МОҢОЛДОР уруусу – кыргыздын оң канатына таандык уруулардын бири.
Генеалогиялык уламыштар боюнча Адигине, Тагайдын эжеси Наалыга байланышкан. Алардын биринде Көкө, Дайыр дегендер кыргызга келип туруп калып, Адигине, Тагай эжесин Көкөгө берет да, андан туулган балдар Моңолдор, ал эми таарынып казактарга кеткен Дайырдан тарагандар «жалайыр» (башка вариантында «албан») аталып калганы айтылат.
Моңолдор жөнүндөдө тарыхый маалыматтар алгачкы жолу Кытай тарыхый даректеринде («Си-юй туч-жи») кезигип, алар кыргыздын «Батыш Ордосуна» караштуу негизги төрт уруунун бири катары эскерилет.
Кыргыз санжырасы боюнча Моңолдор Баакы бийден тарап, «Бөгөнөк», «Улуу Кыйра», «Бала Кыйра», «Бай Моңол» деген негизги