Президенттик аппараттын жаңы имаратынын курулушу аяктоо алдында турганын президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына билдирди. Анын айтымында, имаратка жакшы ат берүү керек.
"Ар кандай сунуштар түшүүдө. "Ак Ордо", "Кут Ордо", "Айкөл Ордо", "Ынтымак Ордо" деп атоо сунуштары түштү.
Жалпы элдин сунуштарын, пикирлерин угайын деп чечтим. Анткени бул ат түбөлүк калат.
Тарых болот.
Дагы башка аттарды каалагандар болсо сунуштарыңызды бериңиздер.
Сөзсүз түрдө эмне үчүн ушундай атоону сунуштап жатканыңыздын себептерин жаза кетиңиздер",-деп жазды Жапаров.
Кызыктын баары Телеграмда 👇
Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор
Телеграм каналыбызда
Катталыңыз 👇 Бөлүшүңүз https://t.me/azamatlive
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев