*_
*Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.*
_Алланы зикир кылуу болобу, сабырдуулугуң болобу, кичи пейилдигиң болобу, айтор, кандай амалың болсо да, өзүңө жана айланаңа пайда берсин. Бир сөз менен айтканда, жаандай бол, сен барган жер жайкалып гүлдөп турсун. Сен келгенде адамдар сүйүнсүн, сени менен отурганда жан дүйнөсү азыктансын._
_Мындай, баскан-турган жерине бакыттын көчөтүн тиккен адамдардын бири *"Жаамиь ал-Усул"* баштаган бир топ китептин автору, хадис аалымы Шейх Абдулкадыр ал-Арнаутту жакшы билем. Шейх кайсыл жерге барбасын, кимдер менен отурбасын, пайдалуу гана сөз сүйлөп, кошо отургандарга да пайда бергенин көрүп жүрөм. Угармандарды сылык мүнөзү, жаркын маанайы, анан да жылуу-жумшат кеби менен бат эле айланасына топтоп алат. Айткандары элге ушунчалык жагымдуу болгондуктан, келгендердин көбү сөздөрүн жазып алып аткандарын көрөсүң. Ал отурган жерде кыйбат-ушакка убакыт табылбайт._
*_Мусулман так ушундай убакытка кайдыгер карабаган, айрыкча эл менен отурганда убакытты туура пайдаланган кыраакы болуусу кажет. Алланын аяттарын, шарият өкүмдөрүн, же дагы бир башка пайдалуу кеп-кеңештерди айтып, элдин убактысына да таасир этиши керек._*
📚_*Бакыттын сырын ачтым*_
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев