Обонго
(тапшырык менен жазылды :) )
Сен мени издедиңби?
Сен мени издедиңби? Издедиң го,
Болсо да убактың аз, иштериң тоо..?
Береги тереземдин түбүндөгү,
Түшкөн из... балким сенин издериң го?
Cен мени эстедиңби? Эстедиң го,
Күн бою эсимден эч кетпедиң го.
Менин да жүрөгүмдө сага артынып
келаткан... айта турган кептерим тоо.
Сен мени күттүң го, ээ? Санаа менен,
Мелжиген мейкиндик, тоо, талаа менен,
Келет деп карек төшөп карадыңбы,
Камдалып айтчу сөздөр мага деген...
Кар кечип, шамал жиреп келем шашып,
Сабалап, канатымды кенен жазып...
Мен бүгүн сен жөнүндө сезимимди,
Сездирбей ырга айлантып берем жазып...
Ж.Исабаева