
Жароокерим жан эрмегим секелегим.
Парк аралап кундо келет жетелегим.
Мен озундон асыл затым суранамын.
Мындан ары дайым мага эркелегин.
Карлыгачым аруу кымбат кереметим.
Келечекти бир сен менен элестеттим.
Мин тоскоол болсо дагы мен озуно.
Жетем дедим, жетем дедим, жетем дедим.
Жан жыргалым куу ыргагым сагынычым.
Озунду деп даяр турам баары учун.
Соз беремин сени менен бир болгонго.
Жумшаймын озумдогу болгон кучум.
Суйуктуум корбой калсам ашат кусам.
Когучконум оюмдасын жатсам турсам.
Жаным сыздап куйкаланып куйуп кетем.
Менден башка жигиттерге конул бурсан.
Роза гулум, назик унум, булбул кушум.
Ыр кулкунду келе берет дайым уккум.
Эгер кээде таарынып сен капалансан.
Бир тепкендей ооруп кетет журок тушум.
Автор Таир Ерматов


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4