Ноутбугуңуз катуу ысып, жай иштеп жана тез-тез өчүп кала баштадыбы? Анда төмөнкү макалага көңүл коюп, себептерин билип алыңыз.
НОУТБУК ЭМНЕДЕН УЛАМ ЫСЫЙТ?
Чаң
Көпчүлүк учурда ноутбуктун ысышы анын желдетүү системинин аба кирип-чыгуучу тешиктерин 5-10 миллиметр калыңдыктагы чаң каптап калгандыктан келип чыгат. Муздак абанын жетишсиздигинен процессор, видеочип жана башка бөлүктөр ысый баштайт. Андыктан жылына бир-эки ирет аталган системди чаңдан арылтып туруу керек. Бул үчүн ноутбуктун капкагын ачып, чаң соргучту этият колдонуу менен тазаласа болот. Ал эми желим жана темир бөлүктөрдөгү майланышып катып калган кирди кетирүү үчүн таякчанын башына кебезди ороп, аны спирт аралашмасына нымдап сүрүү керек. Эсиңизде болсун, энелик плата (материнская плата) жана микросхемаларга нымды жолотпоңуз. 10 мүнөтчө кургатып алган соң ноутбуктун капкагын жаап, дагы 20 мүнөтчө күтө туруп, анан иштете берсеңиз болот.
Термопласт жана термотөшөлмө
Чаңдан арылткандан кийин деле ноутбуктун ысыганы байкалса, анда желдетүү системинин иштөөсү толук кандуу жөнгө салынбаганынан кабар берет. Ноутбук иштегенде процессор менен видеочиптин муздап туруусун жакшыртууга орнотулган термотөшөлмө (термопрокладка) жана термопласт убакыттын өтүшү менен эскирет. Алар эскиргенде аба муздатуу солгундап, процессор катуу ысый баштайт да, анын жана видеочиптин күйүп кетүүсүнө жеткирет. Жогорудагы эки тетиктин кызмат мөөнөтү 5 жылга чейин. Эгер керектен чыкса, аларды алмаштыруу зарыл.
Желдеткич
Желдеткич ноутбуктун ичиндеги температураны жөнгө салып, муздатып туруучу эң негизги бөлүк. Анын бузулушу ноутбуктун иштөөсүнө терс таасирин тийгизип, процессор, видеочип сыяктуу кымбат тетиктери керектен чыгат. Андыктан желдеткичти өз убагында жаңысына алмаштыруу талап кылынат. Желдеткичтин иштөө мөөнөтү 2 жылдан 5 жылга чейинки аралыкты түзөт. Болбосо ноутбуктун кымбат бөлүктөрү керектен чыгып, оңдотууга көп каражат кетет.
Оюндар
Энергияны көп талап кылуучу графикасы мыкты деңгээлдеги оюндарды жүктөп ойноодон баш тартуу керек. Себеби алар бир нече сааттан бир нече суткага чейин тынымсыз иштей ала турган кубаттуу компьютерлерге ылайыкталган. Мындай оюндар ноутбуктун оперативдик системине, катуу дискине, видеокартасына күч келтирип, ысып кеткендиктен, бир сутка бою тынымсыз иштегенге мүмкүнчүлүгү жете бербейт. Ошондой эле көп саатка созулган оюн учурунда аккумуляторго да күч келет.
Ысык аба ырайы
Жайдын күнүндөгү ысык аба да ноутбуктун желдетүү системине кыйынчылык жаратат. Бул абалдан чыгуу үчүн жай айларында ноутбуктун алдына коюлуучу кошумча желдеткичти орнотуп иштөө сунушталат. Ошондой эле кыштын күнү ноутбукту каминдин, мештин, жылыткычтын жанынан оолак коюңуз.
Жууркан-төшөк абанын алмашуусуна тоскоолдук кылат
Ноутбуктун астыңкы бөлүгүндөгү тешиктерден муздак аба кирип, каптал бөлүгүндөгү тешиктери аркылуу жылуу аба сыртка чыгып турат. Андыктан аны катуу, үстү тегиз жерге коюп, астынан аба кенен кирип туруусуна шарт түзүү зарыл. Жууркан-төшөк, килемге же тизеге коюп иштөө ноутбуктун «өмүрүн» кыскартып, «ажалынан» мурда аңга түртөт.
АЛДЫН АЛУУ
Жогоруда айтылып өткөн маселелердин алдын алуу үчүн төмөнкү жагдайларга көңүл бурууну унутпаңыз:
Ноутбук ысып, бирок кошумча желдеткич жок болсо, анын монитору уланган тарабынын астына китеп коюп, абанын кенен кирүүсүнө жол ачса болот.
Жаңы үлгүдөгү ноутбуктарда желдетүү системине аба клавиатура жайгашкан бөлүктөн кирет. Андыктан иштөө учурунда клавиатуранын үстүнө кездеменин жабылып калуусунан этият болуу керек.
Бөлмөнүн ичин таза кармап, салкындатып туруңуз.
Кошумча желдеткич ноутбуктун өмүр сакчысы экенин биле жүрүңүз.
Эгерде биздин темабыз сизге түшүнүксүз болуп же нааразычылыгыңыз болсо бизге кайрылыңыз
»»» ok.ru/Abdyrashit.Satylganov
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 12
биздин топко катышуучу катары кошулунуз.Андан кийин сиздин сунушунуз каралып созсуз чыгарылат.
Биздин топтун шартына ылайык топтогу катышуучулардын гана сунушун кабыл алып тез арада сунушун орундатат
Эгер сизде стол жок болсо.китепке караганда кичинекей тактайча сунуш кылабыз.
Сиздин ноутбугунуз иштеп жатканда.болмодогу чандарды озуно тарта баштайт.чан полдо коп болот.андыктан ноутбукта иштеп жатканда сиз столдо иштегениниз абзел.стол устундо иштоо бул озунузго да,ноутбугунузга да пайдалуу.
Эгер болмогунуздун ичи ысык болсо,сиз ноутбугунузду маал маалы менен эс алдырып турунуз.себеби ноутбуг мындай абалда тез ысып кетет да.акыры барып катып калуу же кандайдыр бир оорууларга кабылып калышы ыктымал.
Сиздин ноутбугунуздун омуру узак болуусуна озунуз гана себебчи боло аласыз
Сиздин суроонуз толук болбой калыптыр.биздин тушунугубуз боюунча.ноутбугка алдын ала жардам беруу тууралуу сураган окшойсуз.
Негизинен Ноутбугка эн биринчи жардамчы болуп антивирус эсептелет.сиз ноутбугунузга антивирус орноткондон кийин.аны созсуз турдо козомолдоп туурунуз керек жана 1-жылдык антивирустарды убагы жеткенде дароо жанылоо абзел.
Дагы бир айта кетчу нерсе.ноутбугка озунчо точка болуусу керек.башака бир апараттарга кошуп сайып койсонуз.нотбугтун "блогу" кадимкидей тез эле ысып кетет.
Нутбугтун тубундо же капталында аба кируучу болук болот.аны жабып койбошунуз керек.эгер жайдын ысык маалында тез тез ысып кетсе анда шамалдуучу апаратты 2-3 метир алысыкта 15-20 мин.коюуп койсонуз эч кандай зыяны жок.
Урматтуу Гулнур айым мумкун сиз дагы суроонузду толуктап тактап берсиз деген умуттобуз...
Конул бурганынызга рахмат!!!!!