Акыркы учурда заманыбыздын жаңы толкуну акылдуу телефондор үчүн ылайыкталган инстаграм аттуу программа кеңири жайылууда. Мен дагы аталган программанын активдүү колдонуучуларынын биримин. Аны менен колдонууну мага бийчи Атай Өмүрзаков үйрөткөн эле, эми минтип топтогон тажрыйбамды жалпыңыздар менен бөлүшүп, кызыктуу макала жазып чыгарууну туура көрдүм.
ИНСТАГРАМ ТУУРАЛУУ
Инстаграм (Instagram) – деген сөздүн мааниси англис тилинен которгондо «Instant» – «көз ирмем», «telegram» – «телеграмма» дегенди билдирип, «көз ирмемде жөнөтүлгөн телеграмма» деген маанини түшүндүрүп турат. Аталган программаны айфон жана айпадга жүктөп алып колдонсо болот, андан тышкары андроид платформасында иштеген телефондордун ээлери да инстаграм менен колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Бул программанын негизги функциясы сүрөт жана видеолорду көпчүлүк менен бөлүшүү. Сүрөттөр үчүн инстаграмда атайын филтирлөө бар. Жүктөлүүчү сүрөт алгач автоматтык түрдө квадрат формасына ээ болуп, андан соң сиз каалагандай филтирлөөдөн өтөт, кийин бир катар социалдык тармактарга жана жеке инстаграмдагы баракчаңызга баалануу үчүн чыгарылат. Аталган программаны 25 тилге которуп колдонууга болот.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев