Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын.
Жакшылыктарды тартуулоочу, жандарды тазалоочу,адеп ахлактарды оңдоочу Аллах Таалага мактоолор болсун!
Баардык айып кемчиликтерден таза, кайыптарды билүүчү
Аллах Таала: “Сен-улуу кулк-мүнөз ээсисиң” – деп мактаган, толук адеп-ахлактын ээси Пайгамбарыбыз Мухаммадга (ﷺ) жана анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына салават-са-ламдар болсун.
Баарыбызга белгилүү болгондой, Пайгамбарыбыз (ﷺ) биздин адеп– ахлагыбыз үчүн күзгү. Арабызда жак-
шы адеп-ахлактуу, өзүн жана башкаларды бактылуу кылуучулар, ошол эле учурда жаман адеп– ахлагы менен айла-насындагы адамдарга жаман таасир калтыргандар да жок
эмес. Биздин динибиз мамилелерди оңдоочу дин. Жакшы жана жаман адеп-ахлактарды айырмалай албагандардын жана жашоону сүйүүчүлөрдүн жашоосун өзгөртүү үчүн
бул китепче жазылды. Китеп эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүктө, шарияттагы адептер туралуу кыскача маалыматтар киргизилди. Экинчи бөлүктө, жумшактык менен адеп-ахлактарды оңдоо туралуу сөз козголот. Ар бир китеп окуучунун кадыр-баркы көтөрүлүп, жакшы адеп-ахлак менен өмүр сүрүүсүнү Жараткан Аллах насип кылсын.
Киришүү
Кулк-мүнөз – бул,адамдын ички жан дүйнөсүнүн аба-
лы. Адамдын сооптуу же күнөө иштерди жасоосу, анын ички дүйнөсүнө көбүрөөк байланыштуу болот.Кулк-мүнөз нафстын туруктуу абалы. Адам андан кандайдыр бир ойго муктажсыз эле жакшы же жаман иштерди жасайт.
Ахлагыбызды кимден оңдойбуз?
Кураанда: “Чындыгында, Аллахтын элчисинде сонун үлгүлөр бар” – деп айтылган. (Ахзаб: 21).
Адамдар илим алуу жана адеп-ахлакты үйрөнүүдө, Аллахтын элчисинен (ﷺ) башка жакшыраак жана татыктуураак адамды таба алышпайт. Ошондуктан анын адеп-ахлагы,анын улуу инсан экенин билдирет. Жада калса, ал өзүнүн элчилик жоопкерчилигин гана аткарып тим болбостон, адеп-ахлактын негиздерин да бекемдеп кеткен.Абу Хурайра (р.а.) риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (ﷺ)
– “Мен жакшы кулк мүнөздөрдү жогорку даражага жеткирүү
үчүн жиберилгенмин” – деп айткан. Ооба, сен Куранды, сүнөттү
жана Пайгамбардын (ﷺ) үлгүлүү өмүр баянын билмейинче,улуу Пайгамбардын (ﷺ) адеп-ахлагын көз алдыңа тарта албайсың. Момундардын энеси Аиша (р.а.) , Пайгамбардын (ﷺ) адеп-ахлагы жөнүндө:
– “Анын кулк-мүнөзү Кураан эле” – деп айткан. Пайгамбар (ﷺ) өзүнүнүн өмүр баяны жана адеп-ахлагы менен бардык сахабаларга, алардан кийин аны кыямат күнүнө чейин ээрчигендерге жакшы үлгү болгон. Ким Аллах Тааланын ыраазылыгына жетүү үчүн Ага жакындоону кааласа Пайгамбардын (ﷺ) артынан ээрчип, баардык иштеринде
анын адеп-ахлагын бекем кармануусу зарыл.
Абу Хурайра (р.а.) риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (ﷺ)
– “Момундардын эң ыймандуусу, кулк-мүнөзү жакшысы” – деген. Ошондой эле:
– “Пенденин таразасына салмак болуучу, жакшы кулк-мүнөздөн өткөн амал жок. Жакшы кулк мүнөздүү адам, орозо кармоочулардын жана намаз окуучулардын даражасына жетет” – деп айткан.
Доктор Абдулхалим Махмуд мындай дейт:
– “Ислам дининде адеп-ахлак өзгөчө мааниге ээ. Анткени, ал Улуу Аллах Тааладан ыйык вахий аркылуу келген жеке адамдын жана коомдун дүйнөлүк жана диний максаттарын ишке ашыруучу жүрүм-турум”.
Адеп-ахлактын мааниси:
Адеп-ахлак адамдын жүрүм-турумунун негизи. Адамдын жүрүм-туруму жана мамилеси, анын жакшы кулк-мүнөзүнө байланыштуу болот.
Адеп-ахлак , жүрүм-турумдун мыйзамы. Бул жерде тек гана жакшы адеп-ахлак жөнүндө теориялык көз карашты
айтуу туура эмес. Тескерисинче, адамда калыптанган адеп-
ахлакты тажрыйба жүзүнө ашыруу керек. Адамзат бул дүйнө жана акырет бактылуулугуна бир гана жакшы адеп-ахлак
менен жетет. Биз жакшы адеп-ахлактарды кармануу менен
гана, жерде өзүбүздөн кийин канааттандыраарлык урпактарды калтыра алабыз. Буга Пайгамбарыбыз, (ﷺ) анын халифалары жана алардын жолун жолдогондор эң жакшы
далил боло алат. Ал эми, биз көрүп турган мусулмандар арасындагы тынчсыздануулар, көйгөйлөр жана адашуулар, биздин адеп-ахлактарды таштап салуубуздун натыйжасы.
Ислам адеп ахлактарынын өзгөчөлүктөрү:
→ Замандын жана абалдын өзгөрүүсү менен өзгөрбөйт.
→ Адамдын жашоодогу баардык абалдарын камтыйт.
→ Адамдардын ортосундагы ынтымакты бекемдейт.
→ Бактылуулукка алып баруучу эң жакшы жол.
→ Мусулмандардын ишениминин булагы.
→ Жашоону жеңил кылат.
→ Ыкласты бекемдейт.
Адеп-ахлак – бул, ыйык Кураандын жана Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (ﷺ) сүннөтүнүн негизиндеги мусулмандын ишениминин булагы.
Ыйык Кураанда: «Чындыгында, Аллах адилеттүүлүктү,жакшылыкты жана тууган-урукка кайрымдуу болууну
буйруп, уятсыздыктан, каапырлыктан жана чектен ашуудан тыят. Аллах силерге (ушундай) насыят берет. Балким
түшүнөөрсүңөр» айтылган. (Нахл: 90).
Ибну Масьуд (р.а.) риваят кылган хадисте, Пайгамбар (ﷺ)айткан:
– «Аллага ыйман келтирген адам каралоочу болбойт,каргыш айтпайт, адепсиздик жана уятсыздык кылбайт».
(Тирмизий).
Ыйык Кураандын аяттары жана Пайгамбардын (ﷺ)
хадистери эң жакшы адеп-ахлакка кызыктырган жана бузукулуктан тыйган эскертмелерге бай.
Аллах Таала Кураанда айтат: «Сабырдуу бол. Чындыгында, Аллах жакшы иш-амалдарды жасагандардын мээне-
тин текке кетирбейт». (Худ: 115).
Адеп-Ахлак ар дайым туруктуу болот.
Ал убакыттын, абалдын өзгөрүүсү менен өзгөрбөйт
Юсуф пайгамбарды кудукка ыргытышкандан баштап, Аллах аны Египеттин казына башчысы кылып койгонго чейин, басып өткөн жолуну кара! Вазирдин аялы аны азгыргандан кийин зынданга түшкөндө да анын адеп-ахлагы
өзгөргөн жок.
Биздин Пайгамбарыбыздын (ﷺ) балалык чагына, жаштыгына карасаң, ал койчуман, соодагер болгон. Ал эми, кийинчерээк Аллахтын динине чакыруучу, сахабаларын тарбиялоочу, аскерлерге башчы, адамдарга имам, аялга
күйөө, балдарына ата болгон. Душмандарын жеңип алганда да, кысым-эзүүлөрдө да, кыйынчылыктарда да адеп-ахлагы туруктуу болгон. Душмандын курчоосунда калуу, мекенин
таштоо ага таасир берген эмес. Пайгамбар (ﷺ) адамдар- га алардын кылган мамилесине жараша эмес, жакшы адеп-ахлак менен мамиле кылган.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев