Интернеттеги издөөчү программаларга “суицид” деп суроо узатсаңыз, миңдеген жооптордун арасынан “өзүн-өзү өлтүрүүнүн жолдору”, “чогуу өлүүгө шерик издейм”, “өлүүгө эң ыңгайлуу жерлер” сыяктуу акылга сыйбаган жооптор чыкса таңкалбаңыз.
Суицидге арналган сайттарда өлүүнүн эң оңой жана тез ыкмаларын үйрөтүшөт. Өзүн өлтүрүүгө аракет кылган адамдар болсо “таблеткаларга караганда чычкандын уусу жакшы” же “секирүүнү чечсең, баланча көпүрө эң бийик” сыяктуу кеңештери менен бөлүшүшөт.
Мындай сайттардын арасынан “alt.suicide.holiday” эң көп “ийгиликке” жетишкен. Сайттын a.s.h деген баш тамгалары “күл” дегенди түшүндүрөт. ММКда бул сайттын эч ким тарабынан жабылбай жаткандыгы жөнүндө нааразычылык тараган. Сайт анонимдик түрдө иштегендиги үчүн аны жаап салуу оңойго турган эмес.
Бул сайтта өлүм тууралуу кеңири маалымат, “пайдалуу кеңештер”, сүрөттөр жарыяланчу. Жашоодон тажагандарды “өлүм бардык маселени чечет!” сыяктуу ураан сөздөр колдоп тураар эле. Мындай сайтка кирбей калган коноктордун жөн эле каттоодон чыгып кеткени же максатына жетип, өзүн өлтүргөнү ошол бойдон билинбей калат. 2003-жылга чейин бул коркунучтуу сайттын айынан расмий түрдө 14 адам каза тапкан.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5
адамды озуно тарттуучу кандайдыр бир создор жазылат.башкача айтканда жашоодон тойдунузбу анда олунуз деген создор коштолот.жогорудагы теманы сайттардан алганбыз.бул жонундо элге жар салуу эмес.жон гана коркунучттуу зыянкеч сайттардан сак болунуз деген максатта темалардын катарына кошконбуз.
Бул нерсе жонундо маалымат алуунуздан эч бир пайдалуу нерсе жарата албайсыз.сиз башка нерсе жонундо кенеш сурасаныз.анда биз сизге созсуз жардам беребиз!