Ал Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде республикада күйүүчү-майлоочу майдын баасы жогору бойдон калып жатканын белгилеген.
"Биз Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен меморандум түздүк, келишимдик милдеттенмелер бар, бардык документтерге кол коюлган. Бизди дизель майы менен камсыздоодо үзгүлтүккө учурабайт деп ишендиришти. Быйыл мамлекет дыйкандарга 6 миллион литр күйүүчү майдын бир литрин 65 сомдон, базар баасынан арзан бөлүүдө. Бул күйүүчү май Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу сатылат. Дыйкандар аны айрым май куюучу жайлардан талон аркылуу алышат", — деди Довлетов.
Ал кошумчалагандай, күйүүчү май алуу үчүн дыйкандар Айыл чарба министрлигинин аймактык агрардык өнүктүрүү башкармалыгына каттоодон өтүшөт.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев