🌺
17-ХАДИС ЖАКШЫЛАП СОЮГА КЫЛЫНГАН БУЙРУК
Абу Йаьла Шаддад ибн Аус (рози Аллоху анху) нун айтымында: Алланын Элчиси айткан: «Алла Таала бардык нерсеге жакшылык кылууну парз кылды. Андыктан эгер сен өлтүрсөң да жакшылап өлтүр: эгер сен малды сойсоң да кыйнабаш үчүн силердин ар бириңердин бычагыңар жакшылап курчутулган болсун. (Муслимден).
1.Пайгамбарыбыз (ага Алланын ыраазычылыгы жана саламы болсун) эмоцияга берилип ачууга алдырбашка өзгөчө чоң маани бергени жана аны беркил адамга да кайталоо менен түшүндүргөнү көрүнүп турат. Элибизде да: «Ачуу шайтан, акыл дос» деген макал бекеринен чыкпаган. (Котормочунун түшүндүрмөмү)
2. Мусулмандар малды жыгып бутун бууп, малдын көкүрөгү кыбыла жакка карагыдай кылып сол капталына жаткызып анан: «Бисмиллахи Аллаху акбар»-деп айтып мууздоого киришүүсү керек. (Котормочунун түшүндүрмөсү) .
📚КЫРК ХАДИС китебинен алынды.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев