Ашкабакты дүйнөдө кайсы өлкө биринчи болуп пайдалана баштаганы белгисиз. Анткен менен ашкабак Түштүк Америкадан чыкканы белгилүү. Азыркы маалда аталган жашылчадан эң көп даамдарды америкалыктар жасашат. Муну менен катар ар бир элде аны даярдап колдонуунун бири-бирине окшошпогон улуттук ыкмалары менен рецепттери кездешет. Муну эске алганда, организм үчүн ашкабактын маңызы дагы, данеги дагы, гүлү дагы жана жалбырагы дагы пайдалуу.
■ 100 г ашкабак 90 г суудан, 0,9 г белоктон, 5,9 г углеводдон, 1,2 г клетчаткадан жана органикалык кислоталардан турат. Ошондой эле анын курамында А, В1, В2, РР, В9, С витаминдери, калий, кальций, магний, натрий, фосфор макроэлементтери жана темир, йод, цинк, фтор микроэлементтери бар. Ушул эле 100 г ашкабак орточо 25 килокалорий баалуулукка ээ. Бул пайдалуулуктар организмге таасир этиш үчүн аталган жашылчаны жаңы кезинде сууга бышырылган, куурулган, бууга бышырылган, шире, пюре жана поведло түрүндө даярдап жей берүү керек.
■ Гастрит, ашказан жарасы жана кант диабети менен ооруп, бул дарттардан жабыркап жүргөн адамдарга ашкабак жана ашкабактан жасалган даамдарды жегенге болбойт. Себеби, аталган жашылча күчтүү кычкылдандыруучу сапатка ээ. Ал организмдин кычкыл чөйрөсүнүн тең салмактуулугун бузуп жиберет. Ошондой эле ашкабак семичкесин көп чагуу да зыян деп айтылат, ал тиштин эмалын жабыркатат.Андыктан күндө 30-50 дана чагуу жетиштүү.
Ашкабакты кантип тандоо керек?
3-5 кг салмактагы ашкабак нормалдуу деп саналат. Ошондой эле анын кабыгы сыйда жана жабыркабаган болууга тийиш. Ашкабактын ичиндеги маңызы канчалык ток сары түстө болсо, анда ал ошончолук жакшы болуп эсептелет. Өтө бышып кеткен ашкабактын маңызы чачтуу, камыр сыяктуу жана даамсыз болот. Нормалдуу бышкан ашкабакты үзүлгөн жеринин кургак жана кара түстө болушу дагы тастыктайт.
- Уйкусуздукка кабылганда 1 стакан жаңы сыгылган ашкабак ширесине 2 чай кашык бал кошуп жатаарда ичип туруу керек;
- Циститтен арылуу үчүн күнүнө 2 жолу ботко катары даярдалган ашкабакты 50 граммдан жесе болот;
- Ушундай эле максатта күн сайын 2-3 стакан жаңы сыгылган ашкабак ширесин ичип турууга да мүмкүн;
- Ашкабактын семичкелерин дайыма чагып жеген эркек кишинин потенциясы жакшырат;
- Маал-маалы менен ашкабакты тамак катары даярдап жеп туруу аркылуу жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алууга болот;
- Ачкарын ашкабактын семичкелерин чагып жеген шартта ичегидеги ар кыл курттар өлүп жоголот;
- Ашкабактан жасалган даамдар кандын курамындагы холестеринден арылтат;
- Ашкабак ич катууну да жөнгө салат;
- Ашкабактын семичкесиндеги А, В, С витаминдери жүрөктүн иштешин жакшыртууга шарт түзөт. Ал үчүн аларды кууруп, тазалап, бал менен аралаштырып, андан күнүгө эртең менен ачкарын 1 аш кашыктан жеп жүрүү керек.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев