Кээде анын сүрөтүн карап, жашоосу тынч экенин билген жетиштүү.
Качан сүйүү бүткөндө, бирөөсү сөзсүз жабыр тартат. Эгер, эч кимиси азап чекпесе, анда сүйүү болгон эмес. А эгер, экөө тең кыйналышса, анда сүйүү өлгөн жок.
Жашоодо өзүң менен өзүң бол. Кимдир бирөөгө жагынуу учун келген эмеспиз.
Жашоо - мага милдеттүү деп, оюңардан адашпагыла.Жашоо - силерге чейин болгон жана эч нерсе карыз эмес.
Эгер сенде кыйынчылык болуп жатса демек, сен туура жолдо баратасың.
. Өч алуунун ордуна кечир, аны жашоо өзү кантип жазалаарын көрөсүң.
. Түйшүктөр - сени сындырууга эмес, алдыга аракет кылууга мажбурлаш керек.
Жалгыз болуу жаман. Бирок, бирөөнүн алдында жалгыз болуу, мындан да оор.
Адамдар кызык. Мага кандай мамиле кылышса, өздөрүнө жараша жооп берсем, таң калышат.
Жоготуп албоо үчүн, баалаганды билели.
Бакытты кийинкиге калтырууга мүмкүн эмес. Бугун бактылуу болуу керек.
Кайгыны, азапты, ооруну сезбеш үчүн, таштан жүрөк жасап алгым келет.
Кооз сүйлөгөн миң адамдын ичинен мен, унчукпастан иш жүзөсүндө көрсөткөн адамды тандайм.
. Кокустук кездешуу болбойт. Бул же сыноо, же жаза, же тагдырдын белеги.
Сулуу кыздардын жакшы жагы болбойт. Анткени, кээ бир көралбастар ар нерсени ойлоп табышат.
Эгер сен, бирөөнү кыйынчылыкта жүргөнүн көрсөң, Алла аны сынап жатат деп ойлобо, бул сага да тиешелүү. Сенин ошондо эмне кылаарың, жардам берээр бекенсиң же жокпу, мына ушунда?..
Сенин бирөөгө ишеничиңди бергениң, анын колуна бычак берген менен барабар. Ал бычак менен сени коргойт, же жок кылат.
Кызды алдоо, уруу, капа кылуу оңой. Бирок, кайра артка кайтаруу татаал.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10