Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун):
- Алтын кеселер менен Каусар суусунун боюнда үммөтүмдү күтөм. Ал жакка келгендерге каусар суусун сунам, - деген эле.
Кийин, акыр заман жаштары бейишке кирип, каусар суусунун жанына келишет. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) аларды көрүп колундагы кесесин жерге коёт, муну көргөндөр:
- Оо, Алланын Элчиси, аларга эмне суусун бербейсизби? - деп сурашат. Анда Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун):
- Акыр заманда чекесин саждага тийгизген жаштар менен менин ортомду алтын кесе бөлүп туруусун каалабайм. Аларга өз колум менен кочуштап суу ичиргим келет, - дейт экен.
Ошол маңдайы саждага тийген жаштардан болуу арзуусу менен Жаратканга дуба кылалы жана анын жолун, ишин уланталы!
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1