Тозок ээлери деп тозокко түшчү, тозокко ылайык болгон кишилерди айтабыз. Тозок ээлери болуп Куран аяттары боюнча Аллага шерик кошкондор, Аллах Таалага ишенбегендер эсептелет жана ал жерде түбөлүк калышат. Төө ийненин көзүнөн өтө албагандай эле, Аллах Таалага шерик кылгандар да ошондой шартта тозоктон чыга алышпайт.
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам)тозок ээлеринин жаман, сараң жана текебер кишилер экенин айткан. Тозок бул бардык нерсеси оттон жаралган, оттон бүткөн аалам. Азыгы, суусундуктары, кыскасы эмнени колдоно турган болсо ошол заттарынын бардыгы оттон, чоктон, жалындан болот. Ал тургай тозокто мөмө-жемиштер, жашылчалар да өсөт. Көрнөктөр, кийимдер, билерик, шакектер, бут кийимдер да жасалат. Анын бардыгы оттон жасалган. Чоктон жасалган кепич кийгизилгенде мээ кайнайт. Тозок ээлери бул азап ордунан эч качан чыга алышпайт.
Тозокулар да даражасына карай азапта калышат. От кээ бирлеринин таманын эле куйкаласа, кээ бирлерин тизесине чейин күйгүзөт. Кай бирин белине чейин, кай бирин акырегине чейин өрттөйт.
Тозок ээлери беш топтон турат. Алардын биринчиси акылын иштетпеген наадандар. Мындайлар күнүмдүк турмушта көп эле кездешет. Эч бир топко кошулбай, кайдыгер жүрүшөт.
Экинчиси: Ач көз, арамза кишилер. Булар кайда болбосун сөзсүз кыянатчылык кылышат.
Үчүнчүсү: Эртеби-кечпи, ыңгайы келсе эле бирөөнү алдап, мал-мүлкүн тоноп тургандар.
Төртүнчүсү: Сараңдар жана жалганчылар.
Бешинчиси: Жаман мүнөздүү, корс, орой кишилер.
Өз жанын өзү кыйгандар да тозокко кетишээри айтылат.
Бир күнү Пайгамбарыбыз "Оо, аялдар! Алла үчүн садака бергиле. Себеби, (силер аялдар) көпчүлүгүңөр тозок отунсуңар",—дейт. Себебин сурашканда: "Себеби, силер аялдар, күйөөлөрүңөрдүн жакшылыктарын билбей, алардан арызданасыңар"—деп жооп берет.
Аллах Тааланын берген нематтарына, жакшылыктарын кыянатчылык кылуу, ыраазы болбоо бул тозоктукка айлантуучу кылыктардан.
Башкалардын өзүнө жакпаган кылык–жоругун, жүрүш–турушун туурап,мазактап аны капа кылгандар, акыйкатты билип туруп адилетсиз өкүм жүргүзгөндөр, калкына адилетсиздик жасаган башчылар, акысы жок эле мүлктүн ээси болуп калгандар, пайгамбар жөнүндө жалган айткандар, текеберлер, эки жүздүүлөр, жалган күбөлүк кылгандар, зына кылган аялдар, рия кылгандар, элге көрсөтүү максатында жасалма ибадат кылган жана Куран окугандар, Пайгамбарыбыздын айтуусу боюнча тозок ээлери болушмакчы. Башкача айтканда, тозокко алып барчу иштерди жасашкан.
📚Акырет тууралуу суроо жооптор китебинен
🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев