Дайыма жакшы иштин башында болуңуз
Бир киши маляр болуп иштеген кишиден кайыкты сырдап берүүсүн өтүнөт. Маляр макул болуп, сырдоого керектүү каражаттарын алып келип, кайыктын ээси сурангандай кылып, ачык кызыл түс менен сырдай баштайт.
Сырдап жаткан учурда кайыктын түбүнөн кичинекей тешикти байкап калат да, аны жамап коёт. Жумушун аткарып бүткөндөн кийин өзүнүн акысын алат да, жолуна түшөт.
Кийинки күнү кайыктын ээси устага келет да, ага сырдаганда алган акчасынан бир топ көбүрөөк суммадагы акчаны сунат.
Маляр анын бул ишине таң калат да, мындай дейт:
- Урматтуум, сиз мага кечээ акымды төлөп бергенсиз...
- Бул акчаны сырдаганыңыз үчүн эмес, кайыктын тешигин оңдоп ко