Көпчүлүк адамдар Рамазан айын чыдамсыздык менен күтүшөт жана ар кандай ибадаттын түрлөрүн аткарууга ниет кылышат. Бирок берекелүү Рамазан айы кирип келип, саналуу күндөр өткөндөн кийин жанагы бийик ой-тилектери басаңдап, өзү да алсырай түшөт. Жада калса түнкү намазга да алы келбей калат.
Эмне үчүн мындай алсырап кетти? Орозо кармоо ден-соолукка пайда эмес беле?
Жооп: Мунун себеби көпчүлүк адамдардын туура тамактанууну билбегендигинде, ден-соолукка пайдалуу тамактын түрлөрү менен тамактанбагандыкта жана орозодогу ден-соолук жана шарият алдындагы милдетин аткарууда талап кылынган эрежелерди билбестигинде жатат.
🕌СААРЛЫК МЕНЕН ООЗ АЧУУДАГЫ ТУУРА ЭМЕС КЭЭ БИР АДАТТАРДЫ АЙТЫП ӨТӨБҮЗ.
ООЗ АЧУУДАГЫ КАТАЛАР:*
1. ООЗ АЧУУНУ КЕЧИКТИРҮҮ*
Белгилүү болгондой ооз ачуу убактысы киргенден кийин оозду эртерээк ачуу бул сүннөт. Пайгамбар саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айткан: *
“Адамдар ооз ачууга шашып турганда жакшылыктан ажырашпайт”.(Бухари, 47/3)
Кээ бир адамдар намаз окугандан кийин ооз ачууну жакшырак деп ойлошот. Бул туура эмес түшүнүк. Анткени ооз ачууну кечиктирүү кандын айлануусунун басаңдоосуна алып келиши мүмкүн.
2.АЧКА ЖЕГЕНДЕ ЗЫЯН БОЛО ТУРГАН ТАМАКТАР МЕНЕН ООЗ АЧУУ*
Куурулган, ашказанга оор келген жана сиңиши кыйын болгон тамактар менен ооз ачуу туура эмес. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, курма менен ооз ачууну жакшы көрчү. Анткени курма өтө пайдалуу айрыкча орозо кармаган адамга. Курма темир менен фосфорго жана башка көптөгөн витаминдерге өтө бай келет. Ошондой эле курма ич катуусун жок кылып андан сактайт. Себеби орозо кармаган адам суюктукту аз ичкендиктен ич катууга кабылат.
3.АШЫКЧА КӨП ТАМАКТАНЫП АЛУУ*
Бир күн орозо кармагандан кийин орозо кармаган адам катуу ачкалыкты сезет жана сабыр кылганга да чыдабай калат. Анан бат көп тамакты жеп ашказандын дем алышына мүмкүнчүлүк бербейт. Тамактангандан кийин адаттагыдай дем алып кыймылга келгенге чейин беш сааттай өтөт. Ушундай болбош үчүн курма менен же бир аз шириндик менен ооз ачып анын артынан өтө муздак эмес суу ичип кийин шам намазына барыш керек. Ушул убакта ашказан намаздан кийин желе турган тамакты кабыл алууга даяр болуп калат.
Аллах таала ысырап кылгандардын ысырабын жалпы айыптап тамактануудагы ысырапкерчиликти өзүнчө айыптады мындай деди:
*“Жегиле, ичкиле бирок ысырап кылбагыла! Чындыгында Ал (Аллах) ысырап кылгандарды жакшы көрбөйт”.* (Аараф сүрөөсү, 31-аят) Дароо эле чоң өлчөмдөгү тамакты жеп ашказанды толтуруп алуу тамактын сиңирүүсүнө чоң зыянын тийгизет. Ушул себептен адамдын башы айланып аёосуз салгылашкандай алы кетип калат. Анан ал эс алганга муктаж болуп ибадат кылуу мүмкүнчүлүгүн талаптагыдай пайдалана албай калат.
🕌СААРЛЫКТАГЫ КАТАЛАР:
1. СИҢҮҮСҮ ООР БОЛГОН ТАМАКТАР МЕНЕН ООЗ ЖАБУУ*
Кээ бир адамдар саарлык кылууда сиңүүсү оор болгон тамактарды жегенди ылайык көрүшөт. Анткени ал ашказанда узун убакыт туруп ачкалыкты сездирбейт деп ойлойт.
Бул туура эмес. Ашказан тамакты керектүү убакка чейин сактай турган сандык эмес. Ал аяр мамиле кылына турган алсыз мүчө. Андыктан орозо кармай турган адам саарлыкта азыктуу жана сиңүүсү жеңил болгон суюк тамактарды жеш керек.
2. ӨЗ УБАГЫНАН АЛДЫН ООЗ ЖАБУУ*
Кээ бир адамдар саарлыкты эрте укташтан алдын эле ичип жатып алышат. Кээ бир адамдар түндүн жарымында саарлык кылып алышат. Мындай кылуу менен ооз ачкандагы тамак сиңе электе тамактанышып ашказанга жана денесине зыян алып келишет. Ошентип күндүзү курсактары ачат. Ошондуктан саарлыкты таңдын атуусунан алдыңкы убакытка чейин кечиктирип Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтүн карманган жакшы. Ошондой эле эрте уктап саарлыкка туруу керек. Ошондо багымдат намазына даярданып жана Куран аяттарынан бир аз болсо да окуганга убакыт болот.
3. АЧУУ ЖАНА КЫЧКЫЛ ТАМАКТАР МЕНЕН ТАМАКТАНУУ*
Кээ бир адамдар саарлыкта табитин ачып чоң өлчөмдөгү тамакты жеш үчүн ачуу жана кычкыл тамактарды жегенге умтулушат. Ал алдынкы жана кийинки келе турган ачкалыктын ортосунда жейт. Бул кылганы ашказанга зыян беришин унутат. Мындай тамактануу күндүзү катуу чаңкоого себеп болот. Андыктан чаңкабаш үчүн жана ич катуусунан сактануу үчүн саарлыкта суюктукту камтыган бир аз мөмө-жемиштерден жана жер-жемиштерден да тамактануу керек.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев