Валентин чын эле ыйыкпы?
Бисмиллаахир-рохманир-рохиим. Мээримдүү жана
ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Ааламдардын жаратуучусу Аллах Таалага мактоо айтабыз. Андан жардам сурайбыз, кетирген күнөөлөрүбүздү кечирүүсүн суранабыз.
Напсибиздин жана амалдарыбыздын жамандыгынан коргоо
тилейбиз.Аллахым, бизге туураны туура көрсөтүп, туура жолуңда алып жүр. Катааны катаа көрсөтүп, адашуудан өзүң сакта.
Аллахым, ар бирибизди пайдасыз илимден сакта. Өзүңдөн коркпогон жүрөктөн сакта. Кабыл кылынбаган дубадан сакта.Өзүңө көтөрүлбөгөн амалдан сакта. Аллахым, өзүңдүн диниң менен, Пайгамбардын сүннөтү
менен өмүр кечирип, күнөө иштерден алыс болууну насип кыл.
Күбөлүк берем Ал, Аллах жалгыз, Анын шериги жок, Ал бардык нерсеге күчү жетүүчү, Кудреттүү. Ал, Аллах адамзатка зыяндуу болгон арам иштерден тыйган жана пайдалуу болгон жакшы иштерге буйруган. Ал, Аллах зина кылуучуларга азапты даярдап койгонун жана зинадан алыс болуучуларга бейишти даярдап койгондугун айткан.Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Аллахтын элчиси жана кулу. Ал, Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) үммөтүн зинага жакындабоого чакырган. Эки эрининин жана эки бутунун аралыгындагы мүчөлөрүн арамдан сактагандарга бейишти убада кылган улуу Пайгамбарыбыз Мухаммадга (ﷺ) , анын үй-бүлөөсүнө жана
сахабаларына Аллахтын саламы жана салаваты болсун.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам салаваты болсун) улуу сахабаларынын бири, дин илимин өтө терең
өздөштүргөн аалым Ибну Масуьд (Аллах андан ыраазы болсун) бир жолу Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-сала-
ваты болсун) келип:
– Оо, Аллахтын элчиси, күнөөлөрдүн эң чоңу жөнүндө айтып берчи – деп сурады.
– «Күнөөлөрдүн эң чоңу, өзүңдү жараткан Жаратучуңа башка нерсени шерик кылып алууң» – деп жооп берди Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун).
– Андан кийинчи? – деп сурады Ибну Масуьд (Аллах андан ыраазы болсун) кайрадан.
– «Багуудан коркуп, балаңды өлтүрүп коюуң – деди Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун). Ибну Масуьд (Аллах андан ыраазы болсун) кайра сурады:
– Андан кийинчи оо, Аллахтын элчиси?
– «Кошунаңдын аялы менен зина кылууң» – деп жооп кайтарды Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун). Дагы бир хадисте:
– Башканын үйүнөн он жолу уурулук кылганга караганда, кошунанын үйүнөн бир жолу уурулук кылуу чоң күнөө. Баш-
калар менен он жолу зина кылууга караганда, кошунанын аялы менен бир жолу зина кылуу чоң күнөө» – деп айтылган.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Жогорудагы хадистин мааниси, кошунаңдан башка менен зина кыла бер, же кошунаңдан башкадан уурдай бер деген сөз эмес. Зина ким менен болбосун баары бир өтө чоң күнөө.
Аллахhка шерик кошуу менен, өз баласын өлтүрүү менен бирдей болгон күнөө кантип жеңил болсун. Менин, кошуна
жөнүндөгү хадистер менен баштоомдун себеби, зина көбүнчө
кошуналардын ортосунда болот. Анткени кошуналар бирибирин жакшы билет. Бири-бири менен көп кездешет. Айрыкча азыркы мезгилде, эркек эркектик сыпатын сактабай, аял
аялдык сыпатын сактабай, бири-бири менен аралашып жүрө
беришет. Кошунасынын үйдө жок экенин билип турса да анын үйүнө кире берет. Чындыгында жат, алыстан келген адам зина кылбайт. Зина,кошуналардын, аяштардын жана классташтардын арасында көп кездешет. Анткени булар өздөрүн жакын санаалаш сезип, көп мамиле жасап, аралаш жүрө беришет. Ис-
лам дини таза жашоону даңазалаган дин. Исламда күнөөнүн
өзүнөн тыйбастан, ошол күнөөгө алып баруучу жолдорго алдын ала тыюу салынат. Анткени кайсы бир күнөөгө алып баруучу жолдордон сактана алсаң, күнөөнүн өзүнөн сактануу
жеңил болот. Ошол себептен динде, зинадан алдын, аял менен эркектердин аралашуусуна тыюу салат. Пайгамбарыбыз (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун) хадисинде айтат:
– «Эгерде аял менен эркек жалгыз калса үчүнчүсү шайтан болот». Демек, жат эркек менен жат аялдын ээн жерде жалгыз калуусу арам. Албетте, бул зина эмес. Бирок, зинага себеп болуучу жол болгондуктан буга тыюу салынат. Аллах Таала
Кураанда көздү жат аялдарды кароодон сактоого буйруйт. Себеби баардык жаман иштер кароодон башталат. Бул айтпаса да түшүнүктүү. Адамдын баардык мүчөлөрүнүн зинасы болот. Алгач карайсың, бул көздүн зинасы. Анан сүйлөйсүң, бул тилдин зинасы. Анан кармайсың, бул колдун зинасы. Анан чыныгы зинага жол ачылат. Ошол себептен Аллах Таала зинанын
арам экендиги жөнүндө түшүргөн аятында: «Зинага жакында-
багыла, анткени ал эң ыплас жаман жол» – деп айткан. Аяттагы зинага жакындабагыла деген сөз, зина кылбагыла деген
сөз эмес. Зина кылуу эмес, ага чакыруучу жолдорго жакын
барбагыла деген буйрук айтылган. Мунун мааниси өтө терең.Көзүңөрдү жат аялдарды кароодон тыйгыла, телевизор, газе-
та-журналдардагы жылаңач сүрөттөргө караба. Кыскасы эртедир кечтир зинага себеп болуучу баардык жолдордон алыс
болууга буйруйт. Арабтардын бир жакшы икаясы бар. Алар өтө ачуусу келгенде, жаман көргөн адамына иттин баласы деп айтышат. Икаяда, бир ит ушул сөзгө аябай арданат. Мен деле
бир макулукмун,адамдарга караганда көбүрөк жакшылык кылам. Кожоюнумдун буйругун эч каршылыгы жок аткарам. Адамдар болсо, өздөрүн жараткан кожоюнунун буйругун аткарбастан жүрө беришет. Анан эң жаман адамдарды иттин
баласы деп маскаралашат. Ушинтип арданган ит, токойдун
падышасы арстанга келип арызданат. Анын арызын уккан арстан, ага бир сан этти берет да, бир күндөн кийин этти ошол бойдон алып келгин дейт. Ит этти алып барып жанына коюп
коёт да, көпкө чейин ага карабай жатат. Бир убакта этти бир карагысы келет. Мен эмне жегени жатмак белем, карагандан
эч нерсе болбойт да деп, бир карап коёт. Андан кийин дагы
карагысы келет, дагы карайт. Ошентип, бир убакта этти бир жалап көргүсү келет. Мен жегени жатмак белем, бир жалагандан эмне болмок деп бир жалап коёт. Анан дагы бир жалагысы келет, дагы жалайт. Ошентип жалап отуруп, иттиги кармайт да этти бир сугунуп жеп коюп, ит боюнча кала берет. Албетте, бул икая адам баласына тиешелүү эмес. Бирок жамандыкка алып баруучу себептерден сактана албасаң,жамандыктын
өзүнөн сактана албайсың.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Аллах Таала бизди кайсы иштен тыйса, демек ал иште биз үчүн зыяндар бар. Аллах Таала бизди кайсы ишти аткарууга
буйруса, демек ал иште биз үчүн пайдалар бар. Зина кылуу, коомчулукка өтө көп зыян алып келет. Эң биринчи зина кылуу
менен адамдагы ата текти билүү мүмкүн болбой калат. Динде
ар бир адам өз атасын билүүсү керек. Ар бир адам атасынын
аты менен чакырылат. Элибизде бир гана атасын эмес, жети атасына чейин билүү шарт болгон. Жети атасын билбеген кул
деген сөз болгон эл арасында. Ал эми зина көбөйгөндө атасын, тегин ажыратуу жоголот. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) хадисинде:
– «Зинадан төрөлгөн балдар жок болсо,үммөтүм ийгилик
менен жашайт. Качан зинадан балдар төрөлө баштаса, аларга Аллахтын азабы келет. Алардын тек-урпагы аралашып кетет»
– деген. Зина көбөйгөн жерде Аллахтын ар түрдүү азаптары да
көбөйөт. Бир хадисте:
– «Кайсы бир элде зина менен сүткордук ачык жасала баштаса, ал элге Аллахтын азабы келет» – деп айтылган. Ошондой эде дагы бир хадисте:
– «Кайсы бир коомдо зина көбөйсө, ал коомдо өлүм
көбөйөт» – деп айтылган. Зинанын көбөйүүсү коомчулукка келип жаткан ар түрдүү балээ кырсыктардын көбөйүүсүнө себеп болот. Зина кылуучулар, бул дүйнөдө эле ар кандай азаптарга туш болушат. Ал эми акыретте алар үчүн катуу азаптар бар.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Жибрийл жана Микайил периштелер түшүнө киргендигин айтып, бул хадисин баян кылган:
– «Биз оозу тар, түбү кенен тандыр сыяктуу жерге бардык.Анын ичинен онтоолор жана ызы-чуу чыгып жатыптыр. Карасак анда жылаңач аял-эркектер бар экен. Алардын алдына оттун жалыны келген кезде катуу чыңырып жатышыптыр. Жибрийлден, булар кимдер деп сурадым. Булар зинакор аялдар
жана зинакор эркектер деп жооп берди ал». Пайгамбарыбыз
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) экинчи бир хадисинде:
– «Кыяматта үч түрдүү адамга, Аллах Таала сүйлөбөйт,карабайт, жана аларды күнөөдөн тазалабайт, алар: картайган зина кылуучу, жалганчы падыша жана текебер кембагал» –деп айткан. Зина кылуу мусулман адамга тиешелүү иш эмес.
Мусулмандын ыйманы өтө таза нерсе. Кимдин жүрөгүндө ыйман болсо, ал жүрөктө башка жаман нерселердин болуусу
мүмкүн эмес. Ыйман бул нур, күнөө бул ыпластык. Нур менен ыпластык бир жүрөктө бирге боло албайт. Пайгамбарыбыз
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) хадисинде:
– «Пенде зина кылган мезгилде анын ыйманы чыгат да,булут сыяктуу анын үстүндө турат. Качан ал зинадан кайтканда кайра кирет» – деп. Ушул сыяктуу эле экинчи бир хадисте:
– «Зина кылуучу зина кылган убакта момун болбойт, ууру уурулук кылган убакта момун болбойт, арак ичүүчү арак ичкен убакта момун болбойт» – деп айткан.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Зина кылуу ыплас жаман иш. Аллах Таала зинага жакындабагыла деп буйруду. Аллахтын буйругун аткаруу ар бирибиздин милдетибиз. Бирок динсиз коомдордун кээ бир амалдары бизге да терс таасирин тийгизет. Жарым жылаңач жүрүүнү кайра-кайра реклама кылуу, зинага түрткү болуучу кинолорду көрсөтүү, газета-журналдарга жылаңач сүрөттөрдү тартуу
ж.б.у.с. адамдын таза ахлагын бузуп, күнөө кылууга себеп болот. Анан да менин айтайын дегеним, биздин динибизге да, элибизге да жат болгон керексиз майрамдардын көбөйүүсү
жамандыкка гана алып барат. Мисалы, азыр жаштарыбыз жыл сайын 14-февралда белгилеп жүргөн сүйүү майрамынын бизге кандай тиешеси бар? Бул майрам кайдан пайда болгон жана анын кандай мааниси бар?
Бул майрам мындан 1700 жыл мурда пайда болгон жана
анын пайда болуусу туралуу үч түрдүү маалымат бар. Биринчи маалымат боюнча, бул майрам римдиктердин Юну аттуу ургачы кудайынын элесине арналган. Бул, ургаачы кудай алардын ишеничи боюнча аялдардын жана сүйүүнүн кудайы деп эсептелет. Экинчи маалымат боюнча, Люсиюс аттуу ургаачы кудайдын элесине багышталат. Бул кудай, ургаачы карышкыр болуп, Румилиюс жана Римус деген эки баланы эмизген деп айтылат. Бул күндүн сүйүү күнү деп аталып калуусу карышкырдын балдарды сүйүп эмизгендиги үчүн имиш.
Ал эми үчүнчү айтым боюнча, Римде Кладиюс аттуу падыша аскерлерине үйлөнүүгө тыюу салат. Анткени аскерлер үй-бүлөөсүнө алагды болбой, өлкөгө жакшы кызмат кылат деген ойдо болгон. Ошондо Валентин аттуу чиркөө кызматкери,
жашыруун түрдө аскерлерди никелеп коёт. Бул иш падышага белгилүү болуп калат да Валентинди 269-жылы, 14-февраль күнү өлтүрөт. Ошондон кийин чиркөө, ургаачы карышкырга
арналган бул күндү ыйык валентин күнү деп эсептеп калган.Бирок ошол эле чиркөөлөр тарабынан 1969-жылы, бул бузукулукка үндөгөн жаман майрам деп аны майрамдоого тыюу салынган. Кандай болгон жерде да бул күндүн бизге эч кандай тиешеси жок. Бирок өкүнүчтүүсү, азыркы учурда бизде да бул күндү майрамдап жүрүшөт. Чындыгында бизге эч кандай тиешеси жок бул майрамдын зыяны гана тийбесе эч кандай пайдасы тийбейт. Бул күндү майрам деп эсептеген жаштар, ушул
күнү өздөрүн эркин сезип, зинага же зинага алып баруучу жолдорго барышат. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-са-
лаваты болсун) бир жолу:
– «Силер өзүңөрдөн алдыңкыларды ээрчийсиңер, эгер
алар баштары батпаган кескелдириктин ийнине кирсе, силер да алардын артынан кирүүгө аракет кыласыңар» – дейт саха-
баларына. Ошондо алар сурашат:
– Эй, Аллахтын элчиси, жөөттөр менен христиандарды
айтып жатасыңбы?
– «Ооба, алардан башка ким болмок эле» – деп жооп берген. Башка коомго тиешелүү жаман адаттарды тууроо, мак-
сатсыз ээрчүү эч качан жакшылыкка алып келбейт. Биздин
таза динибиз бар, таза менталитетибиз бар, ыймансыз коомдун артынан ээрчүүнүн эч кандай зарылчылыгы жок. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Ким, өзүнү башка коомго окшоштурса, ал ошолор менен бирге болот» – деген.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Аллах Таала ыймандууларда кандай сыпаттар болуусу керек экендигин баян кылып: «Алар Аллахка башка бирөөнү кошуп сыйынбагандар, Аллах өлтүрүүгө тыюу салган тирүү жанды укуксуз өлтүрбөгөндөр жана зина кылбагандар…» –деп мактаган. Демек ыймандуу адам, Аллахка шерик кылбаган сыяктуу, адам өлтүрбөгөн сыяктуу зинага да жакын жоло-
боосу керек. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Ким эки эрининин жана эки бутунун аралыгындагы мүчөлөрүн арамдан сактаса, ага бейишти убада кыламын» –деген. Аллах Таала баарыбызга Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) убада кылган бейишти насип кылсын.
Аллахым баарыбыздын күнөөлөрүбүздү кечир. Улуу
күндө кылган ибаадат, дубаларыбызды кабыл кыл. Аллахым, ар бирибизди зина сыяктуу арам иштерден өзүң сактап, туура жолуңдан адаштырба. Аллахым, бул дүйнөдө да акыретте да жакшылыктарыңды
насип кылып, тозок отунан сакта.
Ассалааму алайкум ва рахматул-Лоохи ва баракатуху.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев