Курани карим окуп жаткан кезде сүйүктүү Пайгамбарыбыздын ысымын укканда дароо ошол мубарек ысымды урматтоо жана сүйүү керек. Көп ниматка жетет. Муса алейхиссаламдын заманында эч ким жактырбаган, күнөөкөр бир адам бар эле. Бир күнү ал киши өлөт. Айланасындагылар ушул да адамбы деп таштандыга алып барып ыргытып салышат. Аллаху таала Муса алейхиссаламга: «Менин баланча жердеги таштандыда олуя бир кулум бар. Аны ал жерден чыгарып, тазалап, жаназасын окуп жерге бер», - деп буйрук кылды. Муса алейхиссалам алиги адамды таштандыдан чыгарып, жакшылап жууп, кепиндеп, жаназасын окуду. Муну көргөн эл таң калды. Жерге бергенден кийин Муса алейхиссалам ал адамдын үйүнө келип:
-Эй, аял, бул адам эмне кылган, кандай жакшы амал кылган? – деп сурайт. Аял:
-Эй, Аллахтын Расулу, эч ким аны жакшы көрчү эмес, баары андан качышчу, анын эч кандай жакшы амалы жок болчу.
-Эч бир жакшылыгы жок эле, ар дайым күнөө кылчу, - дейт. Үч жолу сурайт:
-Анын сөзсүз түрдө бир жакшы иши бар, Аллаху таала мага аны жерге берүүмдү буюрду, - дейт. Ошондо аял мындай дейт:
-Бир күнү Тоорат окуп жаткан кезде Мухаммед алейхиссаламдын Ахмет деген ысымын кездештирет. Бул кандай көркөм ысым деди, дагы да окуп, бул кандай көркөм ысым. Анан, эй, Раббим ысымы ушундай көркөм болгон адам ким билсин өзү да көркөм чыгар, «мен ага ашык болдум» деп ыйык ысымын өпкөн эле.
Муса алейхиссалам - болду, эми түшүнүктүү, - дейт. Мындай Пайгамбарга үммөт болуу эң чоң нимат.
Бир адам ишенип Мухаммед алейхиссаламды бир жолу көрсө, жанынан, жада калса, аркасынан көргөн болсо же эгер көзү сокур болуп ыйык үнүн бир жолу уккан болсо жана ыйман келтирсе бүткүл илимдер (жаратылыш таануу жана дин өкүмдөрү жана бүткүл үстөмдүктөр) ага берилет. Бул нерсе бойокко салынган кездеменин бойокту сиңирип алуусуна окшойт. Бүткүл үстөмдүктөр жана илимдер ага өтөт. Ошол себептен сахабалардын бардыгы мужтахид эле. Алардын даражасына эч ким жете албайт, бул жогорку даражаларга алар гана татыктуу.
⭐ Ислам Нуру кызматы.
⭐Бизге катталыңыздар:⭐
⭐Агент: islam_kg_nuru@mail.ru ⭐√ Одноклассник: http://ok.ru/islamnurukg ⭐√ Facebook: https://www.facebook.com/groups/islamnurukg/ ⭐√ Мой Мир: http://r.mail.ru/clb4866576/my.mail.ru/mail/islam_kg_nuru/?type=PERSON&uid=189681918500880164 ⭐√ ВКонтакте: http://vk.com/islamnurukg

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев