Кайыпка ыйман келтирүүнү чыңдоо. Ар бир
пенде Аллах таала жана Пайгамбарыбыз алай-
хис салам айткан ар бир кайып нерселерге
ыйман келтирүүсү милдеттүү. Кыямат да ка-
йыптын катарына кошулат. Анын белгилерин
таанып-билүү, акыр заманга болгон ишенимди
чыңдайт.
• Кыямат күнгө даярданууга шарт түзөт. Кенебес-
тиктин уйкусунда жаткандарды ойготот. Дүй-
нөгө байланып калбастан тооба кылууга түртөт.
• Фыкых-укуктук маселелер менен шариаттык
өкүмдөрдүн баянын аңдоону шарттайт. Ми-
салы: Дажжаал келгенде бир күн бир жылдай
болот, бир күн бир айдай болот деп айтылат.
Ошондо намазды кантип окуйбуз деген суроого
Пайгамбарыбыз алайхис салам «Анын чен-өл-
чөмүн болжолдоп тактайсыңар!», деп ишаарат берген. Ошол себептүү биз айлап күн менен түн
алмашпай калган жерлердеги намаз окуунун
тартибин белгилейбиз.
• Пайгамбарыбыз алайхис саламдын акыр за-
ман белгилерин айтып берүүсү, ал белгилер-
дин ишке ашуусу, Пайгамбарыбыз алайхис са-
ламдын эбегейсиз чындык ээси экендигинен
кабар берет.
• Кыяматтын белгилерин билүү, бизди ал окуя-
ларды туура билүүгө жардам берет. Кыяматтын
белгиси болбогон нерсеге деле башын оорутуп
жүргөндөр бар эмеспи. Мисалы: Мусулмандар
Дажжаалды жакшы таанышат. Башка эле би-
рөө келип мен Дажжаал элем десе, ага ишен-
бейт. Себеби Дажжаалдын белгилери китептер-
де ачык-айрым айтылган.
• Келечектеги болоор нерсеге инсанияттын даяр
туруусу. Күтүүсүздөн болгон нерсе ар кандай
ыңгайсыздыктарды жаратуусу мүмкүн.
• Үмүт эшигин ачат. Себеби акыр заман белгиле-
ринин бири Ислам жер жүзүнө жайылат. Жөөт
жана тарса диндери жер бетинен жоюлат, жок
болот.
• Пенденин табиятынан болгон, көмүскөдөгү
нерсени билүү ынтызарлыгын кандырат. Ант-
пегенде, пенделер кыямат качан болот деп
сурап, «көзү ачык каапырлардын» соодасын
жүргүзүп жиберишет эмеспи, жыйынтыгында
ыймандан ажырап калышат.
🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев