Максатыбыз эмне?
Бисмил-Лаахир-рохмаанир-рохиим. Мээримдүү жана боорукер Аллахтын аты менен баштаймын. Аллахка мактоо айтабыз, Андан жардам сурайбыз жана кылган күнөөлөрүбүз
үчүн кечирим тилейбиз.
Кимде-ким Жалгыз Аллахка таянып, Ага тобокел кылса, Аллах аны ызаттуу кылат. Кимде-ким Аллахтан башкага таянса, Аллах аны таянганы менен бирге кор кылат.
Кимде-ким Аллахка гана сыйынып, андан жардам сураса,Аллах ага ыраазы болот. Кимде-ким Аллахтан башкага сыйынса, ага Аллах ачууланат.Кимде-ким Аллахты жүрөгүнө киригизип, Аны эстесе, ага Аллах мээримин төгөт. Кимде-ким Аллахты унутуп койсо, ага
Аллахтын азабы болот.
Күбөлүк берем Аллах жалгыз, Анын эч кандай шериги жок. Ал бүткүл ааламдын падышасы, Ал эч нерсеге муктаж
эмес, биз Ага муктажбыз. Ал, Аллах адамзатка өзүнүн жалгыз экендигин билдирген зат. Ал, Аллах инсандарды өзүнө ыйман келтирүүгө буйруду. Ал, Аллах адамдарды жана жиндерди өзүнө ибаадат кылуу үчүн гана жаратты.
Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)Аллахтын кулу жана акыркы элчиси. Ал, Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) адамзатты ыймансыздыктын сазынан тартып чыгып, ыймандуулуктун нуру
менен нурлантты. Адам баласына бул дүйнөдөгү жашоо максатын үйрөткөн улуу Пайгамбар Мухаммадга (ﷺ) жана анын үй-бүлөөсүнө Аллахтын саламы жана салаваты болсун..
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Азыркы учурда кайсы жерге барбагын, кайсы газета-журналды окубагын, кайсы телеберүүнү укпагын, бир гана маселе талкууланып жатат. Ал, канткенде биз оңолобуз деген маселе. Чындыгында, бул ар бир адамды ойлондура турган иш.Бирок, биз канчалык аракет кылбайлы оңолуунун негизин
тапмайынча эч качан оңоло албайбыз. Өсүмдүктүн жалбырагын канчалык жууп тазалап, канчалык күн нуруна жылыткан менен, эгер анын тамырына азык бербесе баары бир куурап калат. Ошондой эле, биз дагы канчалык көп мыйзамдарды чыгарбайлы, канчалык китептерди жазбайлы, эгер биз бул жашоодогу максатыбызды биле албасак, эч качан оңоло да албайбыз. Ал эми жаратылуудагы максатыбызды билүү үчүн Жаратуучуга кайрылуу керек. Аллах Таала, Хаж сүрөсүнүн жетимиш жетинчи аятында: «Эй, ыйман келтирген пенделер! Руку, сежде кылып Эгеңерге сыйынгыла жана (башкаларга) жакшылык кылгыла» – деп, адам баласыны бул дүйнөгө эмне үчүн жараткандыгын ачык айтып берген. Демек, адам баласынын бул дүйнөгө жаралуусунда эки гана максат бар: биринчиси Аллахка ибаадат кылуу, экинчиси башкаларга жакшылык
кылуу.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Ибаадат кылуу деген сөз, намаз окуп, орозо кармоо эле эмес, же зекет берип, ажылык кылуу эле эмес, Аллах Таала буйруган нерселерди аткарып, тыюу салган нерселерден тыйылуунун баары ибаадат болот. Ошол үчүн Аллах Таала Кураанда: «Мен жиндерди жана инсандарды өзүмө ибаадат кылуу үчүн гана жараттым. Мен алардан ырыскы да сурабаймын
жана алар мени азыктандыруусун да каалабаймын. Чындыгында, Аллах – ырыскы Берүүчү жана Күч-кубаттын ээси»
– деп айткан. Ошондой эле Аллах Таала хадисул-кудусийде:
«Эй адам баласы, мен жалгыздыгымдан сени жолдош болсун деп жараткан эмесмин. Мен аздыгымдан сени көп болсун деп жараткан эмесмин. Кайсы бир амалды аткара албай калсам жардам берет деп жараткан эмесмин. Кимдир бирөөгө мени
менен бирге пайда же зыян берет деп да жараткан эмесмин.
Мен сени күнү-түнү мага ибаадат кылууң үчүн жаратканмын» дейт. Пенденин пенде болуп жаратылуусунун негизги максаты Аллахка ибаадат кылуу. Ал эми ибаадат, пенденин адеп-ахлагын оңдоп, аны тарбия кылат. Исламда балагат жашына жеткен күндөн баштап, ибаадат кылуу милдеттендирилет. Анткени дал ушул жашка келген кезде балдар ар түрдүү жаман жолдорго баса баштайт. Дал ушул өткөөл мезгилде Аллахка
ибаадат кылуу менен, балдар өз нафсисин жамандыктардан сактап кала алат. Аллах Таала буйруган ар бир ибаадаттын өтө
чоң тарбиялык мааниси бар. Бирок, азыркы мезгилде биз ибаадаттардын сырткы көрүнүшүнө гана маани берип, алардын негизги максатына көңүл бурбагандыктан, ибаадаттарды жөн эле сыйынуунун бир формасы катары түшүнүп калдык. Аллах Таала Кураанда: «Намаз окугула!Чындыгында намаз жаман тыюу салынган күнөөлөрдөн тосот» – деп айткан. Демек, намаз окуу бир гана ибаадат кылуу эмес экен. Намаз окуу менен,адам өзүнү жаман иштерден сактоого тарбия кылат. Ошондой эле Кураанда: «Сабыр кылуу жана намаз окуу менен кубаттангыла» – деп айтылган. Намаз окуган адам, ар кандай кыйын-
чылыктарга туруштук бере ала тургандай кубаттуулукка ээ боло алат. Ал эми орозонун парз болуусунун негизги максаты да, нафсини тарбиялоого байланыштуу. Аятта: «Силерден
мурдагыларга парз кылынган сыяктуу, силерге да орозо парз
кылынды, такыба болууңар үчүн» – деп айтылган. Такыбалык
бул-өзүнө жана башкаларга зыян берүүчү, Аллах тыюу салган
иштердин баарынан тыйылуу. Отуз күн өзүн тарбиялаган орозо кармоочу, жылдын калган бөлүгүндө да өзүн жакшы алып жүрө алат. Зекет ибаадатынын да адамдар менен болуучу мамилеге тийгизген чоң мааниси бар. Аллах Таала: «Алардын малын алып садака кылгын, ошону менен алардын нафсисин тазалап, жакшылыгын арттыр» – деген. Малынан зекет берген адам, ач көздүктөн, сараңдыктан ж.б. жаман сыпаттардан
өзүнү тазалайт. Ошондой эле ажылык ибаадатынын да тарбиялык мааниси чоң. Кураанда жана Пайагамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) көптөгөн хадистеринде, ажылык убагында жаман сөз сүйлөөдөн, башкаларга зыян берүүдөн кыскасы баардык жаман амалдардан алыс болууга буйруган. Ошондуктан ажылык амалын аткарган адам энеден жаңы төрөлгөндөй болуп келет. Башкача айтканда жаңы
төрөлгөн баланын жүрөгү кандай таза болсо, ажылык дагы адамдын жүрөгүн ошондой тазалайт. Демек, адамдын жаралуудагы негизги максаты ибаадат кылуу болсо, ал эми ибаа-
даттар адамды жакшы жашоого тарбия кылат. Ал эми жогорку аяттагы, адамдын экинчи максаты: башкаларга жакшылык
кылуу.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Ислам дини өзүңдөн башка адамдарга жакшылык кылууну эң бийик даражадагы амал катары эсептейт. Анткени ислам жалпы адамзаттын дини, жалпы адамзаттын ынтымактуу жашоосун негиздеген дин.Ошондуктан башка адамдарга жакшы
мамиле кылууну, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салава-
ты болсун) ыйман менен байланыштырып, бир хадисинде:
– «Өзүңөргө жакшы көргөн нерсени башкаларга да кааламайынча, ыймандуу боло албайсыңар» – деген. Динибиз,
жалпы жашоонун жакшы болуусу үчүн жол ачкан дин. Дини-бизде эч нерсе унутта калган эмес. Биздин жашообузга пайдасын тийгизүүчү амалдар ачык-айкын айтылган. Ислам динин
карманган мусулмандар, кээ бир адамдар ойлогондой жалкоо эмес. Динибиз бизди ак эмгекти сүйүүгө буйруган. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисте:
- «Ким, үй-бүлөөсүн багуу үчүн адал жол менен эмгектенип ырыскы тапса, эгер ашыкча болсо кошунасына берсе,
Кыямат күнү Аллах Таалага, жүзү он төрт күндүк айдай болуп
жаркырап жолугат» – деген. Экинчи бир хадисинде:
– «Бир күнөөнү намаз кетире албайт, орозо кетире албайт, бирок кимде-ким үй-бүлөөсүн багуу үчүн эмгектенип, чарчап уктап калса, ал күнөөдөн таза болуп ойгонот» – деп айткан. Ошондой эле Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)бир жолу мечитте отурганда бир сахаба кирип салам айтат. Ага
жооп берип, анын колун кармаган Пайгамбарыбыз: (ﷺ) «Аллахка мактоо болсун, бул колдорду тозоктун оту күйгүзбөйт» – деп айткан. Көрсө ал сахабанын колу көп эмгектенгендиктен чор болуп катып калган экен. Өз үй-бүлөөсү менен жакшы жашаган мусулман, эми кошунасы менен да жакшы жашоого тийиш. Динибизде кошунага жакшылык кылуу, ыймандуулуктун бир белгиси. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) хадисинде:
– «Ким Аллахка жана кыямат күнүнө ишенсе кошунасы менен жакшы мамиледе болсун» – деп айткан. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир жолу сахабалары менен отуруп:
– «Аллахка ант ичип айтам ыймандуу боло албайт, Аллахка ант ичип айтам ыймандуу боло албайт, Аллахка ант ичип
айтам ыймандуу боло албайт» – деп кайталайт. Сахабалар:
– Оо, Аллахтын элчиси, ким ыймандуу боло албайт ?– деп
сурашканда,Пайгамбары-быз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Жаман адаттары менен кошунасына тынчтык бербеген адам» – деп жооп берди. Ошондой эле дагы бир хадисте:
– «Өзүнүн курсагы ток, кошунасы ачка отурган адамдын ыйманы толук эмес» – деп айткан. Мусулман адам ар дайым өзү жасаган жакшы амалды башкаларга да үйрөтүп турат.Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Ким бир адамды жакшылыкка үндөсө, тигинин жасаган жакшылыктарынын сообу ага да жетип турат. Ал эми жакшылык кылуучунун соопторудан эч нерсе кемибейт» – деген.
Ошондой эле экинчи бир хадисте:
– «Аллах Тааланын жакшы жана жаман казыналары бар.
Алардын ачкычтары адамдар. Аллах кимди жакшылыкка ачкыч, жамандыкка кулпу кылса, ал адам бейишке кирсин. Аллах кимди жамандыкка ачкыч, жакшылыкка кулпу кылса, ал адам тозоко кирсин» – деп айтылган. Пайгамбарыбызга (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун) бир адам келип:
– Оо, Аллахтын элчиси. Кандай адам Аллах үчүн жакшыраак болот жана амалдардын жакшыраагы кайсы – деп сурады. Пайгамба-рыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ага карап:
– «Аллах үчүн жакшыраак болгон адам, ал башкаларга пайдалуу болгон адам. Ал эми, амалдардын жакшыраагы,
экинчи бир мусулманды кубандыруу» – деп жооп берди.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Мусулман адам өзүмчүл болбойт. Өзүм өлбөсөм болду, башкалар эмне болсо ошол болсун деген жаман сыпат мусулманга
тиешелүү эмес. Башка адамдарга жардам берүү, аларды кыйынчылыктан чыгарып коюу, диндеги эң даражасы бийик амалдар-дан. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Бир мусулмандын муктаждыгын аткаруу үчүн аны менен бирге басуу, менин мечитимде бир ай этикафта отургандан жакшыраак» – деп айткан. Пайгамбарыбыздын мечити жөнөкөй
мечит эмес. Ал жерде окулган бир рекет намаз, башка мечиттеги жүз миң рекет намазга барабар. Ал эми ошол мечитте бир ай
этикафта отурууну өзүңөр ойлоп көргүлө. Демек, бир адамга жакшылык кылуу, бул өтө чоң сооптуу амал. Бир хадисте Пайгамба-
рыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Ким, бир мусулмандын кажети үчүн басса, Кыямат күнүндө, буттар тайгаланган мезгилде, Аллах анын кадамын
бекем кылат» – деп айткан. Ошондой эле:
– «Ким бир мусулмандын кайгысын кетирсе, Аллах анын
эки дүйнөдөгү кайгысын кетирет» – деп айткан.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Аллах Таала жогорку аятты айткан кезде, жакшылык кылгыла деп бир гана адамдарга тиешелүү айткан жок. Жакшылык кылгыла деген сөз жалпы түрдө айтылды. Демек жакшылык кылуу бир гана адамдарга гана тиешелүү эмес, жалпы жаратылышка тиешелүү. Ошол себептен динибизде жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө жана жалпы эле айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого терең көңүл бурулган. Пайгам-
барыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Кайсы бир мусулман бак тиксе же эгин эксе, андан асмандагы канаттуулар жесе, же жердеги жаныбарлар жесе, же адамдар тамактанса, ал үчүн садака болот» – деп айткан. Ошондой эле:
– «Эгер колуңарда көчөт болсо жана кокустан кыямат башталып кетсе, аны тигип койгула» – деп айтылган. Ал эми
айлананы таза кармоону талап кылган Пайгамбарыбыз: (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Үч жерге даарат ушатуучуларга Аллахтын каргышы болот: адамдар суу алуучу жерге, адамдар эс алуучу жерге жана адамдардын жолуна» – деп айткан. Ал эми жаныбарларга тиешелүү өтө көп хадистер бар. Мисалы: жаныбарларды
азаптагандарды Аллахтын азаптоосу, мышыкты камап коюп
өлтүргөн аялдын тозокко киргендиги жана итти сугарып койгондугу үчүн бир адамдын бейишке киргендиги айтылган.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Аллах Таала, мына ушул бир аятта биздин эмне үчүн жаратылганыбызды жана кандай жашаганыбызда жашообуз бактылуу өтөөрүн ачык айтып койгон. Эми биздин милдетибиз ушул аятка амал кылуу гана. Эгерде биз ушул аятка амал кылып жашасак, биздин жашообуз
бүгүнкүдөй баш-аламан, толгон-токой машакаттар менен коштолбой, тескерисинче бейпилдикте жана бактылуулукта өтмөк. Дагы
бир жолу кайталап айтамын, биз качан жашоодогу максатыбызды
билмейинче эч качан оңоло албайбыз. Биздин максатыбыз «Эй, ыйман келтирген пенделер! Руку, сежде кылып Эгеңерге сыйынгыла
жана (башкаларга) жакшылык кылгыла» – деп айтылгандай, Жаратканга сыйынуу жана жаратылгандарга жакшылык кылуу гана. Ан-дан башка эч кандай максатыбыз жок.
Аллахым, ар бирибизди өз максатын биле турган пенделерден кылгын. Ар бирибизди өзүңө сыйына турган, өзгөлөргө
жакшылык кыла турган адамдардан кыл. Ар бирибиздин билип жана билбестен жасап койгон күнөөлөрүбүздү кечир.
Аллахым, элибизге жакшы жашоону насип кыл. Карыяларыбызга ыйман, жаштарыбызга жакшы адеп-ахлак бергин.
Мамлекетибизге оңолуунун жолун ачкын. Бүгүн ушул жерде
кандай чогулган болсок, Кыямат күнүндө улуу бейиште да баарыбызды чогуу кылгын.
Асслааму алайкум ва рахматул-Лохи
уа баракатуху.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев