Ыймандын алтынчы шарты.(уландысы)
Таваккул (тобокел) деген эмне?
Аллаху таалага жакындагандардын өтө турган тепкичтин бири бул -таваккул. Анын даражасы өтө жогору. Ал эми, таваккулду үйрөнүү өтө
кыйын. Аны орундоо андан да кыйын. Анткени, кимде-ким иштеринде
Аллаху тааладан башка бирөөнүн таасири боло тургандыгына ишенсе,
ал адамдын таухидинде (бир Аллахка ишенүүсүндө) кемчилик бар. Эгерде эч кандай себеп керек эмес деп айтса, Ислам дининен чыгат. Эгерде себептерди арага кою кажет эмес десе акылга да кайчы болот. Эгер кажет десе себептерге таваккул кылган болуп, бул болсо, таухидде кемчилик болот. Демек, таваккулду акылга, Исламга, ары таухидге ылайык түшүнүш керек. Ал үчүн терең илим кажет.
Таваккулдун фазилети: Аллаху таала бардык адамдарга таваккул кы- лууну буюрган. “Таваккул ыймандын шарты”, - деген аят ушул буйруктардын бири. “Маида” сүрөсүнүн 23-аятында: “Эгер ыйманыңар бар
болсо, Аллаху таалага таваккул кылгыла!”, “Али Имран” сүрөсүнүн
159-аятында: “Аллаху таала таваккул кылгандарды албетте сүйөт” -деп билдирилген. “Талак” сүрөсүнүн 3-аятында: “Ким Аллаху таалага таваккул кылса Аллаху таала ага жетиштүү болот”, - деп билдирилген. Ушундай маанидеги көптөгөн аяттар бар.
Расулуллах (ﷺ) мындай деген: “Үммөтүмдүн бир бөлүгү мага көрсөтүлдү. Алардын өтө көп экендигине таң калып, кубандым.“Кубандыңбы?” - деп сурады. “Ооба”, - деп айттым. “Булардын бир
гана жетимиш миңи сураксыз Бейишке кирет”, - деп айтты. “Алар кимдер?” - деп сураганымда: “Иштерине сыйкыр, пал сыяктуу нер-
селерди аралаштырбай, Аллаху тааладан башкага таваккул кылбагандар, Аллахтан башкага таваккул кылбаган, сүйөнүп ишенбегендер”, - деп жооп берди”. Угуп отургандардын ичинен Укаша (радиаллаху
анх) туруп: “Я Расулуллах! Дуба кылыңыз, мен дагы ошолордун бири болоюн”- дейт. Расулуллах: “Я Раббим! Муну ошолордун катарына кош!”деп дуба кылат. Дагы бирөө туруп ошондой дуба тилегенде, Расулуллах ага: “Укаша сага караганда ылдамыраак аракет кылды”, - дейт.
Бир хадисте: “Аллаху таалага толук таваккул кылсаңар, куштарга ырыскы бергени сыяктуу силерге дагы жиберер эле. Куштар таң эртең ачка чыгышат. Кечинде болсо тоюп кайтышат”, - деп билдирилген. Дагы бир хадиси шарифте: “Кимде-ким Аллаху таалага сүйөнсө,Аллаху таала анын бардык иштерине жардам берет. Күтпөгөн
жерден ага ырыскы жиберет. Кимде-ким дүнүйөсүнө ишенсе аны
дүнүйөсү менен жалгыз калтырат”, - деп кабар берилген. Капырлар
Ибрахим алейхиссаламды отко ыргытабыз деп жатканда: “Хасбияллаху
ва нимал вакил (Мага Аллахым жетет. Ал эң жакшы камкор - өкүл)”,
- дейт. Отко түшкөн кезде Жабраил алейхиссалам келип: “Тилегиң барбы?” - деп сурайт. Ал: “Бар,бирок, сенден эмес”, - деп жооп берет. Ошентип “хасбиаллах” сөзүндө тургандыгын көрсөттү. Ушуга байланыштуу
“Ваннажми” сүрөсүнүн: “Сөзүндө турган Ибрахим”, - деген аяты менен
макталган. Аллаху таала Давуд алейхиссаламга: “Ким бардык нерседен
үмүтүн үзүп, бир гана Мага ишенсе, жер бетиндеги жана асмандагы бардык нерсе ага каршы чыкса, зыян келтирүүгө аракет кылса да Мен аны куткарамын”, - деген аятты жиберет.
Улуу олуя Ибрихим Эдхем (куддиса сиррух) бир поптон: “Кантип күн
көрүп жүрөсүң?” - деп сураганда, поп: “Кайдан жибериле тургандыгын
ырыскы берүүчүдөн сура, мен билбейм”, - деп жооп берет. Бир адамдан:
“Күн бою Аллахка ибадат кыласың, эмне жеп ичесиң?” - деп сурайт. Ал
жооп катары тишин көрсөттү. Б.а.“Тегирменди жасаган анын суусун да
жиберет”, - демекчи болгон. Харем бин Хаййан Вейсел Караниден: “Кайсы жакка барайын?” - деп
сурайт. “Шамга (Дамаск)”, - деп жооп берет. “Шамда тиричилик кылуу кандай?” - деп сураганда Вейсел Карани: “Ырыскысына шектенген жүрөктөргө өкүнүч болсун. Аларга насаат пайда бербейт”, - дейт.Таваккул, б.а., тобокелчилик бул жүрөктүн аткара турган иши, ал ыймандан пайда болот. Ыймандын да түрлөрү бар. Ал эми, таваккул эки нерсеге таянат. Алар таухидге ыйман келтирүү жана ырайымдуулук менен Аллахтын мээриминин чексиздигине ынануу.
Таваккул жүрөктө таухидге жана Аллаху тааланын мээримдүүлүгүнүн
чексиздигине ишенүү аркылуу пайда болот. Бул абал адамдын чын
жүрөктөн өз өкүлүнө толук ишенүү жана аны менен көңүлүнө тынчтык
берүү деген сөз. Мындай адам дүнүйө мүлкүнө таянбайт. Дүнүйөлүк
иштеринин бузулуусуна убайымданбайт. Аллаху тааланын кайдан болсо
да милдеттүү түрдө ырыскы жибере тургандыгына ишенет. Ошол абалда болгон адамды төмөндөкү мисал менен оңой түшүнүүгө болот: Бир адамга жалаа жабылып, сотко тартылса, ал өзүнө адвокат жалдайт. Үч нерседе адвокатка толук ишенсе, ал адамдын көңүлү тынч болот.
Биринчиси, адвокаттын жалпы жагдайды, жабылган жалаа тууралуу бардык окуяны жакшы түшүнгөн болуусу. Экинчиси, билгендерин түшүндүрүп берүү үчүн чындыкты айтуудан тартынбоосу жана ачык сүйлөй билүүсү.
Үчүнчүсү, адвокаттын ал адамга мээримдүүлүк кылып, анын укугун
коргоого чын пейилден киришүүсү. Адвокатына ушундай чексиз ишенсе,
өзү да адвокаттан бөлөк бул маселе менен алектенип убара болбойт. “Али Имран” сүрөсүндөгү: “Аллаху таала бизге жетиштүү. Ал кандай жак-
шы камкорчу - өкүл”, - деген 173-аятты жакшы түшүнгөн адам: “Бардык нерсени Аллаху таала жасайт. Андан башка эч ким эч нерсе жасай албайт”, - деп, Анын илиминде, кудуретинде кемчилик жоктугуна жана рахматынын чексиздигине ишенген адам чаралар менен себептерге таянбайт “Ырыскы бөлүнгөн, жазылган, убакты келгенде мага да жетип келет. Аллаху таала өзүнүн улуулугуна, ырайымдуулугуна жарашкан иштерди кылат”, - деп эсептейт. Мындай ишенген адам көп экендигине карабастан, көпчүлүгүнүн ичинде кандайдыр бир убайым, коркунуч,
үмүтсүздүк болот. Дагы да көп адамдар болот. Алар бир нерсеге ишенет.
Бирок, табияттары ишенген ыйманына эмес, убайымдаган күмөнү жакка оолак болот. Дал убайымынын, күмөнүнүн туура эместигин,орунсуздугун билип туруп ошолорго баш ийет. Таваккул үчүн күчтүү ыйман жана күчтүү жүрөк керек. Ошондо гана жүрөгүндө эч кандай күмөн калбайт.Эгер ишеним менен өзүн өкүлүнө тапшыруу ишенимдүүлүгү толук бол-
босо таваккул да толук болбойт. Анткени, таваккул жүрөктүн ар кандай иште Аллаху таалага өзүн толук тапшыруу жана күмөнсүз ишенүү болуп эсептелет.
Ибрахим алейхиссаламдын ыйманы, ишеними толук эле. Бирок, жүрөгүнүн тынычтануусу үчүн: “Эй, Раббим! Өлгөндөрдү кантип тирилтесиң? Мага көрсөтчү”, - дейт. Бакара сүрөсүнүн 260-аятында
билдирилгендей: “Ишенген жоксуңбу?” деп суралганда. Ибрахим
пайгамбар: “Ишендим. Бирок, жүрөгүм тынчтык тапсын”, - деп айтат. Бирок, жүрөгүндө ыйманы, ишеними бар болчу. Ал жүрөгүнүн
ыракат болуусун, тынчтык табуусун каалады. Анткени, жүрөктүн
тынчтык табуусу алгач сезим менен кыялга баш ийет. Андан соң жүрөк да ошол якиинге (жакындоо) баш ийип, ачыктан-ачык көрүүгө
муктаж болбойт.
Ахли сүннөт ишеними (акыйдасы)
Имам Мухаммед Газали (рахметуллахи алейх) “Кимйаи саадат” китебинде мындай дейт: “Мусулман болгон адам эң алгач Ла илаха иллаллах, Мухаммадун расулуллах сөзүнүн маанисин билип, ишенүүсү керек.Бул сөз калимаи таухид деп аталат. Ар бир мусулмандын таухид калимасынын мааанисине күмөн келтирбей, бир гана ишенүүсү жетиштүү.
Аларды аят-хадистер менен далилдөөсү жана акылга салуусу керек эмес.Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) арабдарга далил менен билип,
бул далилдерин айтууну, күмөндөрүн талкуулоолорун буйрук кылган жок. Бир гана ишенүүнү, шектенбөөнү буюрган. Ар бир адам ушундай ыйман келтирсе, бул жетиштүү. Ал эми, ар бир шаарда бир нече дин аалымынын болушу “Фарзы кифайа” болуп саналат. Алардын далилдерди билүүсү, шектерди жоюулары, суроолорго жооп берүүлөрү важиб. Алар бир жагынан мусулмандарга ишеним (ыйман) илимин үйрөтөт. Экинчи жагынан дин душмандарынын жалааларына жооп беришет.Калимаи таухиддин маанисин Курани карим билдирген. Расулуллах(саллаллаху алейхи васаллам) аларды түшүндүрүп берген. Сахабалардын бардыгы ошол түшүндүрмөлөрдү үйрөнүп, өзүнөн кийинки урпактарга билдиришкен. Сахабалардын билдиргендерин өзгөртпөстөн, ошол
бойдон китептерине жазып, бизге жеткирген дин аалымдары “ахли
сүннөт” деп аталат. Ар бир адамдын ахли сүннөт ишенимин үйрөнүүсү,
ошол жолдо бардыгы биригүүсү керек. Түбөлүк бакыттын булагы ушул
ишеним болуп саналат.
Калимаи таухиддин маанисин ахли сүннөт аалымдары мындай
түшүндүрөт: “Адамдар жок болчу. Алар кийин жаратылган.Адамдардын
бир жаратуучусу бар. Жаратылган нерселердин бардыгын Ал жаратты.
Анын шериги, окшошу жок. Ал ар дайым бар эле. Бар болуусунун башталышы жок. Ар дайым бар. Бар болуусунун соңу жок. Эч качан жок болбойт. Ар дайым да бар болууга да тийиш. Бар болуусунда эч нерсеге муктаж эмес. Ал эч кандай себепке муктаж эмес. Ага бардык нерсе муктаж.Ар бир нерсени бар кылган жана барлыкта кармап турган күч - Аллах.Ал материя эмес, дене да эмес. Бир жерде эмес. Түрү жок, өлчөнбөйт. Аны кандай деп суроого болбойт. “Аллах” дегенде акылга, ойго, кыялга келген нерселердин бардыгы Ал эмес, алар жараткандары. Ал өзү жараткан
нерселерге окшобойт. Акылга, ойго келген бардык нерсени Ал жараткан.Жогоруда да, төмөндө да эмес. Орду жок. Орунга муктаж эмес. Бардык жаратылган нерселер Арштын астында. Ал эми, Арш Анын кудуретинде. Ал Арштын үстүндө. Бирок, бул “Арш Аны көтөрүп турат” деген сөз эмес. Арш Анын кудурети менен бар. Ал эзелтеде кандай болсо, азыр да ошондой. Аршты жаратуудан мурда кандай болсо түбөлүккө ошондой болуп кала берет. Ал өзгөрбөйт, Анын Субути сыпаттары сегиз: хаят,
илим, сам, басар, кудурет, ирада, келам, таквин. Бул сыпаттарында да эч кандай өзгөрүү болбойт. Өзгөрүүгө дуушар болуу алсыздык жана кемчилик болуп саналат. Аллаху таала кемчиликсиз. Жараткан бардык
жандуу-жансыз нерселеринин эч бирине окшобосо дагы Анын дүйнөдө өзү билдирген даражада билүү жана Аны акыретте көрүү бар. Дүйнөдө кандай экенин белгисиз түрдө билингени сыяктуу, Акыретте да кандай боло турганы түшүнүксүз абалда көрүнөт”.Аллаху таала кулдарына пайгамбарларды жиберди. Ошол улуу адам-дар аркылуу кулдарына бакыттын жолун көрсөттү. Пайгамбарлардын эң улуусу соңку пайгамбар Мухаммед алейхиссалам. Ал жер жүзүндөгү бардык адамзат баласына пайгамбар катары жиберилген. Бардык адамдардын,периштелер-дин жана жиндердин пайгамбары. Дүйнөнүн бардык жериндеги адамдар ага моюн сунуусу керек.Улуу аалым жана камил муршид Абдулхаким Арваси (рахметуллахи алейх) айтат: “ Расулуллахтын (ﷺ) үч түрдүү милдети бар эле:
Биринчиси - Курандын өкүмдөрүн жана фикх өкүмдөрүн бүткүл адамзатка “таблиг кылуу” б.а., угузуу, билдирүү. “Ахками фикхийа” деп
аталган фикх өкүмдөрү аткарылуусу буйрулган жана тыюу салынган
нерселерден турат.
Экинчи милдети Курани каримдин руханий өкүмдөрүн, б.а., Аллаху тааланын заты жана сыпаттарына таандык болгон жогору марифат
илимдерди үммөтү ичиндеги улууларынын жүрөгүнө салуу. Бул мил-
детти биринчи вааз кылуу милдети менен чаташтырбоо керек. Мазхабсыздар ушу экинчи милдетти кабылдашпайт. Ал эми, Абу Хурайранын
(радиаллаху анх)билдирген кабарында: “Расулуллахтан (ﷺ) эки түрдүү илим үйрөндүм. Булардын бирин силерге айттым. Экинчисин айтсам мени өлтүрөсүнөр, - дегендиги “Бухари”, “Мишкат” жана “Хадика”
китептеринде жана “Мактубати Раббани” китебинин 267-катында жазылган.
Үчүнчү милдети фикх өкүмдөрүн вааз менен насаат аркылуу аткар-
баган мусулмандарга күч менен аткартуу.
Расулуллахтан (ﷺ)
кийин төрт халифанын (Хазрети Абу Бакр, Умар,
Осман, Али (радиаллаху анхум) ар бири ушул үч милдетти толук орундашкан. Хазрети Хасандын (радиаллаху анх) имамдыгы кезинде
бөлүнүүлөр, бидаттар көбөйдү. Ислам үч тарапка жайылды. Расулуллахтын нуру жер бетинен алыстады. Сахабалар (радиаллаху анхум)азайды. Бул үч милдетти бир адам аткара албай турган абалга келип калды. Ошондуктан, ошол үч милдет башка-башка үч топко бөлүндү.
Илимде “Усул жана Фуру өкүмдөрү деп аталган ыйман жана фик өкүмдөрүн үйрөтүү милдети дин имамдарына, б.а., мужтахиддерге
жүктөлдү. Алардан ыйманды үйрөтө тургандары “Мутакаллимин”, фикхты үйрөткөндөр “Фукаха” деп аталды.
Экинчи милдет каалаган мусулмандарга Курандын руханий жогорку өкүмдөрүн үйрөтүү
милдети ахли бейттин он эки имамы жана тасаввуф (сопулук) жолундагы аалымдарга жүктөлдү. Улуу олуялар Жунайд Багдади менен
Сырри Секати алардын катарына кирет.(уландысы бар)
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев