
Каапырлардын пайгамбарыбызга ﷺ тил тийгизүүсү таң калыштуу деле эмес, өзгөчө мусулмандардын алсыз абалдарында. Ал эми, буга карата биздин милдетибиз төмөнкүлөр:
✅ Динибизди жана пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтүн бекем карманууга аракет кылуубуз; Келгиле, сезимдерге алдыргандардан эмес, иш жүзүндө аткаргандардан бололу!
✅ Мусулмандарды күчтөндүрө турган себептерди кылууга тырышуубуз; Ал себептердин эң маанилүүлөрүнүн бири – таухидди толук аткаруу жана ага даават кылуу. Анткени, муну таштоо – мусулмандардын алсыздыгына жана каапырлардын үстөмдүгүнө себеп болот.
✅ Пайгамбарыбыздын ﷺ өмүр-таржымалын жайылтуубуз жана балдарыбыз менен жалпы мусулмандарды ага ылайык тарбиялообуз;
✅ Исламга чакырууга болгон кызыгуубузду дагы да арттыруубуз. Анткени, ал кеңири жайылууда. Айрыкча, Европада. Анын ичинен да Францияда. Ошого, диндин жайылуусун токтотуу үчүн да, ушул сыяктуу иштер уюштурулган болушу мүмкүн;
✅ Ошол пайгамбарыбызга ﷺ акаарат келтирген сүрөттөр унутулуп, жок болуп кетүүсү үчүн, аларды таратпообуз;
✅ Каапырлардын акааратына, алардын мусулман элдерге ого бетер үстөмдүк кылууларына жана дааватты алсыздатууга жол ача турган иштер менен жооп кайтарбообуз;
✅ Бийлик башчыларынан аша түшүп, пайда-зыянын алар жакшыраак билишкен талаптарды коюу менен чыкпообуз. Анан да мындай талап коюулар жүрөктөрдү бийлик башчыларды жек көрүүгө толтурат. Бул болсо пайдасы жок, зыян берчү иштерден. Ал эми, ынтымактын кетүүсү каапырларды эле кубандырат.
✅ Мусулман адам, пайгамбарды ﷺ шылдыңдаган уятсыздар үчүн Аллах Тааланын өзү жетиштүү экенине ишенип, жүрөгү тынчтануусу; Ислам дини болсо, сөзсүз жеңишке жетет жана ар бир үйгө баш багат.
Шейх Абдулазиз Ар-Раййис
-----------------------------------------
↘️ Жакшылыкка себепчи болуп, бөлүшүп коюңуз!
Telegram: https://t.me/sunnotko_bagyt WhatsApp: https://chat.whatsapp.com/JShwGg1jfp2KmQWn8LSn8I -----------------------------------------
© Сүннөткө багыт


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев