МЕН ӨНДҮРҮШТҮ ӨНҮКТҮРӨМ ДЕП ОЛТУРАМ"
8.02.2021
Бүгүн Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов Кара- Суу районунун жер боюнча комиссиясын кабыл алып, таштак жерди иштетүү боюнча ишкердин талабын аткаруу тапшырмасын койду.
Анткени, ишкер Ж. Тажибаев Шарк айыл өкмөтүнүн аймагында кайрак жер катары элге үлүшкө берилген 4 ГА аймакты эл таштак, асылдуулугу төмөн болгон үчүн иштете албагандан улам сатканда , жеке каражатына сатып алып, шагыл чыгаруучу ишкана куруп, ташын тазалап, келечекте бак өстүрүү сунушу менен келген. Бирок, ал ар түрдүү тосколлдуктардан улам, чечилбей Ош блусунун башчысына кайрылган.
"Мындай бюрократияны токтотуп, ишкерлерди ар тараптан колдоп, инвестиция тартпасак, биздин экономика эч качан өнүкпөйт. Ал үчүн жергиликтүү бийлик, тийиштүү жетекчилер кызыкдар болуңуздар !"-, деди Жарасул Абдураимов
Маалымат катары, бул аймак 1989-жылкы геологиялык бүтүмдө "Гипрозем" ишканасында кайрак, асыл жер катары катталган. Ошондон бери бир да жетекчи же тармак, ушул сыяктуу аймактарга тактоочу материалды өз демилгеси менен жөнөткөн эмес.
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укукту өкүлүнүн маалымат кызматы.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев