_*
*Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.*
*Пенденин бул дүйнөдө кылган кээ бир иштери ал киши өлгөндөн кийин да амал дептерине сооп болуп жазыла берет. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи ва саллам) мындай дейт: _"Киши өлгөн соң үч нерседен башка бардык салих амалдары токтойт. Алар: Садакаи-жариа (сообу көпкө улана берүүчү иш), пайдалуу илим жана өзүнө дуба кыла турган салих уул"_.*
*Башка бир хадисте да Аллах жолунда душмандын жолун күзөткөндөрдүн, бул милдетте туруп өлгөндөрдүн амалдары кыяматка чейин көбөйөөрү, кыяматка чейин күзөттө тургандай сооп алаарын, тозоктун ал көздөрдү күйгүзбөй тургандыгы туралуу айтылган.*
*Момун киши көз жумган соң амал жана жакшылыктарынын арасынан керек боло тургандары булар: үйрөтүп жайган илим, артына калтырган ыймандуу туягы (бала-бакырасы), үйрөткөн жана жайган Курани илими, курган мечити, жолоочулар мүлкүнөн бөлгөн садака. Булардын баары өлүмдөн соң ага керек болот.*
*Пайгамбарыбыз маркумга үч нерсенин баш ийдирилгенин айтат: Мүлкү, үй-бүлөсү жана кылган иштери. Мүлкү менен үй-бүлөсү кабырдын жанынан кайра артка кайтаарын, өзү менен бирге калаары болсо кылган иштери экенин баса белгилейт.*
📕_*Акырет тууралуу суроо жооптор китебинен*_
🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев