🌸🌸_*
*☘️Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.*
*Ыймандуу бирөө Аллах Таалага шерик кошкондон башка кандай күнөө кылбасын, тозокто күнөөлөрү күйгүзүлгөн соң кайрадан бейишке киргизилет. Кимдер бейишке киришет деген суроону биз ошол бейишке кирүүгө куштар пенделерди кайсыл амалдар бейишке киргизет деген мааниде түшүнүү менен, кайсыл амалдар кишини бейишке жетелээрин төмөнкүдөй тизмектеп берсек оң болоор:*
*_Аллах Таалага жана Пайгамбарына ыйман келтирип,жакшы иштерди кылгандар бейишке кирет._*
*_Эгесинен корккондор жана Анын алдында турганда уялгандар, ыйбаа кылгандар бейишке кирет._*
_*Сабыр кылгандар бейишке кирет.*_
*Аллах Таала тарабынан сыйлыкка ээ болушкан жакшы иштердин ээлери бейишке кирет.*
*Тообо келтирип, жакшы амалдарды жана аракеттерди кылгандар бейишке кирет*.
*Ар түрдүү жамандыктардан качкандар, "Ихлас" сүрөсүн жакшы көргөндөр, Аллах үчүн ыйлаган көздү, Аллах жолунда сергек жүргөн көздү тозок оту күйгүзө албайт. Ошондуктан ал бейишке кирет.*
*Аллах Тааланын токсон тогуз ысымын жаттагандар, Алланын жолунда ок жасаган, аткан, атуучуга жеткиргендер бейишке кирет*.
*_"Ким бул аятта айтылгандарды аткарса бейишке чыгат..."_*
_*📚Акырет тууралуу суроо жооптор китебинен*_
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев