2.03.2021
Өкмөттүн өкүлү Жарасул Абдураимов Кара- Суу районундагы "Artel" ишканасы менен таанышты.
Ишкананы кеңейтүү боюнча сунуштарды талкуулашты.
Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Кыргыз- Өзбек биргелешкен «Артель Электроникс» ЖЧК жөнүндө
МААЛЫМАТ
Кыргыз- Өзбек биргелешкен «Артель Электроникс» ЖЧК Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Андижан айылында жайгашкан.
Жетекчиси Ибайдуллаев Хумоюнбек.
«Артель Электроникс» ЖЧКсы кир жуучу машиналарды даярдап чыгарат. Өндүрүлгон продукциянын көлөмү, бир айда - 2000 даана.
Өндүрүлгон продукциянын сатуу баасы даярдалуучу материалга жараша, бир кир жуучу машинанын баасы 5000 – 6000 сомго чейин.
Цехте иштеген жумушчулардын саны –80 жаран, жумушчу орундарды 100 го чейин жеткирүү пландаштырылууда.
Орточо эмгек акы 10000 - 15000 сомго чейин.
Иштеп чыгаруу цехтин аянты – 1000 чарчы метр.
Азыркы учурда муздаткычтарды иштеп чыгаруучу цехти ишке киргизүү пландаштырылууда.
«Имзо Кей Джи» ЖЧК жөнүндө
МААЛЫМАТ
Кыргыз-Өзбек биргелешкен «Имзо Кей Джи» ЖЧК (ОсОО) Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Андижан айылында жайгашкан.
Жетекчиси Мирзаев Хикмотилло Нематович
«Имзо Кей Джи» ЖЧКсы пластиктен эшик-терезелерди даярдап чыгарат.
Өндүрлгөн продукциянын көлөмү, бир айда - 2200 чарчы метр.
Өндүрүлгөн продукциянын сатуу баасы даярдалуучу материалга жараша, бир чарчы метри 35,0 тен 90,0 АКШ долларына чейин.
Цехте иштеген жумушчулардын саны – 40 жаран.
Орточо эмгек акы 10 638 сомду түзөт.
Ишкана жайгашкан жалпы жер аянты - 9 400 чарчы метр.
Иштеп чыгаруу цехтин аянты – 960,0 чарчы метр.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев