Бир жолу Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) бир аялдан: “Сенин күйөөң барбы?” деп сурады. Ал аял: “Ооба” деп жооп берди. Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун): “Ал сенден ыраазыбы?” деп сурады. Аял: “Мен бир нерсе кылуу колуман келбеген учурда гана ачууланат” деди. Ошондо пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун): “Ага жакшы көңүл бур, анткени ал сенин Бейишиң же Тозогуң” деди” (Ахмад 4/341)
Имам аль-Мунауи (Аллах аны рахматына алсын) бул хадиске карата мындай деп түшүндүрмө берген: “Башкача айтканда сенин күйөөң сага болгон ыраазылыгы себептүү сенин Бейишке киргенге себебиң же сага нааразылыгы себептүү сенин Тозокко кирүүгө себебиң. Ошондуктан ага жакшы мамиле кылып, күнөө болбогон иштерде анын буйруктарына баш ий” («Файдуль-Кадир» 2744)
🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев