*
✍️Адам баласынын руханиятында бир эле учурда периштелерге таандык жана айбандарга таандык касиеттер бар болот. Айбандык туюмдарга каршы багытта жүргөн адамдын периштелешкен касиеттери өнүккөндүктөн, өзүнүн айбандык тарабы азайгандыгын жан дүйнөсү менен сезет. Түпкүлүгүндө, адам баласы периштелерден төмөн, башка айбандардан жогору деңгээлде жаратылган. Бирок, Аллах Таала адамды ченемсиз бийик мартаба менен эң эле төмөн орундун ортосундагы ара жолдо аракеттенип жашоого жөндөмдүү кылып жараткандыктан, адам баласы периштелердин ааламын да ашып өтүп, аларды мартаба жактан артта калтырса, кээде шайтандардын да астындагы төмөн орунга түшүп калуусу мүмкүн.
*لَقَدْ خَلَقْنَا الْإنْسَانَ فِي اَحْسَنِ تَقْوِيمٍ، ثُمَّ رَدَدْنَاهُ اَسْفَلَ سَافِلِينَ،*
*اِلَّا الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ فَلَهُمْ اَجْرٌ غَيْرُ مَمْنُونِ*
"Биз инсанды эң мыкты кебетеде жараттык. Кийин аны эң төмөн орунга түшүрдүк. Бирок, ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандар үчүн түгөнгүс сыйлык бар".
{Тин сүрөсү 4-6 аяттар}
Адамды периштеден айырмалантып турган нерселердин бири - бул адамда напсинин бар болушу Периштелерде жеп-ичүү, үйлөнүү, Аллахка күнөөкөр болуу ж.б.у.с сыяктуу абалдар жок. Алар жаратылышынан эле табияты таза, Аллахка үзгүлтүксүз ибадат кылуу менен алектенишет.
*لَا يَسْبِقُونَهُ بِالْقَوْلِ وَهُمْ بِاَمْرِهِ يَعْمَلُونَ، يَعْلَمُ مَا بَيْنَ اَيْدِيهِمْ وَمَا*
*خَلْفَهُمْ وَلَا يَشْفَعُونَ اِلَّا لِمَنِ ارْتَضَى وَهُمْ مِنْ خَشْيَتِهِ مُشْفِقُونَ*
"Андан мурда сүйлөй алышпайт, Анын
буйругу менен гана иш кылышат. Аллах алардын алды-артындагы бардык нерсени билет. Алар Аллах ыраазы болгондордон башка эч кимге колдоочу боло алышпайт. Алар Андан коркконунан калтырашат". {Анбия сүрөсү 27-28 аяттар}
Ал эми адам баласы болсо, жеп-ичүү
аркылуу өмүр улай алат. Ар убакытта күнөөгө батуусу, Аллах алдында кулчулук кылууда кемчилдик кетириши мүмкүн. Орозо кармаган мусулманды алып айтсак, ал таңдан-кечке жеп-ичүүдөн тыйылып, напсилик кумарларынын эки тизгин бир чылбырын өз колунда тутуп, ушак-айың жана зулумдуктан алыс болуу аркылуу кадимки периштеге окшой түшөт. Муну биз "периштелешүү" десек да болот. Керек болсо, ал ушул иши менен периштелерди да артта калтырат. Себеби, ал өз табиятына камыр-жумур жаратылган напсисине бийлик кылууга толук жетишкен болушу мүмкүн. Аллах Таала мындай асыл пенделери менен периштелеринин алдында сыймыктанат, аларды периштелерине өрнөк көрсөтөт.
{Ат-таргиб, 2-том 99-бет}
📘 "Ислам негиздери 3" китебинен.
Даярдаган: Ахунов Акжол


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев