Бир бай адам мечитке барып намаз окуп жатканда жанындагы дербиштин тилеген дубасын угуп калды.
- Аллахым, кардым өтө ач, мага мындай даам, мындай таттууларды жеткизип берчи,- деп суранды.
Бай адам ичинен: " Бул адам мени уксун деп эле айтты го. Өзүмө келип айтса эле болот ко. Ушу мага айтпай кудайдан угуза сураганы үчүн, жарты тыйын да бербейм деп ойлоду". (Напси деген мына ушундай, ар жерге тумшугун сала коёт го)
Дербиш намазын окуп бүтүп, мечиттин бир бурчуна жамбаштап жата кетти.
Аңгыча эле мечитке бир адам себет көтөрүп келип, дербиштин алдына жая салды. Дербиш себетти ачып караса өзү айткан даамдар менен эңсеген таттуулары экен. Карап олтурган бай аң таң калат. Дербиш себеттеги тамак аштан тоё жеп, калганын себеттин ээсине кайтарып берет. Себеттин ээси үн дебей, калган катканын көтөрүп мечиттен чыгат. Таң калган бай жүгүрүп чыгып себеттин ээсин токтотуп сурайт.
- Сиз кимсиз?
- Бир жакырмын.
- Бул таттууларды ким жиберди?
- Эч ким, өзүм алып келдим.
- Дербишти тааныйсыңбы?
- Жок тааныбайм.
- Өзүңүз тааныбаган адамга, эмнеге мынча азык алып келдиңиз?
Кедей күлүп коюп, мындай деди.
- Мен бир жалданма жумушчумун, адамдардын жүгүн ташып, күн көрөм. Бүгүн бир байдын жүгүн ташып берсем, ал мага көбүрөөк акча берди.
Кубанып базарга барып, башка убакта балдарыма алып бере албаган тамак аш, таттууларды сатып алып үйгө келдим. Чарчаганыман аялым тамак даярдагыла уктап кетиптирмин.
Түшүмдө Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи уасаллам) мындай деди.
- Мечитте бир аялуу адам сенин үйүңдөгү даамдарды сурады. Аллага дуба кылды. Сен ал адамга ушул даам, таттууларды алыа барып жегиз. Ал каалашынча тоё жесин. Калганын үй бүлөөң менен жесең, сенин үйүңө береке кирет. Ушул ишти жасасаң жаннатка кирүүгө өзүм кепил боломун. Мен ойгонуп кетип, даамдарды көтөрүп мечитке чуркадым, калганын өзүңүз көрдүңүз.
Бай кедейден:" Ушул даамдарга канча акча кеткенин сурады." Кедей жумшаган акчасын айтты.
- Кетирген акчаңды он эселеп төлөп берейин, калган даамдарыңдан мага бөлүш,- деди бай.
- Болбойт,- деди кедей.
- Жыйырма эсесин берейин
- Болбойт.
- Элүү эсесин берем.
- Жок.
- Жүз эсе...
Башын чайкаган кедей байга карап мындай деген экен.
- Бекер убараланбаңыз, канча байлык берсеңиз да сообумду сиз менен бөлүшө албайм. Анткени Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи уасаллам) менин бир ишим үчүн жаннатты убада кылды. Сиздин баардык байлыгыңды менин ала турган сообума татыбайт, сиз менен сообумду бөлүшө албаймын.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев