Эң касиеттүү амал ...
Салават айтуунун пайдалары деңиздин көбүгүндөй көп тура . Арышы алыс өзүнчө бир чалкып жаткан көл тура . Анда эмесе бермет сымал тамчыларын сабалата жазайын . Ихлас кылып Кудайымдын мээримини табайын .
Эки жүз миң хадисти жана имам Ахмад бин Ханбал рохимахуллохтун « Муснадын » жатка билген амалкөй такыба аалым - Абдуллах Сиражуддин Хусейний устазыбыздын : « Эртели кеч окула турган дубалар жана зикирлер » аттуу пайдалуу китебинин 119 -бетинде салават айтуунун негизги 20 пайдасын эскерип жазып кеткен .
Эскерте кетүүчү нерсе : Ал пайдаларды Курандын ишараттарынан жана аздектүү хадистерден , айтылуу аалымдардын сөздөрүнөн жана туура жолду туу тутуп , илим менен амалды айкалыштыра кармаган олуя заттардын топтогон тажрыйбаларынан алып жазган .
Эмесе шейх Абдулла Сиражуддин рохимахуллох эскерген салаваттын эң зарыл үлкөн пайдалары :
1- Периштелердин алкышына арзыйт .
2- Салаватты көп айткан адамга оболу Алланын , андан соң анын асыл пайгамбары Мухаммад саллаллооху алейхи ва салламдын жана периштелердин салам жолдоосу болот .
3- Салаватты айтуу менен менен дуба тилектери кабыл болот .
4 - Акыр кыяматта азирети сүйүктүү пайгамбарыбыз саллаллооху алейхи ва салламдын жалпы шапаатынан сырткары , жекече колдоо көрсөтүүсү менен толук кепилдигине эгедер болот.
5 - Ал себептүү кетирген кемчилик күнөө иштери кечирилип , даражасы өсүп , зоболосу бийиктейт .
6 - Кедейликти кетирип , кайгы муңдан арылтып , жан дүйнөнүн руханий оорусуна шыпаа, дартына даба болот .
7 - Салават баардык ааламда ээси үчүн коштоп жүргөн нур болмокчу . Бул жалган жашоодо , кабырда , махшар майданында , а түгүл түбөлүк бактылуулук жери болгон бейиштин өзүндө дагы жаркыраган нур болот .
8 - Өлүм саатынан алдыңкы көз ирмемдеринде аны көп айткан адам үчүн бейиш менен сүйүнчүлөгөн жагымдуу куш кабар болот .
9 - Аны айткан адамдын жана атасынын аты сүйүктүү асыл пайгамбарыбыз саллаллооху алейхи ва салламга жеткизилип эскерилет .
10 - Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи ва салламдын сүйүүсүнө балкыйт .
11- Кабырда ( барзах ааламында ) азирети асыл пайгамбарыбыз саллаллооху алейхи ва саллам менен байланыш түзүлүүсүнө өбөлгө түзүлөт .
12 - Эсине түшүрө албай жаткан нерсесин салават айтуу менен эстей алат . Салаватты такай айтып жүрүү - унутчаактыктын алдын алат .
13- Жан дүйнөсүнүн үрөйүн учуруп кыжаалатка салып , түйшөлтүп турган чоң коркунучтан сактап , амандык менен тынчтык жана бейпилдик алып келет .
14- Салават айтуу жүрөктөрдүн тирүү жашоосуна жана көкүрөктөрдүн жибип кеңейишине , жан дүйнөнүн сүйүнүчкө бөлөнүшүнө шарт түзөт .
15- Салават периштелердин сыйына жана ал үчүн атайын дуба кылышына себеп болот .
16- Алланын каар азабынан сактайт . Кембагал адамдын айткан салаваттары - садака менен зекеттин ордун басат .
17- Кыяматтагы мээ кайнаткан ысыкта арштын көлөкөсүнө саялап эс алууга себеп болот .
18- Акыретте баардык калайык мурда болуп көрбөгөндөй катуу чаңкоого туушукканда ,салават ээси андан амандыкта боло алат .
19- Сырат көпүрөсүндө кадамдардын тайып кетпей , бекем болуусуна жагдай түзөт .
20- Асыл пайгамбарыбыз саллаллооху алейхи ва салламдын кепилдиги астына кирип , сыйына арзып , бекем коргоосунда болот .
Кошумча пайда : Имам Тирмизий жана Ибну Хиббаан алып келген хадисте : Азирети асыл пайгамбарыбыз саллаллооху алейхи ва саллам : « Кыямат күнү менин шапаатыма жана жеке сыйыма жалган дүйнөдө мага көбүрөөк салават айтканыңар ээ боло алат » , деп эскерет .
Абу Тоолиб Маккий рохимахуллоох жана кээ бир аалымдар жогорку хадистеги « көп салават айтууну »изилдеп чыгышып ,эң аз дегенде күнүнө 300 ирет айткан жакшы деп эскеришет .
Ал эми Ибну Хажар Хайтамий рохмахуллоох : Көп айтты деп - убактысынын көпчүлүк бөлүгүн салават айтып өткөргөндөргө айтылат деп баяндайт .
Үстүбүздө турган күндөр жөнөкөй болбостон Кудайым даражасын көтөргөн улук күндөр . Зул хижжанын берекелүү он күндөрү . Бул убакыттарды салават айтуу менен бакытта өткөзөлү !
Жалпыңыздарга терең урматым жана жакшы изги тилектерим менен Калыс Заманбеков .
17/07/2021.
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Нет комментариев