Пикир ибадаты
Бисмиллаахир-рохманир-рохиим. Мээримдүү жана
Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Бардык ааламдардын жаратуучусу Аллах Таалага мактоолор болсун.Күбөлүк берем Ал Аллах жалгыз, Анын эч кандай шериги жок.
Баардык мүлк, баардык мактоолор ага гана тиешелүү, Ал бардык нерсеге күчү жетүүчү, Кудреттүү.Оо, Аллахым! Жамандыктардан өзүң каалагандай сактагын, албетте сен сактоого Кудреттүүсүң.Жакшылыктарды насип кыл, албетте сен ар бир ишти Көрүүчү жана Билүүчүсүң. Аллахым, өзүңө сүйүктүү болгон амалдарды аткарууга жардам бер, өзүңө жагымсыз болгон амалдарды аткаруудан
сактагын. Аллахым, акты ак көрсөтүп, туура жолуңда алып жүр. Караны кара көрсөтүп, адашуудан алыс кыл.
Аллахым, өзүңдүн барлыгыңа, бирлигиңе ишене турган ыймандуулардан кылгын. Жаратуучусун тааныбаган маңкурт каапылардан кылбагын.Аллахым, өзүңдүн сүйүктүү Пайгамбарыңдын жолу менен жүрүүнү насип кыл. Өзүңдүн душманың, шайтандын жолуна түшүп калуудан сактагын.
Күбөлүк берем Ал Аллах жалгыз, Анын шериги жок, Ал бардык нерсеге күчү жетүүчү, Кудреттүү. Ал, Аллах адамзатты жоктон бар кылган жана аны жок кылып кайра тирилтүүгө
кудреттүү. Ал, Аллах адамзатты баардык макулуктардан шарапаттуу кылып жаратып, ага акыл жана тил берген.Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Аллахтын элчиси жана кулу. Ал, Пайгамбар адамдарга Аллахтын жалгыздыгын жеткирген. Өз үммөтүн Аллахтын аят-белгилерине ой жүгүртүүгө чакырган улуу Пайгамбарыбыз Мухаммадка (ﷺ) , анын үй-бүлөөсүнө жана сахабаларына Аллахтын салам-салаваты болсун.
Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз, (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) түн ичинде өмүрлүк жары Айша эне-
бизге кайрылып:
– «Эгер сен уруксат берсең мен Жаратуучуга ибаадат кылайын» – деп сурайт. Айша энебиз: сенин менин жанымда
болууң мен үчүн өтө жакшы бирок, Аллахка ибаадат кылуудан сени тосо албайм – дейт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) даарат алып эки рекет намаз окуйт.
Намазын баштагандан бүткөнгө чейин, руку кылганда, сежде кылганда көз жашын агызып ыйлайт. Көзүнөн аккан жашка сакалдары суу болот. Намазын бүткөндөн кийин да ыйы
токтобой көпкө отурат. Билал (Аллах андан ыраазы болсун)
таңкы намазга азан чакырып,Пайгамбарыбыздын (ﷺ) жанына келет да, анын ыйлап отурганын көрөт.
– Оо, Аллахтын элчиси, Аллах Таала сенин өткөн жана келечек күнөөлөрүңдү кечирген эмес беле, эмне үчүн өзүңдү мынча кыйнайсың – деп сурайт.
– «Ээ, Билал, ошол нээматка шүгүр кылуучу пенде болбоймунбу» – деп жооп берет Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун). Андан кийин Пайгамбарыбыз (Ага
Аллахтын салам-салаваты болсун) Билалга (Аллах андан ыраазы болсун) карап:
– «Бүгүн мага бул аяттар түштү» – деп, төмөнкү аяттарды окуп берди. «Асмандар менен жердин жаралуусунда жана түн менен күндүн алмашуусунда-акыл ээлери үчүн белгилер
(бар). Алар (ыймандуулар) Аллахты турган абалда, отурган жана жамбаштаган абалда да эстешет. Асмандардын жана жердин жаралуусу жөнүндө ой жүгүртүшүп: Оо, Жаратуучу, Сен буларды максатсыз эле жараткан эмессиң. Сен Аруусуң.Бизди тозок отунан сакта. (дешет). Пайгамбарыбыз (Ага Ал-
лахтын салам-салаваты болсун)
– «Аятты окуп ага ой жүгүртпөгөндөргө вайл болсун» –деп айтты. Вайл тозоктун бир чуңкуру. Аллахтын сөзүн окуп
ага ой жүгүртпөгөн адам азапка дуушар болот.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Аллах Таала башка макулуктардан айырмалап адам баласына акыл нээматын берген. Аллах Таала Адамды жараткан
кезде периштелер кызганышып: «Сен жер бетине бири-биринин канын төгүүчү, бузукулук кылуучуларды жаратасыңбы?
Ага караганда, биз сенин атыңды улуулап, сага мактоо жана тасбих айтабыз» – дешет. Ошондо Аллах Таала сыймыктануу менен: «Силер мен билген нерселерди билбейсиңер» – деп жооп берет. Кийин Аллах Таала Адамга баардык нерсенин
атын үйрөтүп, периштелерге ушул нерселердин аттарын атап бергилечи деп талап кылат. Периштелер: «Сени аруулайбыз.Сен өзүң бизге үйрөткөн нерселерди гана билебиз. Чындыгында, Сен Билүүчү жана Даанышмансың» – деп айтышат.
Ошондо Аллах Таала Адамга булардын аттарын атап бер дейт.Адам алардын баарынын атын атап берет. Кийин Аллах Таала периштелерди Адамга сежде кылууга буйруйт. Периштелер
ага сежде кылышат. Бул аяттан Адамдын даражасы кандай
бийик экенин билебиз. Адам акылы менен адам. Бирок качан ал акылын иштетпесе, Аллах жараткан айлана-чөйрөгө, жаратылышка акыл жүргүзбөсө анда анын айбандан айырмасы жок
болуп калат. Тилекке каршы көптөгөн адамдар Аллахтын аят-белгилерине ой жүгүртүшпөйт.Чындыгында Аллахтын аят-
белгилерине акыл чаптырып, ой жүгүртүү эң чоң ибаадат. Умму
Дарда (Аллах андан ыраазы болсун) аттуу сахаба аялдан анын
күйөөсү Абу Дарданын ибаадаты тууралу сурашат. Ошондо ал:
Абу Дарданын эң жакшы ибаадаты, Аллахтын аят-белгилерине ой жүгүртүү эле деп жооп берет. Умар ибни Абдулазиз: ибаа-
даттардын эң жакшысы, Аллах берген нээматтарга ой жүгүртүү– дейт. Пайгамбарыбыз да: (Ага Аллахтын салам-салаваты бол-сун): «Аллахтын жаратылышына ой жүгүрткүлө» – деп буйруган. Аллахтын жаратылышында өтө көптөгөн белгилер бар.
Аллах жараткан ар бир жаныбар, ар бир өсүмдүк, асман, жер, суу, таш мунун баарында акыл жүгүрткөн адамдар үчүн белгилер бар. Акылын иштетип, пикир кылган адам бул ааламдын өзүнөн өзү жаратылбагандыгын дароо сезет. Ушунчалык чоң ааламды өз нугунан чыгарбай башкарып турган Аллахтын бар
экендигине ишенет. Ал эми акылын иштетпеген адам өзүнүн кандай жаралганын да билбейт. Аллах Тааланын жараткан макулугунда Аллахтын чексиз Даанышман Жаратуучу экендигине далилдер бар. Алыс барбастан өзүбүздүн жаралуубузга бир көңүл буруп көрөлү. Аллах Таала Адамды жер бетиндеги
топурактан жараткан. Ошондуктан адамдардын кулк мүнөзү топурак сыяктуу. Бирөөлөрү өтө жумшак, бирөөлөрү корс болот. Түстөрү дагы ар түрдүү, бирөөсү ак, бири сары, дагы бири кара. Адамды топурактан жараткандыгы туралуу көптөгөн аяттар айтылган. Фуссилат сүрөсүнүн он биринчи аятында:
«Эми алардан сура: Аларды жаратуу кыйынбы же башка жараткан нерселерибиз кыйынбы? Чындыгында аларды (адам баласын) жабышкаак ылайдан жаратканбыз» – деп айтылган. Ал эми Сод сүрөсүнүнүн жетимиш биринчи аятында: «Эгең
периштелерге (мындай) деди: Мен инсанды ылайдан жаратамын. Качан аны жасап бүтүп, өз рухумдан (үйлөп, жан) кир-гизгенимде, ага сежде кылып ийилгиле» – деп айткан. Адам деген сөз биздин тилге которгондо эң төмөн деген маанини
билдирет б.а. эң төмөн жер бетинен алынып жасалаган. Ошону менен катар эле адамга эң бийик зат Аллах Таала өз рухунан үйлөп жан киргизген. Эгер адам баласы Аллахтын мыйзамынан чыкпай туура жолдо жүрсө, анда ал өтө бийик даражалуу
болот. Эгер туура жолдон адашып, Аллахтын буйругун аткарбай жашаса, анда анын даражасы түшүп, төмөн болот. Жалпы адамзаттын атасы ушундай топурактан жаралган. Ал эми биз кандай жаралганбыз? Ушуга ой жүгүртүп көрдүң беле?Эгер ой жүгүртө элек болсоң, анда бирге ой жүгүртөлү. Ясин сүрөсүнүн жетимиш жетинчи аятында: «Биз аны бир тамчы суудан жаратканыбызды инсан көрбөдүбү?» – деп айтылган. Аллах Тааланын экинчи бир аятында: «Инсан өзүнүн эмнеден жаратылганын карап көрсөчү. Ал атылып чыгуучу суудан жаратылган. (Ал суу) бел жана көкүрөк арсынан чыгат» – деп айтылган. Экинчи бир аятта: «Аллах силерди эң оболу топурактан, анан уруктан жаратып, анан силерди жуп-жуп кылып койду» – деп айтылат. Ошондой эле Инсан сүрөсүндө да: «Биз
адамды бир тамчы аралашма суюктуктан жараттык» – деп айткан.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Мындан он төрт кылым мурда айтылган Аллахтын бул сөздөрүнө ошол замандын адамдары эмес, он жетинчи кылым-
га чейин эч кимдин акылы жеткен эмес. Баланын кандай пайда болуусу илимпоз окмуштуулардын ортосунда талаш бойдон кала берген. Кээ бирөөлөрү бала эненин этек кир канынан жаралат дешсе, кээлери «гомунклус» деп аталган кичинекей адамдардын
тизилип тургандыгын айтышкан. Буулардын талашына Артур Левенгухтун микроскопту ойлоп табуусу чекит койгон. Чындыгында адам баласы Кураанда айтылгандай, эне менен атадан бөлүнүп чыккан суудан пайда болот экен. Атанын бел суусунун
бир см² тында 80 миңден 100 миңге чейин аталык уруктар болот.Ошондо атадан бир жолу бөлүнүп чыккан бел сууда 500 млн урук болсо, алар өлүп отуруп эненин жатын кабыгын тешип өтүүгө
келгенде болгону 500 миңи гана калат. Ошонун ичинен бирөөсү гана энелик урук менен аралаша алат экен. Илим техниканын өнүккөн мезгилинде араң ачылган бул ачылышты Кураан менен сүннөт он төрт кылым мурда эле айтып койгон. Кураанда: «Эч
бир ургаачы Аллахтын билиминен тышкары жүктүү боло албайт,
(боюна бүтпөйт) аны коё да албайт (төрөй да албайт). Аллахтын
китебинде жазылган өмүр узартылбайт да, кыскартылбайт. Албетте, бул Аллахка жеңил» – деп айтылган.Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисинде:
– «Баардык эле суудан бала боло бербейт» – деп айткан. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) медик
да окмуштуу да болгон эмес, болгону Аллах Таала берген илим менен гана сүйлөгөн. Аллахтын илими чексиз. Анын жараткан жаратылышына акыл жүгүртүп пикир кылган адам улам жаңы
белгилерди көрө берет. Кураанда: «Кураандын толук чындык экени айкындалганга чейин ааламдагы жана өздөрүндөгү белгилерибизди толук көрсөтөбүз. Чындыгында Эгеңдин баардык
иштерге күбө экендиги сага жетиштүү эмеспи» – деп айткан Аллах Таала. Аллахтын аят белгилерине карап, ой жүгүртүү, ыймандын күчтүү болуусуна себеп болот. Сахл: (Аллах андан ыраазы болсун) «Аллахтын аят-белгилерине пикир кылуу, ыймандын нуру» – деген.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Ибаадат бир гана намаз окуу, орозо кармоо же ажылык кылуу эмес. Аллахтын берген нээматтарын карап туруп, ага
ой жүгүртүү өтө чоң ибаадат. Анткени жөн гана сокур тууроо
менен жасалган ибаадатка караганда, акыйкатты көрүп чын
ыклас менен жасалган ибаадат жакшыраак. Ибни Каййум: (Аллах аны ырайым кылсын) эки түрдүү жол бар – дейт, биринчиси Аллахтын бар экенине ишенүү. Бул баардык эле адамдарга
тиешелүү. Экинчиси, Аллахтын белгилерине пикир кылып, андан уялуу, коркуу, аны ыраазы кылуу менен бирге ишенүү. Чы-
ныгы ишеним мына ушул. Хасан Ал-Басрий: (Аллах андан ыраазы болсун) «Аллахтын аят-белгилерине бир саат ой жүгүртүү, бир жыл нафил ибаадат кылуудан жакшыраак» – деп айткан. Ошондой эле Суфян Ас-Саврий дагы өз сөзүндө: «Бир түндү пикир кылуу менен өткөрүү, бир түндү ибаадат менен өткөрүүдөн жакшыраак» – деген.
Аллах Таала ар бирибиздин жүрөгүбүздү ачып, Алаhтын нээматтарына пикир кылуучу пенделерден кылсын. Аллахым өзүңдүн берген жакшылыктарыңа пикир кылуучулардан жана алар үчүн шүгүр кылуучу пенделерден кылгын.
Аллахым баарыбыздын билип-билбестен кетирген күүнөлөрүбүздү кечиргин.
Ассалааму алайкум ва рахматуллахи уа баракатуху.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев