*_АЯЛДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ_* ачык кийинген аялдар бейишке кирбесин, жадагалса андай аялдар бейиштин да жытын жыттабасын билишет. Бирок ага карабастан ачык кийинип жүрүшөт.
*_АЯЛДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ_* хижаб кийүү балагатка жеткен күндөн баштап парз экенин билишет. Бирок ага карабастан хижаб кийишпейт.
*_АЯЛДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ_* күнүгө бир саат боёнгонго убакыт табышат. Бирок намаз окуу парз десең, эч убактым жок деп көрүнгөн шылтоолорду айтышат.
*_АЯЛДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ_* каш терген жана кашын тердирген аялдарга Аллахтын каргышы айтылганын билишет. Бирок ага карабастан каштарын терип жүрүшөт.
*_АЯЛДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ_* атыр себинип көчөгө чыгуу арам экенин, ал атырдын жытын сездириш үчүн эркектердин жанынан өтсө, андай аял зынакор сымал экенин билишет. Бирок ага карабастан сыртка чыкканда атыр жыттарды буркуратып себинип чыгышат.
*_АЯЛДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ_* аялзаты үнүн назик кылып сүйлөгөнү эркектерди азгырарын, алардын ойлорун бузуп, жаман ойлорго түртөрүн билишет. Бирок ага карабастан эркектердин алдында үндөрүн өзгөртүп назик кылып сүйлөшөт.
*_АЯЛДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ_* күйөөсүнөн башка эркектерге сулуулануу арам экенин билишет. Бирок ага карабастан көчөдө ашыкча сулууланып жүрүшөт.
*_АЯЛДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ_* тозокко түшкөндөрдүн көбү аялдар болору тууралуу хадисти билишет, бирок тозоктон коргонууга эч кандай аракет кылышпайт.
Эми сизге суроо…
Сиз үчүн Аллахтын буйругу, пайгамбарыбыздын айткан сөздөрү эч кандай мааниге ээ эмеспи? Же сиз Аллахтын ыраазылыгына жетүүгө, бейишке кирүүгө ошончолук кайдыгерсизби? Сиз үчүн бейишке кирүү ошончолук арзанбы?
Эсиңизде болсун, Аллахтан алыстоо менен эч качан бактылуулукка жете албайсыз.
✍🏻 Эрланбек Кушчубек уулу
🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸
🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев