Мээрим төккөн, балапандай кезибизден.
Мээнетиңер кетпейт биздин эсибизден.
Миң түйшүктө талыкпастан өстүрдүңөр,
Кечиргиле жаза бассак сөзүбүздөн.
Тажабастан, тарбиялап карагандан,
Куш кылдыңар кичинекей балапандан.
Бийиктикке канат күүлөй уча алсак,
Бийик көрүп кетесиңер балаңардан.
Максатка жол көрсөтүлөт сөзүңөрдөн,
Мээримиңер байкалат да көзүңөрдөн.
Бизден эгер чоң келечек байкасаңар,
Артык көрүп кетесиңер өзүңөрдөн.
Билем, туям, кесибиңер ыйыктыгын,
Жүрөсүңөр жаш канаттын алып жүгүн.
Мен сиздерди айга көккө теңес ем да,
Сезип турам бул саптарым бүтпөстүгүн.
Мугалимдер билимдердин кенисиңер,
Өсүп жаткан келечектин демисиңер.
Билим берип чоң эшикти бизге ачкан,
Кутту болсун мына ушул жеңишиңер.
Автор: Надира Токтобаева
16/04/19.10:18.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 5