УКМК төрагасы генерал-лейтенант Ташиев К.К. 2022-жылдын 16-сентябрындагы кагылышууда жаракат алган чек арачы Ш.Дастанга батирдин ачкычын тапшырды
Бүгүн, 2023-жылдын 19-сентябрында Министрлер Кабинетинин орун басары - Кыргыз Республикасынын УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Ташиев К.К. 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда согуштук жаракаттарды алган, чек ара кызматкери Шарипов Дастан Абдрасулович менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда, Министрлер Кабинетинин орун басары - Кыргыз Республикасынын УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Ташиев К.К. Шарипов Дастан Абдрасуловичке Бишкек шаарындагы 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.
Мындан сырткары, КР УКМК төрагасы согуштук аракеттерде эрдикти жана духту көрсөткөн уулду тарбиялап өстүргөн Дастан Шариповдун ата-энесине терең ыраазычылык билдирди жана өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү экендигин белгиледи, ошондой эле Ташиев К.К. согуштук аракеттерге катышкан баатырлардын эмгегин мамлекет эч качан унутпай турганын кошумчалады.
Маалымат иретинде: 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда Д.Шарипов минометтун жарылуусунан жаракат алып, оң бутунун тизесинен ылдый жагынан айрылган, ошондой эле сол бутунан күйүк алып, денесинен майда темирдин сыныктары алынган.
Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор
Телеграм каналыбызда
Катталыңыз 👇 Бөлүшүңүз https://t.me/azamatlive
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев