"Төрөбай Кулатов" турак жай комплекси
2 блоктон турган, Бишкектин экологиялык жактан таза районунда жайгашкан бул комплекс кирпич-монолиттен салынып жатат. Жашоо үчүн баардык шарттары түзүлгөн турак жайынын артыкчылыктары абдан көп. Сейилдөө үчүн Гареев атындагы ботаникалык багы жакын жерде жайгашкан. 88-орто мектеп, бала бакчалар, поликлиника, коомдук мончо, супермаркеттер, спорт борбору сергек жашоо мүнөзүн алып барганга жакшы шарт түзөт. 1-2-3-4 бөлмөлүү үйлөр салыштырмалуу кенендиги менен айырмаланат. Алар 57 чарчы метрден 128 чарчы метрге чейинки аянтты ээлейт. Баардык шарттары бар, короосу тосулган, жер астындагы, жер үстүндөгү унаа коюучу жайлар, балдар үчүн аянтча, автономдуу жылытуу системасы баары заманбап үлгүдө экени кубандырат. Үйдүн сырты сары таш менен жасалгалангандыктан, сапаттуу гана эмес, кооз болуп көз жоосун алып турат.
Whatsapp +996704111124
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев