Арам тамак аш болбойт
Бисмиллаахир-рохманир-рохиим. Мээримдүү жана
ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын.Ааламдарды
жаратуучусу Аллах Таалага мактоо айтабыз. Андан жардам сурайбыз, кетирген күнөөлөрүбүздү кечирүүсүн суранабыз.
Напсибиздин жана амалдарыбыздын жамандыгынан коргоо
тилейбиз.Аллахым бизди арамдан чыгыш менен батыштай алыс кыл жана адал жашоонун үстүндө өмүр кечиргиз.Аллахым, бизге туураны туура көрсөтүп, туура жолуңда
алып жүр. Катааны катаа көрсөтүп, адашуудан өзүң сакта.Аллахым, ар бирибизди пайдасыз илимден сакта. Өзүңдөн
коркпогон жүрөктөн сакта. Кабыл кылынбаган дубадан сакта.Өзүңө көтөрүлбөгөн амалдан сакта.Аллахым, Ибрахимге жана Мусага, Исага жана Мухамммадга берген такыбалыкты, бизге да насип кыл.
Күбөлүк берем Ал, Аллах жалгыз, Анын шериги жок, Ал бардык нерсеге күчү жетүүчү, Кудреттүү. Ал, Аллах адамзатка адал ырыскынын эшигин ачып койгон жана арам тамак менен тамактануучуларга катуу азапты убада кылган.Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Аллахтын элчиси жана кулу. Ал, Пайгамбар адамзатты адал тамак менен тамактанууга буйруган жана арам менен азыктанган дененин бейишке кирбестигин эскерткен.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Бүгүнкү сабагыбыз, Аллахты жаратуучу деп ыраазы болгон,Мухаммадды (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Пайгамбар деп ыраазы болгон, Исламды дин деп ыраазы болгон бир туугандарыбыз үчүн өтө зарыл сабак.Мусулман адам өтө таза, анын даражасы Аллахтын алдында өтө бийик. Себеби мусулмандын жашоосу, анын ар бир алган демине чейин
тазалыктын үстүнө курулган. Аллахка жасалуучу ибаадаттардын баары тазалык менен байланыштуу. Ошол үчүн Пайгамбарыбыз Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
хадисинде:
– «Чындыгында Аллах Таала таза жана тазаларды гана кабыл кылат» – деп айткан. Аллах Таала пенделери үчүн, анын ичинде мусулмандар үчүн адал ырыскынын чексиз эшиктерин ачып койгон жана ар бир аял-эркекке адал тамактанууну гана буйруйт. Биз көпчүлүк убакта арам тамак деп, чочконун этин, өлүмтүктү же арак сыяктуу нерселерди гана эсептешибиз мүмкүн. Жок, арам өтө терең маселе. Азыр эле адал болуп турган нерсени бир заматта арамга айландырып алуубуз
мүмкүн. Мисалы: күн сайын жеп жүргөн эле нанды, башка бирөөдөн уурдап алсаң ал арам. Өзүңө тиешеси жок башка бирөөнүн акысын алуу арам. Аны кандай жол менен, мейли уурдап аласыңбы, мейли тартып аласыңбы, мейли таразадан же башка нерседен алдап аласыңбы баары бир ал сен үчүн
арам. Ыйык келменин ээлери болгон, өзүн мусулман деп эсептеген адамдардын тамакты кандай жол менен таап жатканына көңүл бурбай, курсак тойсо болду деп кайдыгер жашап жатканы, азыркы убактагы жүрөктү ооруткан өтө оор маселе.
Анткени арам тамактык бул дүйнөдө да, акыретте да, адамды бактысыздыкка гана алып келет. Аллах Таала ыйык Кураанда: «Таза, адал тамактарды жегиле, шайтандын жолу менен
жүрбөгүлө, чындыгында ал силерге ачык-айкын душман…» деп буйруган жана экинчи бир аятта: «Оо, ыйман келтирген-
дер, Биз ырыскы кылып берген адал нерселерден тамактангыла. Эгер чындап эле Ага сыйынуучу болсоңор, Аллахка шүгүр кылгыла» деп айткан. Арам менен тамактануунун ден соолукка да өтө чоң зыяны бар. Аллах Таала жөндөн-жөн эле бир нерсеге тыюу салып, жөндөн-жөн эле бир нерсеге буйруган эмес.
Аллах тыюу салган иште биз үчүн зыян, ал эми Аллах аткарууга буйруган иште биз үчүн пайдалар бар. Ал эми акыретте Ал-лахтын алдына барган кезде, арам тамак менен тамактангандардын абалы өтө оор болот. Пайгамбарыбыз Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисинде:
– «Арамдан мал-дүйнө тапкан адамдарга көз артып, кызыкпагыла. Ал байлыгынын жарымын садака кылса, Аллах
аны кабыл кылбайт. Ал эми калган бөлүгү аны тозокко баштап барат» – деген. Экинчи бир хадисинде:
– «Арам менен азыктанып өскөн дене тозокко гана татыктуу» – деп айткан. Арам тамак кандай жол менен табылганына карабастан, аны менен тамактанган адам кыяматта, катуу азапка дуушар болот. Анткени ал Аллах буйруган ибадаттар-
ды аткара берет, бирок тамагы арам болгону үчүн Аллах аны кабыл кылбайт. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Аллахка ант ичип айтамын, ким бир жутум арам тамак менен тамактанса, кырк күнгө чейин ибаадаты кабыл болбойт» – деген. Экинчи бир хадисте:
– «Ким он дирхамга көйнөк сатып алса, он дирхамдын бири арамдан келген болсо, ал көйнөк менен окулган намаз-
дарын Аллах Таала кабыл кылбайт» – деп айткан Пайгамбарыбыз Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун). Демек ибаадаттын кабыл болуусу үчүн тамактын адал болуусу зарыл. Сааьд ибни Абу Ваккас, (Аллах андан ыраазы болсун)Пайгамбарыбыз-дын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)таекеси, бир жолу:
– «Оо, Аллахтын элчиси, мага бир дуба кылчы, менин дубаларым ар дайым кабыл болсун» – деп суранат Пайгамбары-
быздан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун). Ошондо Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
– «Ичкен-жегениң таза болсун, Аллах сенин дубаңды кабыл кылат» – деп жооп берет. Кийинчерээк кээ бир адамдар Сааьд ибни Абу Ваккасдан (Аллах андан ыраазы болсун), эмне
үчүн сенин кылган дубаларың кабыл болот да биздин дубалар кабыл болбойт деп сурашканда, ал:
– Мен астымдагы тамактын кайдан келгенин, кандай жол менен табылганын, кантип даярдалганын анык билмейинче, оозума салбаймын – деп жооп берет. Ичкен-жегени таза болбогон адамдын дубасы, анын ким экендигине карабастан ка-был кылынбайт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-сала-
ваты болсун) хадисинде:
– «Чачтарын, кийимдерин чаң басып, алыс сапарда кыйналып жүргөн адам, колун созуп Аллахка дуба кылып, эй Роббум, эй Роббум деп жалбарат. Бирок анын жегени арам, ичкени арам, кийгени арам, азыгы арам анан кантип анын дубасы
кабыл болсун» – деп айткан. Дубасы өтө бат кабыл боло турган адам, ал сапардагы адам. Бирок тамагы арам болгону үчүн, Аллах Таала мусапырдын да дубасын кабыл кылбайт. Ошол үчүн
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) арам тамактан сактанууга өтө көп насыятын айткан. Бир хадисте:
– «Бир адам үчүн арам тамакты жегенче,топуракты же-
гени жакшыраак болот» – деп айткан. Пайгамбарыбыздын
(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)тарбиясын көргөн
сахабалардын бири Абу Бакр Сыддыктын (Аллах андан ыраазы болсун) колунда кызмат кылган жаш жигит бар эле.Кээде
анын алып келген тамактарынан Абу Бакр (Аллах андан ыраазы болсун) да тамактанып калчу. Бирок ар дайым тамакты кайдан таап келгенин сурап анан кийин гана жечү. Бир жолу баланын алып келген курмаларынан бир даанасын жеп коёт да, андан кийин аны кайдан алгандыгын сурайт. Динди кабыл ала элек мезгилимде жалгандан көзү ачыктык кылып, бир
адамга келечегин айткан элем, ошонун акысы деп бул курмаларды эми алып келиптир деп жооп берет бала. Абу Бакр (Аллах андан ыраазы болсун) сөөмөйүн оозуна салып кусууга аракет кылат, бирок куса албайт. Кайра-кайра суу ичип акы-
ры ичиндегини кусуп чыгарат. Жанындагылар бир курмага да ушунча кыйналасыңбы деп таң калышканда, «жаным менен бирге чыкса да чыгарат болчумун» дейт Абу Бакр (Аллах андан ыраазы болсун). Анан Аллахка дуба кылып, оо, Аллахым, ушул курманын аш казанымда калып калган бөлүгү болсо, ал
үчүн мени кечир деп суранат. Улуу аалымдардын бири: «оо-рудан сактанып, адал тамактан өзүн тыйган, ал эми тозоктон сактануу үчүн арам тамактан өзүн тыйбаган адамдарга таң
калам – деп айткан экен. Абу Ханифа (Аллах ага ырайым кылсын):
– Мен, «каапырларга даярдалган тозоктон сактангыла» деген аяттан аябай корком. Анткени, бул аят арам тамак менен тамактангандарга тиешелүү – деп айтчу. Сахл: (Аллах ан-
дан ыраазы болсун) арам менен тамактанган адамдын денеси
өзүнө баш ийбей калат да каалаган күнөөлөрдү жасай берет– деп айткан.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Келгиле буга чейин,тапкан тамагыбыздын кайдан келип жатканына көңүл бурбай жүргөн болсок, бүгүндөн баштап,
тамагыбызга көңүл буралы. Келечекте биздин артыбызда тукумубузду улап калуучу балдарыбызды адал тамак менен тамактандыралы. Аллахтын алдына барганда арам тамак себебинен тозокко түшүп калуудан сактаналы.
Аллахым ар бирибизди адал тамак менен тамактануучу пенделерден кылгын. Арамдан баардыгыбызды алыс кылып,адал ырыскыңдын эшигин ач. Баарыбыздын билип-билбестен жасаган күнөөлөрүбөздү кечирип, төбүлүктүү бейиште чогуу
кылгын.
Ассалааму алайкум ва рахматул-Лоохи ва барактуху.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев