Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылат. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
*“Аллах таала айтты: “Адам баласынын бардык жакшы иш-аракеттери өзү үчүн, бир гана орозосу Мен үчүн. Мен анын сыйлыгын Өзүм берем. Орозо – бул калкан. Силердин бирөөңөр орозо болсо, анда ал уяттуу жаман сөздөрдү сүйлөбөсүн жана ачууланып үнүн көтөрбөсүн. Эгерде аны бирөө жарым сөксө же урушса, анда ал: “Мен орозомун, мен орозомун” деп жооп берсин. Мухаммаддын жаны Анын Колунда болгон Затка ант! Орозо кармагандын оозунан чыккан жыт Аллахтын алдында мисктен да жыттуу. Орозо кармаган адам үчүн кубана турган эки кубаныч бар. Ооз ачканда кубанат жана Раббисине жолукканда орозо кармаганы үчүн кубанат”.* (Бухари жана Муслим)
Имам Бухаринин риваятында:
*“Мен үчүн тамагын, суусундугун жана шахватын таштайт. Орозо Мен үчүн жана Мен анын сыйлыгын Өзүм беремин. Ал эми бир жакшы иштин сообу он эсеге көбөйөт”.*
Имам Муслимдин риваятында:
*“Адам баласынын кылган ар бир жакшы иш-аракеттери он эседен жети жүз эсеге чейин көбөйтүлөт. Аллах таала айтты: “Бул орозодон башкасына. Анткени анын орозосу Мен үчүн. Ал шахватын жана тамагын Мен үчүн таштады, анын сыйлыгын Мен Өзүм беремин. Орозо кармаган адам үчүн эки сүйүнүч бар – ооз ачканда жана Раббисине жолукканда. Орозо кармагандын оозунан чыккан жыт Аллах үчүн мисктин жытынан да жыттуу”.*
Ибну Хузайманын риваятында:
*“Аллахка жолукканда, ага орозонун сыйлыгын берет ошондо дагы сүйүнөт”.*
Тирмизи риваятында
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
*“Чындыгында, Раббиңер айтат: “Ар бир жакшы иштин сыйлыгы он эседен жети жүз эсеге чейин көбөйтүлөт. Ал эми орозо Мен үчүн жана Мен аны Өзүм сыйлыгын берем. Орозо тозоктон калкан болот. Ошондой эле орозо кармаган адамдын оозунан чыккан жыт Аллах үчүн мисктен да жыттуу. Эгерде бир наадан орозо адамга наадандык кылса, анда: “Мен орозомун, мен орозомун” деп айтсын.*
Ибну Хузайманын башка бир риваятында
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
*“Аллах айтты: “Адам баласынын орозодон башка бардык иш-аракети өзү үчүн. Ал эми орозосу Мен үчүн. Мен орозо кармаганы үчүн аны сыйлыгын Өзүм берем. Орозо – бул калкан. Мухаммаддын жаны Колунда болгон Затка ант болсун. Орозо кармаган адамдын оозунан чыккан жыт Кыямат күнү Аллахтын алдында мисктен да жыттуу болот. Орозо кармаган адам үчүн эки сүйүнүч бар: ооз ачканда жана Раббисине жолукканда орозо кармаганы үчүн сүйүнөт”.*
Ибну Хузайманын дагы башка бир риваятында:
*“Адам баласынын бардык жакшы иштери өзү үчүн. Бир жакшы иш он эседен жети жүз эсеге чейин көбөйтүлүп берилет. Аллах айтты: “Орозодон башкасы. Орозо Мен үчүн жана Мен анын сыйлыгын Өзүм беремин. Тамагын Мен үчүн таштайт, суусундугун Мен үчүн таштайт, шахватын Мен үчүн таштайт, аялын Мен үчүн таштайт. Ошондой эле орозо кармаган адамдын оозунан чыккан жыт Аллахтын алдында мисктен да жыттуу. Орозо кармаган адамга эки сүйүнүч бар: ооз ачкандагы сүйүнүчү жана Раббисине жолуккандагы сүйүнүчү”.*


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев