🌸
Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.
_Аллах - кооз, кооздукту жакшы көрөт, пайгамбарыбыз ( ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун ) таза, жыпар жыттуу, сырт келбети жагымдуу болчу. Бизди да кебетебизди оңдоого, ак түстө кийинүүгө, мисвак колдонуп, оозду таза кармоого, тырмакты алып, чач-сакалды иреттеп, жуунуп-таранып жүрүүгө кызыктырган. Булар туурасында Куран аяттарынан сырткары ондогон хадистер бар._
_Менин насаатым да ушул: жан дүйнөңдү тазалоо менен бирге сырткы келбетиңе да көңүл бур. Жуунуу, оозду таза кармоо, кийимдин жарашыгына, тазалыгына көңүл буруу - мусулмандын милдети. Көргөн адам жийиркене тургандай кир, жарашыксыз кийинбе. Чач-сакалыңды үксүйтпөй майлап-тарап, таза, иреттүү карма. Анткени, мусулман - Исламдын күзгүсү, жагымсыз турпатыңды көрүп, кимдир бирөө исламды жек көрүп калуусу толук мүмкүн. Аллах эң жакшы сүрөттө жараткан пенделеринин бири экениңди унутпа._
*Дайыма жуун, тамактан кийин колуңду жуу, мисвакты ар бир дааратыңда колдон, тиш пастасы менен тишиңди тазала, жыттуу миск, атырларды пайдалан. Өзүңө да, үй-бүлөңө да, чогуу иштегендерге да жагымдуу бол. Кээде бутуңдун же денеңдин жагымсыз жыты чөйрөңө терс таасирин тийгизип, ишиңдин ийгиликсиз болуусуна, же күнүңдүн көңүлсүз улануусуна себеп болуп калуусу турган иш.*
_Аллах Таала - таза: тазаларды гана кабыл алат. Аллах Таала пенделеринин жаратылышын кооз, бой-турпатын келишимдүү, сүрөтүн адеми жараткан, мына ушул жаратылышка каршы болбой, бою-башты таза кармоо зарыл. Айрым акылы тайыздар ойлогондой, адамдын бул дүйнө жыргалынан кечип, кечил же дубанадай өмүр сүрүүсү сүннөткө туура келбейт._
*_Мусулман жөнөкөй, жупуну, бирок, таза, тыкан, тың, беделдүү, эң негизгиси сүннөткө ылайык өмүр сүрүүсү абзел._*
_*"Чынында, Биз адам баласын кереметтүү кылдык..."* ( "Исра" сүрөсү, 70-аят), бул - Алланын сөзү. Пенденин кереметтүүлүгү анын келишкен келбетинде, жакшы мүнөзүндө, бекем ыйманында жана кооз көрүнүшүндө._
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев