Дүйнө жүзү боюнча кыргыз балы мыкты деп табылды. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында “Кыргыз балчылар биримдиги” коомдук уюмунун президенти Казим Каракетов билдирди. Кыргыз балчылары 29-сентябрдан 4-октябрга чейин 140 мамлекеттин катышуусу менен Киев шаарында өткөн 43-Апимондия эл аралык конгрессине катышып келишти. Конгресске биринчи жолу катышып жаткан балчылар иш-чаранын алкагында өткөн сынактарда 5 номинацияда утушка ээ болуп, мыкты сапаты үчүн “Дүйнөлүк балчылар сыйылыгы” аттуу баш байгеге татыктуу болушту. "Аталган сыйлыктар кыргыз балына болгон ишенимди көбөйтүп, чет өлкөгө экспорттого шарт түзөт",-деди Казим Каракетов.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3