"Курандын ички жана сырткы мааниси" -
дегени анын сырткы маанисин ар ким түшүнөт.
Ошондой эле анын ички мааниси бар, аны ар
ким түшүнө бербейт. Ошондуктан
Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи ва саллам)
өзүнүн хадисинде түшүндүргөн. "Кимде-ким
Куранды өз ою менен айтса, эгер ал туура болсо
да ал катачылык кылды".
Кээ бир уламалар "сырткы" - дегенди Курандын
сөздөрү дешкен. Ар бир киши аны окууда
бирдей. "Ички" - дегендин мааниси Курандын
маанилери жана түшүнүктөрү деп айтышкан.
Анда ар ким өз илимине жараша ар түрдүү
болот.
Абдулла Бин Масьуд (разияллоху анху) айткан:
"Эгерде силер илимди кааласаңар, анда
Курандын маанилерине ой жүгүрткүлө, аларда
мурункулардын жана кийинкилердин илими
бар". Ал эми Курандын мааниси үчүн анын
шарттары жана адептери бар. Аны сактоо өтө
зарыл нерсе. Бүгүнкү күндөгүдөй эмес, бир аз
арапча сөздөрдү билип алып же болбосо эч бир
сөздү билбестен Курандын котормосун карап
алышып өз ойлорун айтып башташат.
Илимдүүлөр Куранды чечмелөө үчүн 15 илимди
билүү зарыл экендигин айтышкан. Убакыттын
тар болгондугунан ушул тууралуу кыскача айтып
өтөм (китептин автору). Курандын ички
маанилерине жетүүгө ар кимдин эле билими
жетпегендиги ушундан маалым болот:
1) ЛУГАТ (сөздүк) - андан Курандагы ар бир
сөздөрдүн маанилери билинет. Мужахит
(рахматуллахи ьалайхи) айткан: "Кимде-ким
Алла Таалага жана Кыямат күнүнө ыйман
келтирсе, анда ал арабча сөздөрдү билбестен
туруп Курандын мааниси туурасында ооз
ачпасын". Бир нече сөздөрдү үйрөнүп алуу да
жетиштүү эмес. Себеби бир нече маанини
билдирген кээ бир сөздөр бар. Ал болсо ошонун
ичинен бир же эки маанисин билет, бирок ал
Курандагы түшүнүк эмес башка түшүнүк болуп
калат.
2) НАХВИ (грамматиканы) - билүү да зарыл,
себеби иьроб өзгөргөндө сөздүн мааниси да
толугу менен өзгөрүп кетет. "Иьроб" - бул арап
сөздөрүнүн эң акыркы тамгасынын асты жана
үстүнө коюла турган белги. Иьробту нахвини
үйрөнгөндө гана билет.
3) САРФ - илимин билүү да зарыл, себеби
сөздүн уңгусу өзгөрсө сөзсүз мааниси да өзгөрүп
кетет. Бин Фарис (рахматуллахи ьалайхи)
айткан: "Кимде-ким сарф илимин жоготсо, ал
көп нерсени жоготуптур". Аллама Замахшари
(рахматуллахи ьалайхи) "Аьжубати тафсир" де
жазган, Куранда "Биз ошол күнү ар бир
инсанды анын жол баштоочусу менен
чакырабыз" (17. Бани Исраил: 71).
Башчысы менен бирге - дегенди сарфты
билбегендиги себебинен бирөө мындай деп
которгон: "Ошол күнү ар бир инсанды анын
энеси менен бирге чакырабыз".
4) ИШТИКОК - муну билүү да өтө зарыл. Себеби
сөз качан эки тамырдан чыга турган болсо,
анын түрдүү мааниси болот.
5) ИЛМИ МАЬААНИ - ни да билүү зарыл. Андан
сүйлөмдүн ачык жана жашыруун мааниси бир
нерсеге салыштырмалуу экендигин билип
аласың.
7) ИЛМИ БАДИИЬ - бул илимден сүйлөм
айтылганда анын кооздугу, көркөмдүгү билинет.
Ушул үч илимди "илму балагат" деп аташат
жана Муфассир Куранды чечмелөөчү үчүн эң
керектүү илимдерден болуп эсептелет. Себеби
Куран башынан аягына чейин муьжиза (таң
калтыруучу). Ушул илимден Ыйык Курандын
муьжизаларын билүүгө болот.
8) ИЛМУ КЫРААТ - муну билүү зарыл, себеби ар
түрдүү кырааттардан ар кандай маани чыгат.
Бир маанисине караганда экинчи маанисине
үстөмдүүлүк берилет.
9) ИЛМУ АКОИД - ди билүү зарыл, себеби
Куранда кээ бир аяттар бар, анын сырткы
мааниси Алла Таала үчүн айтылуусу туура эмес.
Ошондуктан аяттын башка ылайыктуу маанисин
(тавиил) чыгаруу зарыл. Мисалы: "Алланын
колу алардын колунун үстүндө" (48. Фатх: 10).
10) УСУЛУ ФИКХ - мындан далил чыгаруу
жолдору билинет.
11) АСБАБУ НУЗУЛ - аят кайсыл учурда, эмне
үчүн түшкөндүгүн билүү. Аны билгенден кийин
аяттын мааниси кеңири түшүнүлөт. Кээде
аяттын негизги мааниси - анын эмне үчүн
түшкөндүгү билингенден кийин гана маалым
болот.
12) НАСИХУ МАНСУХ - ту билүү зарыл. Өкүмү
өзгөргөн аяттар амал кылынып жаткан
аяттардан айырмалансын.
13) ИЛМУ ФИКХ - Ислам мыйзамдарын үйрөнүү.
Шарият өкүмдөрүнүн майда бөлүктөрүн
үйрөнгөндө, анын негизги алынган жери да
билинет.
14) Курандын кыскача айтылган аяттарынын
чечмелениши тууралуу айтылган хадистерди да
билүү зарыл.
15) Ушулардын бардыгынан кийин ИЛМУ
ВАХБИ. Аны Алла Таала Өзүнүн өзгөчө
пенделерине берет. Ушуга карап хадисте да
көрсөтүлгөн.
"Кимде-ким билгенине амал кылса, Алла Таала
ал киши билбеген илимди берет".
Али (разияллоху анху) да ушуга тиешелүү бир
сөз айткан. Бирөөлөр: "Сизге Пайгамбарыбыз
(саллаллоху алейхи ва саллам) өзгөчө илим
үйрөткөнбү же башка элдерге айтпастан сизге
гана осуят кылганбы?" - деп сураганда Али
(разияллоху анху): "Бейишти жана жанды
жараткан Затка касам! Алла Таала Өзүнүн сөзүн
(Куранын) түшүнүү үчүн элдерге берген
түшүнүктөн башка эч нерсе билбейм" - деп
жооп берди.
Бин Абид Дуня (рахматуллахи ьалайхи) айткан:
"Курандын илими жана андан чыккан нерсе
жээги жок деңиз сыяктуу".
Жогоруда айтылып өткөн илимдер Куранды
чечмелөөчү үчүн аспап сыяктуу. Эгерде кимдир
бирөө ушул илимдерди билбей туруп Куранды
чечмелей турган болсо, анда ал өз ою менен
чечмелеген болуп эсептелет, андай кылууга
шариятта тыйуу салынган. Сахабалар
(разияллоху анхум) өздөрүнүн тили арап
болгон, ал эми калган илимди алар
Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи ва саллам)
дын илим чырагынан алышкан.
Аллама Суюти (рахматуллахи ьалайхи) айткан:
"Сен илму - вахбини алууга инсандын кудурети
жетпейт" - деп ойлосоң керек. Чындыгында
мындай эмес. Аны алуунун жолу - анын
аспабын алуу. Ал аспаптар аркылуу Алла Таала
ошол илимди берет. Мисалы илимге амал
кылуу, дүнүйөгө кызыкпоо жана башка ушуга
окшогондор.
"Кимия-и-Саьадат"та жазылган: "Куранды
чечмелөөдө үч түрдүү адам аны түшүнө албайт.
1) Арап тилинин илимин билбеген адам. 2) Чоң
күнөөнү күнөө деп эсептебеген же бидьат
жасаган (динде жок нерсени дин деген киши).
Ошол күнөө жана бидьаттын себебинен анын
жүрөгү караят да ушул себептүү Куранды
түшүнө албайт. 3) Иьтикад (ишеним) жагынан
сырткы түшүнүккө ишенет. Курандагы
жазылгандан ага каршы боло турган болсо жана
анын көңүлүнө туура келбесе, мындай киши да
Куранды түшүнө албайт.
"Эй Алла, бизди мындайлардан сакта".
"Фазаил амал" китебинен.
.
Группага катталыңыздар:√ http://www.ok.ru/group51976627683460

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев