_*
*☘️Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.*
*Кыйноолордун мекени болгон тозок арабча _"жаханнам"_ деп аталат. Жаханнамдын уңгусу "жахм" —катуу, түрү суук, түбү көрүнбөс терең ор дегенди билдирет. Тозок Куранда от, чоң тандыр, чок, азап, Сакар, жаза, Хутама жана Хавия деген аттары менен да айтылат.*
*Тозок дагы катмарлардан турат. Жети эшигинен жети түрдүү кишилер кирет. Тозок–бул оттон бүткөн дүйнө. Тамак–аш азыктары, мөмө-жемиштери, ал тургай суусундуктары да оттон.*
*Адам баласынын сегиз маанилүү мүчөсү бар. Алар: жүрөк, тил, кулак, көз, кол, бут, ооз жана жыныстык мүчөлөр. Булардын жетөө ачык, бирөө жабык мүчө. Ал жүрөк. Аллага байланган таза жүрөк жана жети мүчө Аллах Таалага баш ийсе, анда бейишке тиешелүү сегиз эшиктен кирсе болот. Бирок, рух карайлап, жүрөк эшиги жабылып калган болсо, сырттагы жети мүчөнүн бардыгы жана ар бири тозокко ачылган эшик болушат. Мына, бейиштин сегиз, тозоктун жети эшиги болгону ушундан.*
*Тозокто Вайл аттуу өрөөн бар. Каапыр ага кырк жыл чөксө да түбүнө жетпейт. Кайгынын ору болгон ал тозок өрөөнүнөн,тозок өзү күндө жүз жолу Аллага корголойт. Ал жерге кылган иштерин эл көрсүн деп жасаган аалымдар, хафыздар киришет. Эки жүздүүлөрдүн оттон бүткөн эки тили болот.*
*Тозокту 19 кароолчу периште кайтарат. Бул маалымат мурун түшкөн ыйык китептерде да баяндалган. Тозоктун топурагы ак ундай.*
*_📚Акырет тууралуу суроо жооптор китебинен*_
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4