Эми америкалыктар көзү өткөн туугандары менен досторунан кат ала алышат. Же тескерисинче, каза тапкандан бир ай өткөндөн кийин жакындарына видео, аудиокаттарды жана сүрөттөрдү жөнөтө алышат. Мындай кызматты “Timelessmail.com” компаниясы жүргүзүүдө.
“Timelessmail.com” – 2001-жылдан бери иштеп келаткан үйбүлөлүк бизнес. Аны Лас-Вегаста Роберт жана Нэнси Уокер деген жубайлар ачышкан. Маркумдан кат алуу идеясы 3 жыл бою жетилип келген. Роберт менен Нэнсинин жакын тууганы дүйнөдөн кайтканы аларга катуу сокку болгон да, жубайлар оюн ишке ашырууну чечишкен.
Алгач баалары тууралуу. Өлгөнүңүздөн кийин жакындарыңызга кат жибергиңиз келсе, анда тирүү кезиңизде “Timelessmail.comго” жазылып, жыл сайын төлөмдөрүн төлөп турууңуз зарыл. Компаниянын өкүлдөрүнө сөзсүз түрдө социалдык фонддо катталган камсыздоонун номерин билдирип койгонуңуз шарт. Себеби, кишинин өлгөнүн же тирүү экенин социалдык фонддон гана билсе болот. Сайтта катталган кардарлар менен соцфонддун тизмесин салыштырып, “Timelessmail.comдун” кызматкерлери жакындарга кат жиберүү убактысы келгенин билишет.
“Timelessmail.comдун” тарифтик пландары бар. “Жөнөкөй” тарифине жазылган болсоңуз, өзүңүздөн кийин 20 билдирүү калтырып кетсеңиз болот. “Плюс” тарифинде 40 билдирүү менен сүрөттөр, ал эми эң кымбат “Премиум” тарифи боюнча 60 билдирүү, сүрөт жана видео жаздырып кетүүгө мүмкүн. Сиз көз жумгандан туптуура бир айдан кийин баалуу каттарыңыз эң көп 25 жакын адамыңызга жеткирилет.
Укмуштуу кызматтын ээлери: “Бизди баары эле түшүнө беришпейт. Кээлери жинди деп да ойлошу мүмкүн. Бирок, “Маркумдан кат” кызматынын максаты – жашоосунда айта албай калган сөздөрүн, сырларын өлүмүнөн кийин билдирүүгө мүмкүнчүлүк берүү”,- дешет. Компаниянын кызматын колдонуучулардын саны 2001-жылы 11-сентябрдагы Америкадагы каргашалуу окуядан кийин кыйла өскөн.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2