Чыныгы турмуштан алынган кыргыз кызынын тагдырын баяндаган “Туман” сериалын калтырбай окуңуз.
... Акча азайды. Кыздардын бири башы жарылып, бети шишип жатат. Экинчиси жалгыз жумушка чыкпай, Гүкүнүн айласы кете баштады.
– Кыздар, иштешиңер керек.
– Биз өлүп калсак деле сизге баары бир да, ээ? Шаку ушул кебетеси менен кантип иштемек эле?
– Шаку айыкканча сен иштеп тур.
– Жок, жалгыз эч кайда барбайм!
– Анда мен сени менен чогуу чыгам.
– Сизби?
– Ооба
– Сизди ким алат?- Роза күлүп жиберди.
– Гүкү эже, мен деле Шакунун аркасы менен эле өтүп жатам. Узун-кыска болуп экөөбүздүн чыкканыбызды да элестете албайм. Убара болбой эле коюшубуз керек го.
– Тур деп жатам. Акча калбай калды.
Түн киргенде Гүкү менен Роза иштейбиз деп кетишти. Шайыр шыпты тиктеп ойлуу жатат. Ушул учурда Бишкекти эстеди. Бишкекке келген алгачкы күндөрү көз алдына тартылды.
ххх
Ал кезде Шайыр узун калың кара чачтуу, буралган сулуу кыз болчу. Көздөрү элеңдеп, шаарга келдим деп толкунданып алган жаш кыз тыпылдап апасынын артынан ээрчип, жогорку окуу жайларды кыдырып жүрдү.
– Арабаев эле жакшы. Кыргыз тилчи болосуң. Айылга турмушка чыгып калсаң да, үйдө отурбай мектепке кирип алып иштей бересиң,- апасы ушинтип айткан.
– Жо-ок, апа, ал жакка эмес!
– Анан кайда?
– Мен мугалим болбойм.
– Апей, ботом! Ошентип сүйлөштүк эле го. Башка жактын контрагын төлөй албайбыз да.
– Сиз эле ошентип жатасыз. Атам “каалаган окууңду танда” дебеди беле?
– Атаң сенин көңүлүңө карап айтып койду да. Кичине алыбызга карап иш кылсаңар.
– Мен эл аралык мамилелер факультетинде окугум келет.
– Анан? Аны бүтүп кайда иштейсиң?
– Билбейм,- чын эле билчү эмес.
– Жөн эле элди ээрчип айта бересиңби? Мугалим эле бол. Эч жакта жумушсуз калбайсың.
👇👇👇👇👇
Шайыр кандайча бул оор жашоого келген? Анын мындай жашоодо жашашына ким күнөөлүү? Каарманыбыздын жашоосу тууралуу өкүнүчтүү, кызыктуу баянды сериалдын кийинки сандарынан окуй аласыз.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3