❤️
Атактуу психолог бир конференциясында: "Кимди жакшы көрсөңөр, ага барып жакшы көргөнүңөрдү ачык айтып жүргүлө, кийин өмүрүңөрдө өзөктү өрттөгөн өкүнүч калбасын" - деп эскертет. Бир апта өтүп, психологго Джон аттуу бирөө телефон чалат:
- Сиздин өткөн апта айткан сөзүңүз мени катуу ойлондурду. Конференциядан чыгып, жакшы көрө турган эч кимим жок экенин үйгө чейин ойлонуп бардым. Мен ушудан беш жыл мурун атам менен катуу урушуп үйдөн чыгып кеткен бирөөмүн. Ошодон бери бири-бирибизге тил катпай турган болгонбуз. Керек болсо үй бүлө мүчөлөрү жыйналган кезде, аны менен жолукпоо үчүн барбай да коёт элем. Үйгө жеткенимче атама "жакшы көргөнүмдү" айтууга ниеттендим. Ушундай чечимге келүүнүн өзүнө үстүмөн оор жүк түшкөндөй болду. Үйдөн чыгып, ата-энемдин үйүн көздөй жөнөдүм. Эшигин кагып жатып, эшикке атамдын чыкканын тиледим. Анткени, биринчи апамды көрүп калсам, жакшы көргөнүмдү ага айтып, атама жолугууга дагы да күчүм жетпей калаарын сездим. Эшикти атам ачты. Астананы аттабай туруп, эшиктин алдынан:
- "Ата, мен сизди жакшы көргөнүмдү айтуу үчүн келдим" дедим. Атам дароо башка адам болуп кеткендей болду: жүзү жумшарып, көзү жашылданды! Мени кучактай калып, башыман сыйпалай берди да:
- "Мен да сени жакшы көрөмүн, уулум, менин баатырым. Ушуну сага эртерээк айтпаганымды кечир",- деди.
Эки күндөн кийин атам инфаркт алып, ооруканага жатты. Атама жакшы көргөнүмдү айтпай дагы жүрө бергенимде...? Ага жакшы көргөнүмдү айтып үлгүрбөгөнүмдө...? Муну ойлоонун өзү коркунучтуу.
Айтайын дегеним - "жакшы көргөнүбүздү өз убактында айтуу керек дегениңизди" эми жакшы түшүнгөндөймүн. Рахмат сизге!
🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев