кеткен болсо, Алла Таала алардын мүрзөлөрүнөн кырк күнгө чейин азапты токтотот". وقال عليه السالم: "اذا جلس المتعلم بين يدي العالم فتح هللا عليه سبعين بابا من الرحمة وال يقوم من عنده اال كيوم ولدته امه واعطاه هللا بكل حرف ثواب ستين شهيدا وكتب هللا تعالى له بكل حديث عبادة سنة وبنى هللا له بكل حرف مدينة مثل الدنيا عشر مرات". Пайгамбар алайхис салам айтты: "Илим алуучу аалымдын алдында олтурса, Алла Таала ага жетимиш рахмат эшигин ачат. Ал орундан турганда энеден жаңы төрөлгөндөй күнөөдөн арылат, ар бир үйрөнгөн тамгасы үчүн алтымыш шейиттин сообуна ээ болот, Алла Таала ар бир сөзүнө бир жылдык ибадаттын сообун жазат жана үйрөнгөн ар бир тамгасына Алла Таала (бейиште) бул дүйнөдөн он эсе чоң болгон шаарды курат". وقال عليه السالم: "سألت جبرائيل عن العلماء وشهداء فقال: العالم الواحد اكرم عند هللا من االلف شهيدا" اللهم اجعلنا من هذه العلماء وادخلنا في زمرة الفضالء". Пайгамбар алайхис салам айтты: "Жабраил периштеден аалымдар жана шейиттер жөнүндө сурадым". Ал айтты: "Жалгыз аалымдын урматы Алланын алдында миңдеген шейиттерден артык". Оо, Алла! бизди аалымдардан кыл, шейиттердин тобуна кошкун.
فصل في النية حال التعليم
❤Илим алган абалдагы ниет.
Илим алган мезгилде ниет кылуу зарыл, себеби ниет бардык абалга негиз. قال عليه السالم: "انما االعمال بالنيات......." Пайгамбар алайхис салам айтты: "Чындыкта амалдар ниеттерге жараша........" وعن رسول هللا صلى هللا عليه وسلم: "كم من عمل يتصور بصورة اعمال الدنيا ويصير بحسن النية من اعمال اآلخرة، وكم من عمل يتصور بصورة اعمال آخرة، ثم يصير من اعمال الدنيا بسو ِء النية". Расулуллох соллоллоху алайхи васалламдан минтип айтылды: "Бир канча дүйнөлүк жумуштар жакшы ниет менен акырет жумушуна айланат. (Мисалы: Тамактануу, уктоо жана башка ушул сыяктуулар). Бир канча амалдар жаман ниет кылуу менен дүйнөлүк амалга айланат". (Мисалы: Эл көрсүн, уксун, мактасын деген ниеттеги жасалган амал). Илим алган учурда тек гана Алла Тааланын ыраазылыгын, акырет журтун, өзүнүн сабатсыздыгын жоюуну, башкалардын жана сабатсыздыгынын жоюулушуна себеп болууну, динди жандандырууну жана Исламдын өнүгүүсүн ниет кылуу зарыл. Албетте Ислам илим менен өнүгөт. Такыбаалык жана дүйнөгө кызыкпоо бул сабатсыздык менен өнүкпөйт. Сабатсыздык боюнча устазым "Хидая" китебинин жазуучусу Бурхануддин жазган ырларынын кээ бирин төмөндө мага окуп берди: س ٌك فساد كبير عالم متهِت ٌك وأكبر منه جاه ٌل ُمَتَن ِّ لمن بهما في دين ِه يتم َّسك في العالمين عظيمةٌ هما فتنةٌ
Чоң бузуктук! аалым илим жыйнады
Илимине бирок амал кылбады
Андан өткөн бузукулук делинет
Илимсиздин ибадатта турганы
Күтүп алат эки дүйнө бүлгүнү
Ал экөөнү ээрчип амал кылганды
Илим алууда Алла Тааланын берген акылына, ден-соолугуна шүгүр кылууну ниет кылып, адамдарды өзүнө тартып, дүнүйө жыйноону падышанын алдында жана башка орундарда кадыр- барктуу болууну ниет кылбайт.
Мухаммад ибн Хасан (Алла аны рахмат кылсын) минтип айткан экен: "Эгер адамдардын баарысы менин кулдарым болгондо анда мен аларды эркиндикке чыгарып, аларга башчы болуудан кечмекмин". Минтип айтканы, кимде-ким илим менен жана ага амал кылуунун таттуулугун татса, адамдардын колундагы мал дүйнөгө азыраак кызыкмак. Шейх Имам Ажал Устаз Кауваамиддин Хамад ибн Ибрахим ибн Исмаил Сафари Ансари (Алла аны рахмат кылсын) Абу Ханифага (Алла аны рахмат кылсын) жазган катында минтип ыр кылып окуп берди:
َب العلم للمعاِد من َط فاز بفض ٍل من ال َّرشاد لَ ِل فض ٍل من العباد يه لَِني ِ فيال ُخسران طالِب
Илим алса болуп ою акырет
Алла аны максатына жеткирет
Чоң зыянда илим алган ал эми
Адамдардан артыгыраак болом деп
Илим алууда жакшылыкка үгүттөп, жамандыктан тыйып жана чындыкты өткөрүп динди ызаттоо үчүн кадыр-баркты ниет кылса болот. Ал эми өз кызыкчылыгы үчүн кадыр-баркты талап кылбайт. Илим алуучу илим жөнүндө терең ойлонсун, себеби илимди өтө кыйынчылык менен алып, баасыз жана тез арада жок болуучу дуйнөгө жумшабасын.
هي الدنيا أق ُّل من القليل وعا ِشقُها أذ ُّل من الذليل ي ُرون بال دليل ِّ ِ ها قوماً وتُعمى ف ُهم ُمتح ِس ْحر ِ م ب ُّ ِص تُ
Бул дүнүйө аздын азы делинген,
Кордун-кору болот ага берилген.
Дүлөй, сокур кылса анын сыйкыры
Ал таң калат: "Кантип мындай болдум мен"..
Аалымдар үмүт кылбай турган жерден үмүт кылып, өздөрүн кордобоосу керек. Илим жана илим ээлери кор боло турган жерден сактануусу өтө зарыл. Илим алуучу кичи-пейил, жөнөкөй болуусу керек. Жөнөкөйлүк деген текбердик менен кор болуунун ортосу.
Арамдан таза болсун.
Таза адам жөнөкөйлүгүнөн адал кесип кылуудан арданбай, өзүн кордоп, арам кесип кылууга барбайт. Булардын баары "Ахлак" китебинде жазылган. Шайх Имам Ажал Устаз Рукнул Ислам (Алла аны рахмат кылсын) ал киши адеп менен таанылган. Мухтар өзүнө арнап жазган ырын мага окуп берди.
ي إلى المعالي َيرَتقي ق ُّ قي وبه التَّ إ َّن التَّوا ُض َع من ِخصال المتَّ ومن ال َعجاِئب ُعج ُب َمن ُهو جاه ٌل في حال ِه أ ُهَو السعيد أم ال َّشقي أم كيف ُيخَت ٌل أو مرتقي ُم ُعمرهُ أو ُروحه يو َم ِّ َتوى متسف ّ ال به بنا صفةٌ ِّ والكبريا ُء لر َمخصوصة قي ٌ بنْها واتَّ فتجنَّ
Кичи пейил, такыбаалык касиет
Бийик бийик мартабага жеткизет
Таң калтырат илимсиздин абалы Бактылуубу бактысызбы ким билет?!
Кандай өлөт, ошол кезде а, жаны
Төмөндөйбү же кетеби бийиктеп
Текеберлик Раббибизге бир гана,
Таандык, андан сактануубуз эң керек.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев