Азыр да мен сени ойлоп жатам. Ооба, жакшы кором. Сен мен жонундо ойлойсунбу?
Ошол сени менен откоргон кундор, кандай гана бактылуу болчу.
Эмнеге сенин туугандарына жакпадым? Куноонун баары менин уй булоомдун колунда жоктугунда болуп калды. Мен сени бир эле жолу волейбол аянтчасынан кордум. Чогуу волейбол ойнодук. Досун менен- Уйуно жеткирип коеюн?-деген сунушуна. Макул болбой койдум. Артыман ээрчип уйумо чейин келдин. Кайдан билейин. Эртеси жалынып ыйлаганыма карабай ала качып кеттин. Уйумдогулор жакшы жер экен деп, калтырып коюшту. Башында баары эле жакшыдай сезилди. Бирок, кундор откон сайын баары озгоруло баштады. Туугандарын, апан да ачык эле менин жакыр уй булоодон экеними бетиме сала башташты. Мен силер учун эч кимдей сезиле баштадым.
Ошол жылы кыш да очошуп катуу болду. Силердин малынар коп болгондуктан, айылдын четинде сарайда карайт болчунар. Кундо аларды суугарганы барат элем. Тизеден кар кечип жыртык галош менен. Аралык жарым сааттык жол. Уйго келгиче тонуп, буттарым суу болуп калат эле. Ошонун айынан эрте жазда ооруп, ысытмалап жатып калдым. Эч кимин алымды сурабадынар. Сурамак тугул,- Уяты жок. Жаны келин да тушко чейин уктайбы? Такыр эле кок бет. Эмнесине чиренет .-деп, суйлонушту. Ооба, унчукбай кутулат болчумун. Бир гана сен тушунот элен. Акырында болбой калтырак басып ордуман тура албай калганымда кыжаалат болуп ооруканага алып бардын. Бойрогу катуу шамалдаптыр, ооруканага жатыш керек- деп врачтын безтлдегенине карабай, апандан коркуп дары, уколдорду жаздырып уйго алып баса бердин. Дарыларды да толук ала албадым. Азыркыга чейин бойрок оору менен алышып келем.
Ооба, мен сага жакшы аял болгонго аракет кылдым. Экообуздун бири бирибизге жакшы суйлоп, кулгонубузду корушкондо созсуз ошол куну токмок жээр элем. Бир жыл экообуз бала куттук. Боюмда болбой койду. Бир гана сен мени коргойт болчусун. Барган сайын туугандарынын тилине кирип урганын кобойуп баштады.Чыдадым. Бирок,ошол куну сабап , ооруканага тушуп калдым. Боюмда бар экен эле тушуп калыптыр. Ошол боюнча уйуно кайтып барбадым. Сен да келбедин. Бир жолу мени жолдон коруп калып. Жаныма келип- Кандайсын? Кечир мени. Мен сени жакшы кором. Бирок уйумдогулор каршы болуп туруп алды. Эч нерсе кыла албадым. Аларга очошуп сени да азапка салдым- деп ыйладын. Ошол боюнча сени корбодум.
Азыр кудайга шугур уй булоом, балдарым бар. Тушунуктуу жолдошум бар. Бирок, баары бир сени сагына берем. Элдердин арасынан коруно калса экен деп издей берем...

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2